Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 4-глава
1. Радиациялык кырсык пайда болгон учурда ушул Мыйзамдын 10-беренесинин талаптарын эске алуу менен кырсыктын өрчүшүн токтотуу, иондуу нурлануу булагына контролду калыбына келтирүү жана нурлануу дозаларын жана нурланган адамдардын санын, өндүрүштүк жайлардын жана курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышын, кырсыктан келип чыккан экономикалык жана социалдык жоготууларды минимумга жеткирүү боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү керек.
2. Аймактын радиоактивдүү булганышына алып келген кырсыкта радиациялык кырдаалды контролдун жана болжолдоонун негизинде радиациялык кырсыктын чөлкөмү белгиленет. Радиациялык кырсык чөлкөмүнө радиациялык кырсыктын эсебинен калктын кризистик тобу үчүн жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашуусу мүмкүн болгон калктуу конуштар киргизилет. Радиациялык кырсык чөлкөмүндө радиациялык кырдаалга контроль жүргүзүлөт жана калктын нурлануу деңгээлдерин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылат.
3. Аймактын радиоактивдүү булгануусу менен ири радиациялык кырсык болгон учурда калкты коргоо чаралары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу төмөнкү талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат:
- радиациялык кырсыктын баштапкы мезгилинде коргоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө чечим биринчи 10 күндүн ичинде сиңирилген нурлануунун дозаларына жол бербөө чараларынын төмөнкү маанилерине жараша кабыл алынат:
| Коргоо чаралары ├─────────────────────┬──────────────────────┤ ├──────────┬──────────┼──────────┬───────────┤ | Биринчи 10 күндүн ичинде болтурулбоочу сиңирилген доза, мГр Бүткүл дене А деңгээли | Калкан без, өпкө, тери Б деңгээли | А деңгээли | Б деңгээли |
|---|---|---|---|---|
| Баш калкалоо | 5 | 50 | 50 | 500 |
| Йод профилактикасы: чоңдор балдар | - - | - - | 250(*) 100(*) | 2500(*) 1000(*) |
| Эвакуация | 50 | 500 | 500 | 5000 |
(*) Калкан бези үчүн гана:
- кырсыктын баштапкы мезгилинде булганган тамак-аш азык-түлүктөрүн жана ичүүчү сууну керектөө тууралу жана көчүрүү жөнүндө чечим эффективдүү дозаларды коргоонун ушул чаралары менен төмөнкү болтурулбоочу маанилерине жараша кабыл алынат:
| Коргонуу чаралары ├───────────────────────┬──────────────────────┤ | Болтурулбоочу таасирлүү доза, мЗв А деңгээли | Б деңгээли |
|---|---|---|
| Булганган тамак-аш азык-түлүктөрүн жана ичүүчү сууну керектөөнү чектөө | 1 жыл үчүн 5, 1/жыл андан кийинки жылдарда | биринчи жыл үчүн 50, 10/жыл кийинки жылдарда |
| Көчүрүү | биринчи жыл үчүн 50 | биринчи жыл үчүн 500 |
| Көчүрүүнүн бардык убактысы ичинде 1000 |
- кырсык болгондон кийинки биринчи жылы булганган тамак-аш азык-түлүктөрүн керектөөнү чектөө тууралуу чечим тамак-аш азык-түлүктөрүндөгү радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгүнүн төмөнкү маанилерине жараша кабыл алынат:
| Радионуклиддер ├──────────────────────┬───────────────────────┤ | Тамак-аш азык-түлүктөрүндөгү радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгү, кБк/кг А деңгээли | Б деңгээли |
|---|---|---|
| 131I, 134Cs, 137Cs | 1 | 10 |
| 90Sr | 0,1 | 1,0 |
| 238Pu, 239Pu, 241Am | 0,01 | 0,1 |
Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү А деңгээлинен ашпаса, калктын нормалдуу жашоо-турмушунун бузулушу, ошондой эле аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышына байланышкан коргоо чараларын аткаруунун зарылдыгы жок. Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү А деңгээлинен ашса, бирок Б деңгээлине жетпесе, коргонуу чараларын аткаруу жөнүндө чечим дайындуу жагдайды жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен негиздөөнүн жана оптималдаштыруунун принциптери боюнча кабыл алынат. Эгерде коргонуу иш-чарасы менен болтурулбоочу доза же радионуклиддин ченелген салыштырмалуу активдүүлүгү Б деңгээлине жетсе жана ашып кетсе, эгерде алар калктын нормалдуу жашоо-турмушунун, аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышынын бузулушуна байланыштуу болсо дагы тийиштүү коргонуу чараларын аткаруу зарыл.
