Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Алардын потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин классификациясы
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
1. Радиациялык объекттин потенциалдуу коркунучтуулугу анын радиациялык кырсыкта калкка жана персоналга мүмкүн болуучу радиациялык таасири менен аныкталат.
Ишинин натыйжасында кырсык учурунда объекттин кызматкерлерин гана эмес, калктын да нурлануусу мүмкүн болгон радиациялык объекттер түбөлүгү кыйла коркунучтуу объекттер болуп саналат. Персоналга тиешеси болбогон адамдардын нурлануу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган объекттер кыйла коркунучсуз болуп саналат.
2. Потенциалдык радиациялык коркунучтуулугу боюнча объекттердин төрт категориясы белгиленет:
- I категорияга кырсык болгон учурда калкка алардын радиациялык таасири тийиши жана андан коргонуу чараларын талап кылышы мүмкүн болгон радиациялык объекттер кирет;
- II категориядагы объекттерде кырсыкта радиациялык таасир санитардык-коргоо чөлкөмүнүн аймагы менен чектелет;
- III категорияга кырсыкта радиациялык таасири техногендик объекттин аймагы менен чектелген объекттер кирет;
- IV категорияга кырсыкта радиациялык таасири нурлануу булактары менен иш жүргүзүлгөн жайлар менен чектелген объекттер кирет.
3. Радиациялык объекттердин категориясы аларды долбоорлоо баскычында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча белгиленүүсү керек.
4. Эгерде аянтта бир нече радиациялык объекттер жайгашкан учурда, түбөлүгү радиациялык коркунуч категориясы категориялардын эң жогоркусуна ылайык белгиленет.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-11" title="11-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>