Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-июлу № 637 2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу 2021-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 231 Жарлыгы менен дайындалган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өттү. Токмок шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Токмок шаардык кеңешинде шайлоону өткөрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 20 шайлоо участкалары түзүлгөн. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 6 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган. Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин саны 38100 шайлоочуну түзгөн, добуш берүүгө 16973 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 44,55% түзөт. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы), Токмок аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учурлар тууралуу 30 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкөн. Келип түшкөн билдирүү, арыз жана даттануулар мыйзамдарда белгиленген компетенцияларга ылайык каралып, Токмок аймактык шайлоо комиссиясы жана укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар кабыл алынган. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-июлундагы № 26/2 чечими менен Чүй облусунун ИИБ тергөө кызматынын 2021-жылдын 21-июлундагы маалыматынын негизинде каттоо жокко чыгарылган. "Эл Биримдиги" саясий партиясынын даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 154 чечими менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими жокко чыгарылган. 2021-жылдын 11-июлундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматына ылайык, төмөндөгү 5 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан көп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан:
- "Бирге-Вместе" - 28,28% (9 мандат);
- "Эмгек" - 24,83% (8 мандат);
- "Асыл Мурас-Жаштар" - 16,67% (5 мандат);
- "Патриот Ынтымагы" - 13,70% (5 мандат);
- "Эл Биримдиги" - 12,14% (4 мандат).
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, 20 участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2021-жылдын 22-июлундагы протоколдун негизинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 22-июлундагы протоколу менен кайталап шайлоону болуп өттү деп таанып, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин бузуу менен, кийин Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган "Эл Биримдиги" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимди эске алуу менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын белгилеген. "Эл Биримдиги" саясий партиясы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-июлундагы № 26/2 чечимине даттанууда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду кароону суранган. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу". Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду мыйзамдарды бузуу менен кабыл алгандыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы аны жокко чыгарылуусу керек деп эсептейт. Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жана анын айрым мүчөлөрүнүн иш-аракеттери Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды тийиштүү деңгээлде аткарууга терс таасир этишкенин белгилейт. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы бир нече ирет негизсиз жана мыйзамсыз чечимдерди (шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу, бардык шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендерин кайталап эсептөө жүргүзүү, талапкерди жана талапкерлердин тизмесин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө) кабыл алган, кийин алар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылган. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссиясынын дайындалган жыйынын атайлап үзгүлтүккө учуратышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат". Үч саясий партиянын арызын кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо тууралуу чечим кабыл алган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө: "Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:
1) тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоо, референдумдун натыйжаларын жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жараксыз деп табууга алып келген жарандардын шайлоо укуктары шайлоо комиссиясы тарабынан бузулганда;
2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;
3) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптары бузулганда" - деп белгиленген.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 40, 51, 56-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 24-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылсын.
2. 2021-жылдын 22-июлундагы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жокко чыгарылсын.
3. 2021-жылдын 22-июлундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
4. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Токмок шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттары катталсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр, төш белгилер тапшырылсын.
8. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын жана шайлоо комиссияларынын ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62