4. Кеңири аймактарды узакка сакталуучу радионуклиддер менен булгаган радиациялык кырсыктын кийинки баскычтарында коргоо иш-чаралары жөнүндө чечим түзүлгөн радиациялык кырдаалды жана дайындуу социалдык-экономикалык шарттарды эсепке алуу менен кабыл алынат.
Радиациялык кырсыктын натыйжасында кырсыктык нурланууга кабылган жана булганган аймакта туруктуу жашаган калк үчүн жашаган мезгил ичинде топтолгон натыйжалуу доза кырсык болгон учурдан баштап аныкталат. Калк ичинде кырсыктан кийин турган адамдар үчүн эгерде кырсык болгон учурдан тартып туулган учуруна чейин 9 айдан ашык өтсө, жана кырсык болгон учурдан тартып эгерде 9 айдан аз өтсө эффективдүү доза бойго бүткөн учурдан тартып аныкталат. Булганган аймакка кырсыктан кийин көчүп келген калк ичиндеги адамдар үчүн натыйжалуу доза көчүп келген учурдан тартып аныкталат. Тобокелчилик топтору радиациялык кырсыктын кесепетинен радиациялык булганууга кабылган аймакта мурда турган бүткүл мөөнөттүн натыйжасында топтолгон нурлануу дозасынын чоңдугу боюнча, ошондой эле медициналык контролдун натыйжасы боюнча түзүлөт.
5. Радиациялык коргоо чаралары тартибинде калктын чарбалык жана социалдык иштерине кийлигишүүнүн зарыл деңгээли булганган аймактын чөлкөмдөргө бөлүнүшүнө ылайык аныкталат. Булганган аймакта төмөнкүдөй чөлкөмдөр түзүлөт:
- радиациялык контроль чөлкөмү - 1мЗвдан 5 мЗв чейин;
- калктын чектелүү жашоо чөлкөмү - 5 мЗвдан 20 мЗв чейин;
- көчүрүү чөлкөмү - 20 мЗвдан 50 мЗв чейин;
- ажыратуу чөлкөмү - 50 мЗвдан ашык.
Радиациялык контроль чөлкөмүндө курчап турган чөйрөгө, айыл чарба азык-түлүктөрүнө, калктын жана анын кризистик топторунун ички жана тышкы нурлануусунун дозаларына радиациялык мониторинг жүзөгө ашырылат, "кийлигишүүнү негиздөө" жана "кийлигишүүнү оптималдаштыруу" принциптеринин негизинде дозаларды төмөндөтүү боюнча, ошондой эле калкты коргоонун башка жигердүү зарыл чаралары жүзөгө ашырылат. Калктын жашоосу чектелген чөлкөмдө радиациялык мониторинг жана калкты коргоо чаралары жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоо үчүн ыктыярдуу кирүүгө чек коюлбайт. Көрсөтүлгөн аймакка туруктуу жашоо үчүн келип жаткан адамдарга радиациянын таасир этүүсү менен шартталган ден соолукка зыян келүү тобокелчилиги түшүндүрүлөт. Жашоо чектелген чөлкөмдө туруктуу жашаган калк саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген программага ылайык милдеттүү түрдө атайын диспансердик медициналык изилдөөдөн өтөт. Көчүрүү чөлкөмүндө көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоо үчүн кирүүгө уруксат берилбейт жана репродукциялык курактагы адамдардын жана балдардын туруктуу жашоосуна тыюу салынат. Ушул чөлкөмдө радиациялык мониторинг, адамдарды атайын диспансердик медициналык изилдөө жана зарыл радиациялык жана медициналык коргоонун чараларын жүргүзүү жүзөгө ашырылат. Бөлүнгөн чөлкөмдө туруктуу жашоого жол берилбейт. Чарбалык иштер жана жаратылышты пайдалануу атайын актылар менен жөнгө салынат. Милдетүү дозиметриялык контролдоо менен мониторинг жүзөгө ашырылат.
