Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-февралы №106 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалышсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., №8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 153-статьяда:
- 2-пункттун "б" пунктчасындагы "жана оюн-зоок бизнесин жүргүзүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 160-берененин 1-пунктундагы "оюн-зоок жайларында" деген сөздөр алып салынсын;
-327-берененин 9-бөлүгүндөгү "оюн-зоок жайлары" деген сөздөр алып салынсын;
- 339-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "оюн-зоок ишин жүргүзүүчү ишкана жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 348-берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
349-берененин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 351-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "оюн автоматтары жана" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж, № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 33-берененин 4-бөлүгүнүн "д" пунктчасы алып салынсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4,195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 16-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
5-берене.
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-беренесинин отуз бешинчи абзацындагы "казино (анын ичинде интернет-казино), оюн автоматтары, электрондук рулеткасы бар оюн-зоок жайлар" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн "д" пунктундагы "кумар оюндарындагы" деген сөздөр алып салынсын.
7-берене.
Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштерине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы №191 Мыйзамынын 5-беренесин аткарууну көздөп ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты. Жогоруда аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык 2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштерине тыюу салынат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралды, тактап көрсөткөндө:
- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкердиктин жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (алалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды аткарган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери жана милдеттенмелери жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды жарыя кылуу жана декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына.
Ушул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама каршы келбейт. Бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт. Ушул Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган жобого жараша коомдук талкуудан өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык wеЬ-сайтына (www.gov.kg) жайгаштырылган.
Төрага
Ю.Тойчубеков
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Аракеттеги редакция | Сунуш кылынган редакция | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-жыл № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: | |||||||||
| 153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 2) "Кайрымдуулук уюму" - коммерциялык эмес уюм: а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө ашыруучу; б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу жана оюн-зоок бизнесин жүргүзүү боюнча иш-аракетти жүргүзүү менен алектенбеген; 10) "Лотереялык ишмердик" - топтук же массалык оюндарды уюштуруу боюнча субъекттин иш-аракети, анын жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу лотереяга катышуучулардын - лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу лотереянын байге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык ишмердик субъектинин эркине жана иш-аракетине жараша болбойт. Лотереялык ишмердикке ошондой эле тотализаторду уюштуруу иштери кирет. | 153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 2) "Кайрымдуулук уюму" - коммерциялык эмес уюм: а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө ашыруучу; б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу [жана оюн-зоок бизнесин жүргүзүү боюнча] иш-аракетти жүргүзүү менен алектенбеген; 10) "Лотереялык ишмердик" - топтук же массалык оюндарды уюштуруу боюнча субъекттин иш-аракети, анын жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу лотереяга катышуучулардын - лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу лотереянын байге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык ишмердик субъектинин эркине жана иш-аракетине жараша болбойт. [Лотереялык ишмердикке ошондой эле тотализаторду уюштуруу иштери кирет]. | ||||||||
| 160-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Бул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 1) "Утуштар" - оюндарга, лотереяларга, утуштарга, оюн-зоок жайларына, конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү ала турган натуралай жана акчалай төлөмдөрдүн, байгелердин жана башка кирешелердин ар кандай түрлөрү. | 160-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Бул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 1) "Утуштар" - оюндарга, лотереяларга, утуштарга, [оюн-зоок жайларына,] конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү ала турган натуралай жана акчалай төлөмдөрдүн, байгелердин жана башка кирешелердин ар кандай түрлөрү. | ||||||||
