48-берене. Мыйзам долбоорун каттоо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорун каттайт жана Төрагага киргизүү үчүн 2 күндүк мөөнөттө ушул Регламенттин 45- жана 47-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө маалымдама даярдоо үчүн аны 2 күндүн ичинде юридикалык кызматка жиберет.
Мыйзам долбоору юридикалык кызматтын маалымдамасы менен Төраганын алдындагы улуттук коопсуздук боюнча эксперттик топко жөнөтүлөт, ал 3 күндүн ичинде мыйзам долбоорунун улуттук коопсуздуктун негиздерине ылайыктуулугу жөнүндө корутунду даярдайт. Эгерде эксперттик топ терс корутунду берсе, мыйзам долбоору демилгечисине кайтарылып берилет.
2. Төрага 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен Төраганын алдындагы улуттук коопсуздук боюнча эксперттик топтун корутундусунун жана юридикалык кызматтын маалымдамасынын негизинде, мыйзам долбоорун алып баруу маселелерине ылайык жооптуу комитетти аныктоо менен тиешелүү комитеттерге жөнөтүү жөнүндө резолюция коет.
Резолюцияда төрагасынын фамилиясы биринчи көрсөтүлгөн комитет жооптуу болуп саналат.
3. Төраганын резолюциясына ылайык Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү бир күндүн ичинде мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди фракцияларга, комитеттерге, депутаттарга, атайын экспертизаларды жүзөгө ашыруучу эксперттик кызматка (мындан ары - эксперттик кызмат) жиберет, ошондой эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырат.
4. Депутаттар тарабынан, ошондой эле элдик демилге тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору каттоодон кийин Президентке жана Өкмөткө жиберилет.
5. Мыйзам долбоорунун демилгечиси аны биринчи окууда кабыл алынганга чейин мыйзам долбоорун чакыртып алууга же болбосо демилгелөөгө катышуудан баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө Төраганы жазуу жүзүндө кабарландырат. Эгерде мыйзам долбоору депутаттардын тобу тарабынан киргизилсе, ал бардык демилгечилердин макулдугу менен чакыртып алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын…Постановление · 11.03.2022 · № 119 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-48" title="48-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>