Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ
2012-жылдын 10-январы № 2 Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 154 “Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө” токтомунун 15-пунктунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы резервден төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Чолпонбаев Темиркул
- “Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан;
Жанеков Нурбек
- “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан;
Абыкаева Жайнагүл
-“Республика” саясий партиясынан;
Сопуев Акылбек
- “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан;
Бусурманкулова Жаңыл Абдимуталиповна
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Мамырбаев Алыбай Мамытович
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Мамбеткулов Адилет Нарынбекович
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Сулайманов Аскербек
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Сооронбаев Темирбек Керимканович
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Чумодоев Адеп Карыпович
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Исмаилова Светлана Асанбековна
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
Жакыпова Гүлжан Сабирдиновна
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 154 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 154
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы…Постановление · 10.01.2012 · № 2 · Күчүн жоготкон