Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Радиациялык коопсуздукту медициналык камсыз кылуу
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
1. Нурланууга чалдыккан персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугун медициналык камсыз кылуу медициналык изилдөөнү (медициналык кароону), ооруларды алдын алууну, ал эми зарыл болгон учурда саламаттыгынын абалы бузулгандыгы аныкталган адамдарды дарылоону жана реабилитациялоону камтыйт.
2. Иондуу нурлануунун булактары менен иштегендердин бардыгы (А тобунун персоналы) алдын ала (ишке кирүүдө) жана мезгил-мезгили менен алдын алуучу медициналык кароолордон өтүп туруулары керек.
3. Медициналык алдын ала кароолордон өтүүдөн баш тарткан кызматкерлер жумушка кое берилбейт.
4. Радиоактивдүү булганыч чөлкөмүнүн статусу белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте медициналык кароодон өтүшөт.
5. Персонал башка зыяндуу факторлордун таасирине кабылышы мүмкүн болгон учурларда (физикалык, химиялык, биологиялык ж.б.) медициналык коргоо чаралары бардык зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасирин айкалыштырууну эске алуу менен жүргүзүлүүсү тийиш.
6. Мезгилдүү алдын ала медициналык кароо жүргүзүлгөндөн кийин таасир берүүчү жагымсыз факторлордун комплексине ылайык, диспансердик каттоого алуу топторун бөлүү максатка ылайыктуу.
7. Ден соолугунун абалында өзгөрүү табылган персоналдардын ичинен иондуу нурлануу булактары менен иштөөнү улантууга тоскоолдук кылганы айкындалган адамдарды иондуу нурлануу менен байланышы жок ишке убактылуу же биротоло которуу жөнүндө маселе эмгектин санитардык-гигиеналык мүнөзүн, табылган патологиянын туруктуулугун жана оордугун, ошондой эле социалдык себептерди эске алуу менен ар бир дайындуу учурда жекече чечилет.
8. Мезгил мезгили менен медициналык кароолордо радиацияга көз каранды оорулардын пайда болуу коркунучу жогору дарылоону талап кылган адамдар айкындалууга тийиш, аларга карата алдын ала чаралардын тутуму жүзөгө ашырылууга тийиш. Оору табылган адамдар, алардын макулдугу менен амбулаториялык же стационардык дарыланууга, ал эми зарыл болгон учурда, реабилитациялоого жиберилүүсү мүмкүн.
9. Иондуу нурлануу булактары менен иш жүргүзүүчү уюмду тейлеген медициналык мекемеде кырсыктан нурлануу учурларына карата төмөнкүлөр болуусу тийиш:
- радиациялык контролдоо приборлору;
- тери катмарларын, күйүктөрдү жана жараттарды дезактивизациялоо каражаттары (радиоактивдүү заттары менен ачык иштөөдө);
- организмден радионуклиддерди чыгарууну тездетүү каражаттары;
- радиопротекторлор.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-9" title="9-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>