Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-01.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 18-январы № 4
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөмдүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.
2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн:
- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;
- казино үчүн - 21 жаштагылар.
3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;
- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга;
- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемдерине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кардардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.
Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөЗакон · 01.11.2011 · № 191 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөЗакон · 01.11.2011 · № 191 · Күчүн жоготкон