| 327-берене. Мүлк объектинин салык салынуучу наркын аныктоо тартиби 9. Ко тармактык (функциялык) коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: ┌──────────────────────────┬─────┐ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ ├──────────────────────────┼─────┤ └──────────────────────────┴─────┘ | 327-берене. Мүлк объектинин салык салынуучу наркын аныктоо тартиби 9. Ко тармактык (функциялык) коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: ┌──────────────────────────┬─────┐ Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы) ├──────────────────────────┼─────┤ Мейманканалар,оюн-зоок жайлар,ломбарддар, алмаштыруу пункттары ├──────────────────────────┼─────┤ Май куюучу станциялар ├──────────────────────────┼─────┤ Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер ├──────────────────────────┼─────┤ Коомдук тамактануу,соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар ├──────────────────────────┼─────┤ Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары ├──────────────────────────┼─────┤ Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борбор- лор, банктар ├──────────────────────────┼─────┤ Транспорт ишканасы автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары ├──────────────────────────┼─────┤ Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар ├──────────────────────────┼─────┤ Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар ├──────────────────────────┼─────┤ Санаторийлер, пансионат- тар, эс алуу үйлөрү ├──────────────────────────┼─────┤ Өнөр жай, курулуш ишканалары └──────────────────────────┴─────┘ | Маа- ниси 1,6 1,4 1,0 0,8 0,7 0,6 0,5 0,3 0,3 0,2 0,2 | Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы) Мейманканалар,[оюн-зоок жайлар,]ломбарддар, алмаштыруу пункттары Май куюучу станциялар Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер Коомдук тамактануу,соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борбор- лор, банктар Транспорт ишканасы автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар Санаторийлер, пансионат- тар, эс алуу үйлөрү Өнөр жай, курулуш ишканалары | Маа- ниси 1,6 1,4 1,0 0,8 0,7 0,6 0,5 0,3 0,3 0,2 0,2 | |||||
| 339-берене. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салмагынын ставкалары 6. Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө таандык жер участоктору үчүн Кк коэффициенти төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет. 7) оюн-зоок мекемелери жана дискотекалар - 7; | 339-берене. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салмагынын ставкалары 6. Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө таандык жер участоктору үчүн Кк коэффициенти төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет. 7) [оюн-зоок мекемелери жана] дискотекалар - 7; | ||||||||
| 348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары 1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары - салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт: 1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы; 2) бильярд кызматы; 3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат; 4) казино кызматы; 5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы; 6) дискотека кызматы; 7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы. | 348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары 1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары - салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт: 1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы; 2) бильярд кызматы; [3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат;] [4) казино кызматы;] 5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы; 6) дискотека кызматы; 7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы. | ||||||||
| 349-берене. Салык салуунун объекти, салыктык база жана салыктын ставкасы 2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктын ставкасы колдонулат: ┌──────────────┬────────┬────────┐ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ └──────────────┴────────┴────────┘ | 349-берене. Салык салуунун объекти, салыктык база жана салыктын ставкасы 2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктын ставкасы колдонулат: ┌──────────────┬────────┬────────┐ Ишкердиктин түрлөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ 1) Сауналар- дын, мончолор- дун кызмат көрсөтүүлөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ ├──────────────┼────────┼────────┤ 2) бильярд кызмат көрсөтүүлөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ 3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат көрсө- түүлөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ 4) казино кыз- мат көрсөтүү- лөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ 5) акча алмаш- тыруу бюросун кызмат көрсө- түүлөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ 6) дискотека- лардын жана түнкү клубдар- дын кызмат көрсөтүүлөрү ├──────────────┼────────┼────────┤ 7) сутка бою автотуруктар- дын кызмат көрсөтүүлөрү └──────────────┴────────┴────────┘ | Салыктык база 1 сауна, мончо, жалпы аянты: 150 кв.