Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 66/XXI - 7 Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
2009-жылдын 20-февралындагы № 57 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодексине ылайык , Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү Кайыңды шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Сыдыгалиева А.К. га милдеттендирилсин.
3. Бул токтом анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери карала тургандыгы ырасталат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
4. Кайыңды шаардык кеңешинин 2013 – жылындагы № 12/IV -3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Э.Т. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Каиңды шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12-февралындагы № 12/IV-3 "Кайыңды кыштактык кеңешин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2013 · № 12/IV-3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон