12-берене. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо
Күчүн жоготкон · 28.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 апреля 2021 года № 55
12-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 12-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Юридикалык жак төмөндөгү учурларда мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү:
- өзгөртүп түзүү, бөлүнүп чыгуу, биригүү формасындагы кайра түзүүдө;
- уставдык капиталдын жана пайлык фондунун өлчөмү өзгөргөндө;
- фирмалык аталышы өзгөргөндө;
- уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо уюштуруу документтерин жаңы редакцияда бекитүү (түзүү) (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо), коомдук фонддордун, мекемелердин жана топтолмо пенсиялык фонддордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамы өзгөргөндө;
- чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталындагы катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндө;
- жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон юридикалык жактардан тышкары, юридикалык жактын жайгашкан жери өзгөргөндө (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);
- (абзац КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- юридикалык жактын органы же сот тарабынан аны кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганда.
2. Мыйзамдарда башка мөөнөттөр каралган учурларды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып кеткен негиздердин бирөө эле болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде, ал эми финансы-кредиттик мекемелерге карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып, спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларга карата - дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып юридикалык жак мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү.
3. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:
- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
- юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимди;
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда - кайра катталып жаткан юридикалык жактын ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;
- ушул Мыйзамда аныкталган башка документтерди.
Финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар каттоочу органга төмөнкүлөрдү кошумча түрдө тапшырат:
- мурдагы уюштуруу документтерин;
- жаңы редакциядагы же болбосо киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен уюштуруу документтерин эки нускада.
4. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрде жазылган маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы менен катчысынын колтамгалары коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет. Мөөр жок болсо, көрсөтүлгөн адамдардын колтамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Чарбалык шериктештиктерди жана коомдорду (акционердик коомдорду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимине ар бир уюштуруучу (катышуучу) колтамга коёт, мында жеке жакты уюштуруучунун (катышуучунун) колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ар бир юридикалык жактын - уюштуруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастайт же өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрөт.
5. Өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгып жаткан катышуучу (катышуучулар) же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомдорду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоодо, каттоочу органга үлүштү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу тапшырылат. Мында үлүштү ээликтен чыгарып жаткан катышуучу жеке жактын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Үлүштү ээликтен чыгарып жаткан юридикалык жактын - катышуучунун өкүлү макулдашууну мөөр менен ырастайт же болбосо өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрөт.
6. Жеке жак болгон, катышуучулардын курамынан өзүнүн үлүшүн өткөрүп бербестен чыгып жаткан чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучусу (катышуучусу) каттоочу органга жеке жактын колтамгасы милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлгөн чыгуу жөнүндө арызын тапшырат.
Юридикалык жак болгон, катышуучулардын курамынан өзүнүн үлүшүн өткөрүп бербестен чыгып жаткан чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучусу (катышуучусу) каттоочу органга юридикалык жактын жетекчиси кол койгон чыгуу жөнүндө арызды тапшырат. Чыгуу жөнүндө арыз юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же жетекчинин колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
7. Эгерде чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун курамына юридикалык жана (же) жеке жак болгон жаңы катышуучу кирсе, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө каралган документтер кошумча түрдө тапшырылат.
Коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамынан чыккандыгына байланыштуу кайра каттоодо чыгуу жөнүндө арыз кошумча тапшырылат. Катышуучунун - жеке жактын чыгуу жөнүндө арызына жеке жак колтамгасын коет жана анын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Катышуучунун - юридикалык жактын чыгуу жөнүндө арызына жетекчи колтамгасын коет, юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же анын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жаңы уюштуруучу (катышуучулар) киргендигине байланыштуу кайра каттоодо жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим кошумча тапшырылат. Коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим уюштуруучулар (катышуучулар) тарабынан бир добуштан кабыл алынууга тийиш. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жеке жактын мураскору (мураскорлору) кирген учурда, каттоочу органга мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же болбосо анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча тапшырылат. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан уюштуруучуну (катышуучуну) чыгарып салууда каттоочу органга мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кошумча тапшырылат.
8. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;
- тапшырылган документтердин мазмунунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик кайра каттоо датасын, баштапкы мамлекеттик каттоо датасын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;
- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.
9. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
10. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекитилет.
(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2015-жылдын 12-майындагы N 93, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2021-жылдын 16-апрелиндеги N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 апреля 2021 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)", "О физической культуре и спорте")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- Ак-Кудук айыдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 138/XXI–27 "Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык аймагынын Ак-Кудук айыдык кеңешинин Уставын жана…Постановление · 22.11.2019 · № 138/XXI-27
- Новопокровка айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-майындагы № 82/XX-27 «Новопокровка айылдык округунун Новопокровка айыл өкмөтү Ысык-Ата району Чүй облусу» мекемесин кайра каттоо…Постановление · 08.05.2019 · № 82/XX-27
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрели № 222 "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 19.04.2017 · № 222
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 86/XXI-9 "В.В. Казаченко атындагы №1 Кайыңды мектеп – лицейинин Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2015 · № 86/XXI-9
- Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 70/XXIV-2 "Кайыңды шаарынын мэриясынын жобосуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 10.09.2018 · № 70/XXIV-2
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 626 "“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 25.11.2016 · № 626
- Кайыӊды шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 16-декабры № 53/XVIII-3 "Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыӊды шаарынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2018 – жылынын 10 –…Постановление · 16.12.2022 · № 52/XVIII-3
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 66/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2023 · № 66/XXI-7
Берене шилтеме берет
- 10-берене. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо
Беренеде аталган актылар (1)
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 12.05.2015 · № 93 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202621/st-12" title="12-берене - Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>