Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-декабры № 154 Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 16-октябрындагы № 157 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды деп табуу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-январындагы № 8 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 12-февралындагы № 23 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-мартындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 17-июнундагы № 80 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-августундагы № 103 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 14-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 20-мартындагы № 27 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 22-майындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 9-июнундагы № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-июнундагы № 67 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 23-июлундагы № 74 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 143 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 16-мартындагы № 54 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоолорду өткөрүү үчүн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Нарын облусу боюнча 1 бирдиктүү жана 118 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 654 мандатына 3128 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 3063 талапкер катталган. Каттоодон өткөндөрдөн: 1779 талапкерди саясий партиялар, 114 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 1325и өзүн өзү көрсөткөндөр. Добуш берүүгө 72180 шайлоочу катышкан бул облус боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 53,21% түзөт. Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоочулар сыпатында саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын өкүлдөрү катышкан. Нарын облусу боюнча байкоочулардын жалпы саны 2521 адамды түзөт. Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо ченемдеринин бузулушу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына болгону 18 кат жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар) түшкөн; анын ичинде Нарын аймактык шайлоо комиссиясына 5 даттануу, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына 5 даттануу, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына 3 даттануу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 5 даттануу. Түшкөн арыздардын жана даттануулардын бардыгы мыйзамда белгиленген тартипте каралган. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрдагы № 28 чечимине ылайык Чеч-Дөбө, Ача-Кайыңды, Ак-Жар шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо жүргүзүлгөн. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузуу фактыларына жол берилген.
С.Т.Чолуевди Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер сыпатында мыйзамсыз каттоо жана аны бюллетендин текстине мыйзамсыз киргизүү жөнүндө шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузуу фактысы боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жогоруда аталган фактыларды текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн жиберилген.
Бюллетендин текстине Жан-Булак айылдык кеңешинин "Жан-Булак" шайлоо округу боюнча Кадыров Эмилбек Сейдилдаевичтин жана Чет-Нура айылдык кеңешинин "Орто-Саз-Ак-Кыя" шайлоо округу боюнча Мамыров Тазабек Зарлыковичтин киргизилишинин мыйзамдуулугу азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы тарабынан текшерилүүдө. Көпчүлүк кайрылуулар жана арыздар айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо өтүнүчтөрү менен байланышкандыгын белгилей кетүү зарыл. Шайлоолордун натыйжалары, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдордун жыйынтыгында Нарын облусу боюнча 632 талапкер шайланган (Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин "Жан-Булак" шайлоо округунан, Чет-Нура айылдык кеңешинин "Орто-Саз-Ак-Кыя" шайлоо округдарынан тышкары). Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, 24-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы, Нарын, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалыматтар эске алынсын (1-тиркеме).
2. Нарын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өттү деп таанылсын.
3. Нарын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилсин.
4. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Казыбек, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
5. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Казыбек, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
6. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
7. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
8. Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Көк-Ой, Кабак, Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
9. Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Көк-Ой, Кабак, Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
10. Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Достук, Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
11. Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Достук, Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
12. Кочкор районунун Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
13. Кочкор районунун Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
14. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин "Жан-Булак" шайлоо округу жана Чет-Нура айылдык кеңешинин "Орто-Саз-Ак-Кыя" шайлоо округу боюнча маселе өзүнчө каралсын.
15. Шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузууга жол бергендиги үчүн Нарын аймактык шайлоо комиссиясы таркатылсын.
16. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
17. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 29 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 4 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана…Постановление · 10.01.2013 · № 4
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү жөнүндө"…Постановление · 10.01.2013 · № 2
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июну № 108 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайланды деп табуу…Постановление · 11.06.2013 · № 108
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге…Постановление · 23.12.2013 · № 183
Шилтеме берет (29)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июну № 108 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайланды деп табуу…Постановление · 11.06.2013 · № 108
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге…Постановление · 23.12.2013 · № 183
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге…Постановление · 22.10.2014 · № 119
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 20.11.2014 · № 126
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декарындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 29.12.2014 · № 138
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 17.06.2014 · № 80
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 101 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 05.08.2014 · № 101
- КР 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым…Постановление · 18.09.2015 · № 143
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 43 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 30.04.2015 · № 43
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 22-майындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 22.05.2015 · № 48
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 58 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 09.06.2015 · № 58
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 67 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 30.06.2015 · № 67
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 13.04.2016 · № 81
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым…Постановление · 04.10.2016 · № 144
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 74 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 23.07.2015 · № 74
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 28.07.2016 · № 133
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 14-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 14.01.2015 · № 4
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 11.02.2015 · № 16
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 20-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 20.03.2015 · № 27
29 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 153