10-берене. Радиациялык кырсыкта калктын жана персоналдын
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу критерийлери
1. Коргоо иш-чараларын пландаштырууда жана радиациялык кырсык учурунда аларды өткөрүүдө дозалардын негизги чектери колдонулбайт. Калктын кырсыктан нурлануусу ушул техникалык регламентте аныкталган кийлигишүү деңгээлдерин киргизүү жолу менен чектелет.
2. Радиациялык кырсык фактысы боюнча же радиоактивдүү булгануу табылган учурда калктын нурлануусун чектөө максатында кийлигишүү курчап турган чөйрөгө жана (же) адамга карата колдонулуучу коргоо иш-чаралары түрүндө жүзөгө ашырылат.
Милдеттүү түрдө шашылыш кийлигишүү деңгээлдери 2 күндүн ичинде сиңирилген дозалардын төмөнкүдөй болжолдонгон маанилерине ылайык белгиленет:
| Орган же ткань | 2 күндүн ичинде органда же тканда сиңирилген болжолдонгон доза, Гр |
|---|---|
| Бүткүл дене | 1 |
| Өпкө | 6 |
| Тери | 3 |
| Калкан без | 5 |
| Көздүн кареги | 2 |
| Гонаддар | 3 |
| Түйүлдүк | 0,1 |
Милдеттүү шашылыш кийлигишүү катуу нурлануу оорусун болтурбоого багытталган иш-чаралар таризинде жүргүзүлөт. Мында коргонуу чараларынын саламаттыкка келтирген зыяны коркунучтуу нурланууну болтурбоонун натыйжасында жетишилген пайдадан ашпоосу тийиш.
3. Өнөкөт нурлануу учурунда өмүр өткөнчө милдеттүү кийлигишүүнүн деңгээлдери жыл ичинде сиңирилген болжолдонгон дозанын маанилерине ылайык белгиленет:
| Орган же ткань | Жыл ичинде сиңирилген болжолдонгон доза, Гр |
|---|---|
| Гонаддар | 0,2 |
| Көздүн кареги | 0,1 |
| Сөөктүн кызыл кемиги | 0,4 |
Милдеттүү кийлигишүү нурлануу ооруларын же нурлануу менен байланышкан адамдын органдарындагы функцияларынын олуттуу бузулушун жокко чыгарууга багытталган чаралар таризинде жүргүзүлөт.
4. Радиациялык кырсык чөлкөмүндө кырсыктык жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн А тобунун персоналына кирген адамдар гана, биринчи кезекте адистештирилген кырсык бригадаларынын мүчөлөрү тартылат.
5. Кырсыкты жоюуда же аны болтурбоодо А тобунун персоналынын пландаштырылган нурлануусунун дозалардын белгиленген чектеринен жогорулашына адамдарды сактоонун жана (же) алардын нурлануусун болтурбоонун зарылдыгы учурунда гана уруксат берилиши мүмкүн. Калктын нурлануусун пландаштырылган жогорулашына А тобунун персоналына киргизилген 30 жаштан өткөн эркектер үчүн гана, алар нурлануунун мүмкүн болуучу дозалары жана ден соолук үчүн тобокелчилик жөнүндө маалымат берилгенден кийин кат жүзүндөгү ыктыярдуу макулдугу менен жол берилет.
6. Жылына пландаштырылган 100 мЗв чейин натыйжалуу дозада жогорулатылган нурланууга жана дозалардын негизги чектеринин эки эселенген маанилерине чейин эквиваленттүү дозаларда нурланууга Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын уруксаты менен жол берилет.
Мурда кырсыктын натыйжасында же жылына пландаштырылган 100 мЗв ашуун натыйжалуу дозада же дозалардын негизги чектеринен эки эсеге ашкан эквиваленттүү дозадан нурланган адамдар үчүн пландаштырылган жогорулатылган нурланууга кийинки 5 жылдын ичинде жол берилбейт. Андан ары мындай адамдардын пландаштырылган жогорулатылган нурларга чалдыгуусу алардын макулдугун эске алуу менен, компетенттүү медициналык комиссиянын чечими боюнча эмгек иши мезгили ичинде 1000 мЗв дозадан ашпаган шартта, жекече тартипте гана уруксат берилиши мүмкүн.
7. Жыл ичинде 200 мЗв ашуун натыйжалуу дозада нурлануу түпкүлүгү коркунучтуу катары каралуусу тийиш. Мындай нурланууга чалдыккан адам токтоосуз түрдө нурлануу чөлкөмүнөн чыгарылууга жана медициналык изилдөөгө жөнөтүлүүгө тийиш. Иондун нурлануу булактары менен мындан кийин иштөөгө бул адамдарга компетенттүү медициналык комиссиянын чечими боюнча, алардын макулдугун эске алуу менен, жекече тартипте гана уруксат берилиши мүмкүн.
8. Калкты убактылуу көчүрүү үчүн кийлигишүүнүн деңгээлдери: убактылуу көчүрүүнүн башталышы үчүн - айына 30 мЗв, убактылуу көчүрүүнү аяктоо үчүн айына 10 мЗв. Эгерде бир айдын ичинде чогулган доза жыл ичинде көрсөтүлгөн деңгээлдерден жогору боло тургандыгы болжолдонсо, калкты туруктуу жашоочу жерге көчүрүү тууралу маселе чечилиши керек.
3 глава Радиациялык объекттерди эксплуатациялоодо персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылууда колдонулуучу классификациялар
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-10" title="10-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>