46-берене. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлорун кароо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Депутат же депутаттар тарабынан демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору, элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, чакыртып алынган болуп эсептелет.
2. Эгерде Өкмөттүн жаңы курамы аны колдоодон баш тартса, Өкмөттүн мурунку курамы тарабынан киргизилген мыйзам долбоору чакыртып алынган болуп эсептелет.
3. Депутат же депутаттар тарабынан демилгелеген чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштын депутаттарына жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине таратып берилет.
4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.
5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же Өкмөт колдоого алган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте каралат.
6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте каралат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-46" title="46-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>