47-берене. Мыйзам долбоорун киргизүү. Коштоочу документтер
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 115
1. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъекти тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбооруна төмөнкү коштоочу материалдар тиркелет:
1) демилгечинин коштоочу каты;
2) мыйзамдын долбооруна карата маалымдама-негиздеме, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтуусу тийиш:
а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;
б) мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;
в) парламенттик угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;
г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө;
д) каржылоонун булактары тууралуу;
е) эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;
3) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүү киргизилип жатса, салыштырма таблица;
4) сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун (мындан ары - мыйзам долбоорунун пакетин);
5) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөндөөчү таасирин талдоону.
2. Мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүүдө төмөнкүлөр кошумча берилиши тийиш:
1) демилгечи топту каттоо жөнүндө документ (курамы, фамилиясы, аты-жөнү, паспорттук маалыматтары);
2) колтамгалар коюлган барактар;
3) мыйзам долбоорунун расмий басылмада жарыяланган текстинин бир нускасы.
3. Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер электрондук форматта, мамлекеттик жана расмий тилдерде (12 өлчөмүндөгү TIMES №EW ROMA№ арибинде), ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын санына барабар кагазда басылган вариантта берилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ылайыктуулугу жөнүндө;
д) каржылоонун булактары тууралуу;
алынып салынды: з) кошулду: е) эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;
3) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүү киргизилип … депутаттарынын санына барабар кагазда басылган вариантта берилет.
кошулду: (КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 13 июля 2012 года № 491 "О проектах законов Кыргызской Республики"Постановление · 13.07.2012 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы № 264 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 13.05.2013 · № 264 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 108 ""Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарбалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.03.2013 · № 108 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-47" title="47-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>