Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 467 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө. Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
"9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;
10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;
11) жарнамалык щиттерди ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү.".
2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
"
| 9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү; | 1 орундуу кресло | 2000 сом |
|---|---|---|
| 10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү; | 1 орундуу кресло | 5000 сом |
| 11) жарнамалык щиттерди ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү. | 1 жарнамалык щит | 5000 сом |
". 2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ
Бул Мыйзамдын долбоору чач тарач (сулуулук салону), жеке стоматология жана жарнама такталарын ижарага берүү кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү патенттин негизинде салык салуунун атайын режимине которуу менен ушул кызматтарды көрсөткөн субъекттерден түшкөн салыктарды көбөйтүү максатында даярдалды. Жогоруда көрсөтүлгөн иш аракеттердин түрлөрүн милдеттүү патенттин негизинде салык төлөөгө которуу зарылдыгы төмөнкүлөр менен шартталат:
- кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчаны толук кандуу контролдоо мүмкүн эместиги;
- көрсөтүлгөн кызматтардын наркынын жогорулоо тенденциясынын болушу;
- мындай кызматтарга калктын жогорку суроо-талаптары.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында 481 чач тарач жана сулуулук салондору калкка өз кызматтарын көрсөтүп жатышат, анын ичинен 2011-жылы жалпы суммасы 7665,6 миң сом салык төлөнгөн, атап айтканда: бирдиктүү салык боюнча - 4872 миң сом жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык - 2793,6 миң сом. Төлөнгөн салыктардын суммасы бир ишкердиктин субъектине бир жыл үчүн орточо 15,9 миң сом же айына 1,2 миң сом туура келүүдө (бирдиктүү салык боюнча 16,8 жана 1,4 миң сом, ыктыярдуу патент боюнча 14,6 жана 1,2 миң сом). Жүргүзүлгөн анализдер көрсөткөндөй салондор орточо үч отуруучу орундуктан турат, ал эми көрсөтүлгөн кызматтардын орточо наркы бир киргенге 250 сомдон кем эмести түзөт. Чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун орточо иштөө режими 9.00дөн 19.00гө чейин (10 саат), ошону менен бир күндөгү жүктөлгөн иш 50%дан кем эмес, башкача айтканда бир орундуктан 5 адам тейленет. Демек, бир орундуктан түшкөн акчанын суммасы 1250 сом же айына 37500 сом, муну үч орундукка көбөйткөндө 112500 сомду түзөт, бирдиктүү салык ставкасы боюнча салыктын суммасы (6%) 6750 сомду түзүшү керек же орточо бир орундук үчүн 2250 сом. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу чач тарач жана сулуулук салондорунун калкка кызмат көрсөткөн иш аракеттерин ар бир орундук үчүн салыктык ставка 2000 сом болгон милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз, бул Бишкек шаарынын салык кызматынын органдары чогулткан салыктын бюджетке түшүүлөрүн жылына 29760,0 миң сомго көбөйтүүгө мүмкүндүк берет (7665,6 миң сомдун ордуна 34632,0 сом). Бишкек шаарында стоматологиялык кызматтарды 103 ишкердиктин субъекттери көрсөтөт (мамлекеттик поликлиниканы алып салганда), алар 2011-жылдын ичинде 3846,0 миң сом суммасында салык төлөшкөн же бир субъект жылына орточо 37,3 миң сом гана төлөгөн (айына 3,1 миң сом). Ошону менен жогоруда көрсөтүлгөн ишкердиктин субъекттери 275 стоматологиялык орундуктарга ээ, бир орундук үчүн айына орточо 1,2 миң сом салык төлөнөт, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жылдан жылга көбөйүү тенденциясына ээ. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу калкка стоматологиялык кызмат көрсөткөн иш аракеттерди ар бир орундук үчүн салыктык ставка 5000 сом болгон милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу сунушталууда. Ошону менен бюджетке салыктык түшүүлөрдүн суммасы Бишкек шаары боюнча жылына 12654,0 миң сомду түзөт. Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, Бишкек шаарында гана 420 жарнама такталары бар, аларды башкарууда, салык алынуучу базасын аныктоодо, кирешенин эсебин тастыктоодо бир топ кыйынчылыктар пайда болот, ижаралык кызмат көрсөтүүнүн наркы дайыма өсүп турат. Жарнама такталарын ижарага берүү боюнча иш аракеттерди Бишкектин борборунда жайгашкан такталардын ар биринен 5000 сом жана шаардын четинде жайгашкан такталар үчүн 2000 сом салыктык ставкасы менен милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтөт, салыктар жылына 20664,0 миң сомду түзөт. Бул мыйзам долбоор кабыл алынса, бюджетке кошумча салыктык түшүүлөр бир жылда 63078,0 миң сомду түзөт. Бул мыйзам долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды талап кылбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. Ушул мыйзамдын долбоорун колдонуу социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, бул экспертизанын адистештирилген түрлөрүнөн өтүүгө милдеттүү эмес. Коомдук талкуулоону камсыздоо жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясын ишке ашыруу үчүн бул мыйзамдын долбоору министрликтин ачык маалыматтык WЕВ-сайтында (www.mi№ieco№om.kg) жайгаштырылды, Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин сайтына жайгаштырылган күндөн тартып коомдук талкуулоонун алкагында долбоорго киргизүү үчүн сунуштар жана сын пикирлер түшкөн жок. Баяндалгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кароого киргизилет.