м чейин 150 кв.м ашык 1 стол 1 ойномо автомат 1 оюн стол 1 лицен- зиялуу обьект 1 диско- тека, түнкү клуб 1 ток- тоочу орун | Салыктык мезгил- деги са- лыктын ставкасы 30000 сом 50000 сом 10000 сом 10000 сом 300000 сом 20000 сом 100000 сом 100 сом | Ишкердиктин түрлөрү 1) Сауналар- дын, мончолор- дун кызмат көрсөтүүлөрү 2) бильярд кызмат көрсөтүүлөрү [3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат көрсө- түүлөрү] [4) казино кызмат көрсөтүүлөрү] 5) акча алмаш- тыруу бюросун кызмат көрсө- түүлөрү 6) дискотека- лардын жана түнкү клубдар- дын кызмат көрсөтүүлөрү 7) сутка бою автотуруктар- дын кызмат көрсөтүүлөрү | Салыктык база 1 сауна, мончо, жалпы аянты: 150 кв.м чейин 150 кв.м ашык 1 стол [1ойномо автомат] [1 оюн стол] 1 лицен- зиялуу обьект 1 диско- тека, түнкү клуб 1 ток- тоочу орун | Салыктык мезгил- деги са- лыктын ставкасы 30000 сом 50000 сом 10000 сом [10000 сом] [300000 сом] 20000 сом 100000 сом 100 сом | |||
| 351-берене. Салыкты эсептөөнүн тартиби 3. Калктуу конуштарда калктын санына карабастан салыкты эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда 1ге барабар болуучу коэффициент колдонулат: 1) календарлык жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин, тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу курорттук зоналардын аймагында ишке ашырылчу түрлөргө карата; 2) ойномо автоматтарды жана бильярддарды берүүгө карата кызмат көрсөтүү; | 351-берене. Салыкты эсептөөнүн тартиби 3. Калктуу конуштарда калктын санына карабастан салыкты эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда 1ге барабар болуучу коэффициент колдонулат: 1) календарлык жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин, тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу курорттук зоналардын аймагында ишке ашырылчу түрлөргө карата; 2) [ойномо автоматтарды жана] бильярддарды берүүгө карата кызмат көрсөтүү; | ||||||||
| "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкердиктин жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 22, 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: | |||||||||
| 21-берене. Ишкердик эркиндиги 2. Жол берилбеген ишкердик иштердин түрлөрү: кумар оюндары үчүн арналган оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо; | 21-берене. Ишкердик эркиндиги 2. Жол берилбеген ишкердик иштердин түрлөрү: [кумар оюндары үчүн арналган оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо;] | ||||||||
| "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 2004-жылдын 24-августундагы № 71-72 сандары) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: | |||||||||
| 33-статья. Мамлекеттик кызматчынын жана анын жакын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө маалыматтар д) казино жана кумар оюндардан алынган киреше (утуштар); | 33-статья. Мамлекеттик кызматчынын жана анын жакын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө маалыматтар [д) казино жана кумар оюндардан алынган киреше (утуштар);] | ||||||||
| "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 1999-жылдын 6-январындагы № 1 саны) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: | |||||||||
| 16-статья. Товарлардын айрым түрлөрүнүн жарнагынын өзгөчөлүктөрү 6. Оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчулардын, анын ичинде оюн-зоок жайларынын, тотализаторлордун, букмекердик конторалардын өз ара мелдешине негизделген жарнакты (оюн-зоок бизнесинин жарнагы) таратууга төмөндөгүлөрдө жол берилет: оюн-зоок бизнес уюмдарынын жайларында, ошондой эле аларга улай жайгашкан мейманканалардын, ресторандардын, эс алуу жана көңүл ачуу уюмдарынын жайларында; жарнак таратууга адистешкен мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери же оюнга жана түздөн-түз мелдешке катышкан адамдарга арналган адистешкен мезгилдүү басма сөздө. Оюн-зоок бизнесинин башка жарнагына жол берилбейт. Оюн-зоок жайларынын жана тотализаторлордун жайгашкан жерин көрсөткүчтөр, анын ичинде көрнөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу маалыматты гана камтый алат. Оюн-зоок бизнесинин жарнагы төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек: жарнакты керектөөчүлөрдө оюнга же мелдешке катышуу коомдук же жекече ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же болбосо мүлктүк проблемаларды чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз карашты туудурбашы; оюнга же мелдешке катышпаган адамдарды жаманатты кылбашы; утушка кепилдик берилген же анын ыктымалдуулугу жогору деген көз караш туудурбашы; эгерде өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү белгиленүү болсо, оюндарга жана мелдештерге катышуунун же утуштарды берүүнүн (төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү жашырылбашы; жашы жетпегендерге 35 жашка чейинки адамдардын образдарын пайдалан деп түздөн-түз кайрылууга, ошондой