6. Радиациялык кырсык фактысы аныкталган бардык учурларда эксплуатациялоочу жана адистештирилген уюмдардын администрациялары тийиштүү мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарландырууга милдеттүү.
7. Өзгөчө кырдаалдар, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар радиациялык кырсык жөнүндө маалыматтардын радиациялык коргонуу жаатындагы адистерге тез келип түшүшүн жана алардын коргоо иш-чараларын иштеп чыгууга катышуусун, калкты радиациялык кырсыктан коргонуунун сунушталган ыкмалары жана каражаттары жөнүндө кабарландырылышын камсыз кылышат.
8. Кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө барынан мурда адистештирилген кырсык бригадаларынын мүчөлөрү тартылууга тийиш. Зарыл болгондо бул жумуштарды аткаруу үчүн персоналдын көпчүлүгү 30 жаштан ашкан, медициналык каршы көрсөткүчтөрү болбогон адамдар нурлануунун мүмкүн болгон дозалары жана ден соолук үчүн тобокелчиликтери жөнүндө маалымдалгандан кийин, алардын жазуу жүзүндөгү ыктыярдуу макулдуктары менен тартылышы мүмкүн.
9. Кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштар жана персоналдын ашыкча нурлануу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан башка иш-чараларды аткаруу жумуштун мүмкүн болуучу узактыгы, коргоонун кошумча каражаттары, катышуучулардын жана жумушту аткаруу үчүн жооптуу адамдардын фамилиялары аныкталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилген атайын уруксат боюнча радиациялык контроль алдында жүргүзүлүшү керек.
10. Майып болуу жаракаттары бар, химиялык ууланууларга же 200 мЗв ашуун дозада нурланууга кабылган адамдарды медициналык изилдөөгө жана дарыланууга жиберүү зарыл. Радиоактивдүү булганууга тушукканда адамдарды санитардык тазалоо жана булганган кийимди дезактивация жүргүзүлүү керек.
11. Курчап турган чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары калктын радиациялык булгануу чөлкөмдөрүндө жашоосунун өзгөчө режимдерин белгилешет, тийиштүү аймакта радиациялык кырдаал үчүн контролду жана калктын нурлануу дозаларын эсепке алууну камсыз кылышат.
12. Радиациялык кырсыктын натыйжасында радиоактивдүү булганууга кабылган аймактарда төмөнкүлөр жүзөгө ашырылуусу тийиш:
- эгерде бул доза 10 мкЗв/жылдан ашып кетүүсү мүмкүн болсо, аймактын радиоактивдүү булганышынын эсебинен калктын нурлануу дозаларын баалоо менен радиациялык контролдоо;
- калктын нурлануусунун башка негизги түрлөрүн радиациялык контролдоо;
- эгерде аймактын радиоактивдүү булгануусунун эсебинен калктын нурлануу дозасы 1,0 мЗв/жылдан ашып кетсе, нурлануунун бардык негизги түрлөрү боюнча дозаларды оптималдаштырып төмөндөтүү;
- эгерде аймактын радиоактивдүү булгануусунун эсебинен нурлануунун дозасы 0,1 мЗв/жылдан ашып, бирок 1,0 мЗв/жылдан ашык болбосо, калктын нормалдуу жашоо шартын, аймактын чарбалык жана социалдык функцияланышын бузбоочу оптималдаштырылган коргоочу иш-чаралары.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 10-берене. Радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-14" title="14-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>