Министр
Т. Сариев
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын Салык кодексин сунушталган редакциясы | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары 1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары - салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт: 1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы; 2) бильярд кызматы; 3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат; 4) казино кызматы; 5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы; 6) дискотека кызматы; 7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы; 8) ломбарддар кызматы; [9) жок; 10) жок; 11) жок.] | 348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары 1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары - салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт: 1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы; 2) бильярд кызматы; 3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат; 4) казино кызматы; 5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы; 6) дискотека кызматы; 7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы; 8) ломбарддар кызматы; 9) ЧАЧ ТАРАЧТАРДЫН ЖАНА СУЛУУЛУК САЛОНДОРУНУН КЫЗМАТЫ; 10) ЖЕКЕ СТОМАТОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ; 11) ЖАРНАМА ТАКТАЛАРЫН ИЖАРАГА БЕРҮҮ КЫЗМАТЫ. | ||||||||
| 349-берене. Салык салуунун обьекти, салыктык база жана салыктын ставкасы 2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктын ставкасы колдонулат: ┌─────────────┬──────────┬───────┐ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ └─────────────┴──────────┴───────┘ | 349-берене. Салык салуунун обьекти, салыктык база жана салыктын ставкасы 2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктын ставкасы колдонулат: ┌─────────────┬──────────┬───────┐ Ишкердиктин түрлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 1) сауналар- дын, мончо- лордун кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 2) бильярд кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 4) казино кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 5) акча алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 6) дискотека- лардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 7) сутка бою автотуруктар- дын кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ 8) ломбарддар кызмат көрсөтүүлөрү ├─────────────┼──────────┼───────┤ [9) жок] [10) жок] [11) жок] ├─────────────┼──────────┼───────┤ ├─────────────┼──────────┼───────┤ └─────────────┴──────────┴───────┘ | Салыктык база 1 сауна, мончо, жалпы аянты: 150 кв.м чейин 150 кв.м ашык 1 стол 1 ойномо автомат 1 оюн стол 1 лицензия- ланчу обьект 1 дискотека, түнкү клуб 1 токточу орун 1 обьект ТАРАЧТАРДЫН САЛОНДОРУНУН 10) ЖЕКЕ СТОМАТОЛОГИЯ- ЛЫК КЫЗМАТ 11) ЖАРНАМА ТАКТАЛАРЫН ИЖАРАГА БЕРҮҮ КЫЗМАТЫ | Салык- тык мезгил- деги салык- тын ставка- сы 30000 сом 50000 сом 10000 сом 10000 сом 30000 сом 20000 сом 10000 сом 100 сом 15000 сом ОРУНДУК 1 ОТУРУУЧУ ОРУНДУК 1 ЖАРНАМА ТАКТАСЫ | СОМ 5000 СОМ 5000 СОМ | Ишкердиктин түрлөрү 1) сауналар- дын, мончо- лордун кызмат көрсөтүүлөрү 2) бильярд кызмат көрсөтүүлөрү 3) ойномо автоматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү 4) казино кызмат көрсөтүүлөрү 5) акча алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү 6) дискотека- лардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү 7) сутка бою автотуруктар- дын кызмат көрсөтүүлөрү 8) ломбарддар кызмат көрсөтүүлөрү 9) ЧАЧ ЖАНА СУЛУУЛУК КЫЗМАТЫ | Салыктык база 1 сауна, мончо, жалпы аянты: 150 кв.м чейин 150 кв.м ашык 1 стол 1 ойномо автомат 1 оюн стол 1 лицензия- ланчу обьект 1 дискотека, түнкү клуб 1 токточу орун 1 обьект 1 ОТУРУУЧУ | Салык- тык мезгил- деги салык- тын ставка- сы 30000 сом 50000 сом 10000 сом 10000 сом 30000 сом 20000 сом 10000 сом 100 сом 15000 сом 2000 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 2404-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 18.10.2012 · № 2404-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2598-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 13.12.2012 · № 2598-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3114-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 30.05.2013 · № 3114-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөЗакон · 01.11.2011 · № 191 · Күчүн жоготкон