эле жашы жетпегендер үчүн радио жана телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай формада болбосун жайылтылбашы. | 16-статья. Товарлардын айрым түрлөрүнүн жарнагынын өзгөчөлүктөрү [6. Оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчулардын, анын ичинде оюн-зоок жайларынын, тотализаторлордун, букмекердик конторалардын өз ара мелдешине негизделген жарнакты (оюн-зоок бизнесинин жарнагы) таратууга төмөндөгүлөрдө жол берилет: оюн-зоок бизнес уюмдарынын жайларында, ошондой эле аларга улай жайгашкан мейманканалардын, ресторандардын, эс алуу жана көңүл ачуу уюмдарынын жайларында; жарнак таратууга адистешкен мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери же оюнга жана түздөн-түз мелдешке катышкан адамдарга арналган адистешкен мезгилдүү басма сөздө. Оюн-зоок бизнесинин башка жарнагына жол берилбейт. Оюн-зоок жайларынын жана тотализаторлордун жайгашкан жерин көрсөткүчтөр, анын ичинде көрнөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу маалыматты гана камтый алат. Оюн-зоок бизнесинин жарнагы төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек: жарнакты керектөөчүлөрдө оюнга же мелдешке катышуу коомдук же жекече ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же болбосо мүлктүк проблемаларды чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз карашты туудурбашы; оюнга же мелдешке катышпаган адамдарды жаманатты кылбашы; утушка кепилдик берилген же анын ыктымалдуулугу жогору деген көз караш туудурбашы; эгерде өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү белгиленүү болсо, оюндарга жана мелдештерге катышуунун же утуштарды берүүнүн (төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү жашырылбашы; жашы жетпегендерге 35 жашка чейинки адамдардын образдарын пайдалан деп түздөн-түз кайрылууга, ошондой эле жашы жетпегендер үчүн радио жана телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай формада болбосун жайылтылбашы.] | ||||||||
| "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 2006-жылдын 8-августундагы № 58 саны) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: | |||||||||
| 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр казино (анын ичинде интернет- казино), оюн автоматтары, электрондук рулеткасы, тотализатордун жабдуулары бар оюн- зоок жайлары жана букмекердик кеңселер; | 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр [казино (анын ичинде интернет- казино), оюн автоматтары, электрондук рулеткасы,] тотализатордун жабдуулары [бар оюн-зоок жайлары] жана букмекердик кеңселер; | ||||||||
| "Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды аткарган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери жана милдеттенмелери жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды жарыя кылуу жана декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: | |||||||||
| 4-статья. Декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш болгон кирешелер жана аларды алуунун булактары 1. Декларацияда ушул Мыйзамдын 3-статьясында аталган маалыматтардан тышкары декларант жана анын жакын туугандары тарабынан отчеттук мезгилде алынган бардык кирешелер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле: д) мелдештерде, сынактарда алынган байгелер, ошондой эле лотереялардагы, кумар оюндарындагы утуштар; эгерде алар мыйзам менен белгиленген жүз эсептик көрсөткүчтөрдөн ашып кетсе, белек, материалдык жардам же мурас катары алынган акчалай каражаттар жана/же башка мүлк; | 4-статья. Декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш болгон кирешелер жана аларды алуунун булактары 1. Декларацияда ушул Мыйзамдын 3-статьясында аталган маалыматтардан тышкары декларант жана анын жакын туугандары тарабынан отчеттук мезгилде алынган бардык кирешелер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле: д) мелдештерде, сынактарда алынган байгелер, ошондой эле лотереялардагы, [кумар оюндарындагы] утуштар; эгерде алар мыйзам менен белгиленген жүз эсептик көрсөткүчтөрдөн ашып кетсе, белек, материалдык жардам же мурас катары алынган акчалай каражаттар жана/же башка мүлк; | ||||||||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1995-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 07.06.2012 · № 1995-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1824-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине…Постановление · 12.04.2012 · № 1824-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2106-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 21.06.2012
Шилтеме берет (9)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Об общих началах разгосударствления, приватизации и предпринимательства в Республике КыргызстанЗакон · 20.12.1991 · № 683-XII · Күчүн жоготкон
- О декларировании и публикации сведений о доходах, обязательствах и имуществе лиц, замещающих политические и иные специальные государственные должности, а также их близких…Закон · 07.08.2004 · № 108 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөЗакон · 01.11.2011 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон