Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну каттоо
Күчүн жоготкон · 28.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150
1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде бул тууралуу каттоочу органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул бөлүктө каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып 2 айдан кем болууга тийиш эмес.
2. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарлоону алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу салык жана бажы органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө милдеттүү.
3. Юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:
- Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
- юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө юридикалык жактын органынын же соттун чечимин;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүн;
- уставын (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- (абзац КР 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- мөөрдү жана (же) штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкатты (алар бар болгон учурда);
- жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди;
- (абзац КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жер жөнүндө мамлекеттик архивдик фонддун корутундусун;
- каттоо жыйымы төлөнгөнүн тастыктаган документти (маалыматты);
- ушул Мыйзамда аныкталган башка документтерди.
4. Юридикалык жактын органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактарга милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болсо гана кабыл ала алат.
(Абзац КР 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, иш-аракетин токтотууну каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет. Мөөр болбогон учурда көрсөтүлгөн жактардын колтамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге ар бир катышуучу колтамга коёт, мында жеке жактын катышуучусунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын - катышуучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастоого же өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш. (Абзац КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Иш аракетин токтотууну каттоо үчүн каттоочу органга документтерди тапшырганга чейин юридикалык жак белгиленген тартипте өзүнүн бардык филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жоюуга милдеттүү.
6. Арыз кабыл алынган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда туура эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;
- салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалыматты салык органынан электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка жол аркылуу суратып алууга;
- тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, иш-аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
- иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;
- тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө;
7. Юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 241, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2015-жылдын 12-майындагы N 93, 2015-жылдын 22-майындагы N 115, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 208, 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 208 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 декабря 2011 года № 241 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 16 декабря 2016 года №13 "О некоторых вопросах ликвидации юридических лиц, их филиалов и представительств"Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 16.12.2016 · № 13Пункттар: п. 17, п. 26, п. 27
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 16 декабря 2016 года №13 "О некоторых вопросах ликвидации юридических лиц, их филиалов и представительств"Постановление Пленума Верховного суда · 16.12.2016 · № 13
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2002 · № 130
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)Закон · 22.05.2015 · № 115
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.12.2021 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 12.05.2015 · № 93 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202621/st-13" title="13-берене - Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>