Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Каттоонун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 28.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150
1. Финансы-кредиттик мекемелерди, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Улуттук банктын же анын аймактык бөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
2. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу мыйзамдарда аныкталган учурларда талап кылынат.
2-1. Спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
3. (КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган, филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
5. Филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча түрдө тапшырат.
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт. Өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган көчүрмөнү же башка документти тапшыруу мөөнөтү аталган документтерди берген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.
6. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыгып жаткан жеке жак (коомдук бирикмелердин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктеринин, диний уюмдардын, саясий партиялардын, профсоюздук уюмдардын түзүүчүлөрүн кошпогондо) каттоочу органга паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
7. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси болгон жеке жак каттоочу органга паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
8. Кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында өз ишин токтотуп жаткан юридикалык жак каттоочу органга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү, мөөрдү жана (же) штампты тапшырганы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын берүүгө тийиш. Мөөр жана (же) штамп болбогон учурда, каттоочу органга алардын жок экени жөнүндө кайра түзүлүп (жоюлуп) жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат.
Фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодо юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алаар алдында мурунку фирмалык аталышы менен мөөрлөрдү жана (же) штамптарды тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын каттоочу органга тапшырууга милдеттүү.
9. Юридикалык жакты кайра түзүүдө каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүү балансы тапшырылат, анда кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карыздарларына карата болгон бардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүчүлүгү тууралу жоболор камтылууга тийиш.
10. Кайра уюштурууга байланыштуу кредиторлор болгон учурда юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн документтерди тапшырганга чейин эки ай мурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан талаптарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү. Каттоочу орган арыз ээсинен кабарламаны алганда аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү. Кредиторлор тарабынан талаптарды коюунун мөөнөтү каттоочу органдын расмий сайтында маалымат жарыяланган күндөн тартып 2 айдан кем болушу мүмкүн эмес.
Кредиторлор болбогон учурда анын жетекчисинин колтамгасы менен алардын жоктугу тууралуу кайра уюштурулуучу юридикалык жактын кепилдик каты каттоочу органга берилет. Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
11. Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайышына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо чарбалык шериктештик жана коом, кооператив бардык кредиторлорго бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганын ырастаган документтерди тапшырат. Кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырууга милдеттүү.
12. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат.
13. Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетти токтотууну каттоодо, финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу органдын расмий сайтында 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон кабарлама каттоочу органга тапшырылат.
Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетин токтотууну каттоодо, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү, мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу органдын расмий сайтында 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон кабарлама каттоочу органга тапшырылат. Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
14. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. Юридикалык жактардын бирикмесин (ассоциация, союз) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) анын уюштуруучуларынын бардык өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада каттоо арызына тиркелет. Мында юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Саясий партияны мамлекеттик каттоодо саясий партиянын бекитилген программасы каттоо арызына тиркелет. Диний уюмду мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) диний уюмдун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү каттоо арызына тиркелет. Турак жай менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү реквизиттерин көрсөтүү менен тиркелет.
16. Мамлекеттик кайра каттоо же болбосо ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.
17. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо жана юридикалык жактарды каттоо жөнүндө электрондук формада күбөлүктү берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы N 199, 2013-жылдын 15-июлундагы N 142, 2015-жылдын 12-майындагы N 93, 2015-жылдын 22-майындагы N 115, 2021-жылдын 16-апрелиндеги N 55, 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 декабря 2021 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 апреля 2021 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)", "О физической культуре и спорте")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 мая 2015 года № 93 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2013 года № 142 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 13 декабря 2012 года № 199 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2009 года № 313 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)""Редакцияларды салыштыруу
10.12.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алдын ала макулдугу мыйзамдарда аныкталган учурларда талап кылынат.
алынып салынды: 21. кошулду: 2-1. Спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте дене тарбия жана спорт жаатындагы … органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
3. (КР 2015-жылдын алынып салынды: 22-майындагы № 115 кошулду: 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары … каттоочу орган тарабынан аныкталат.
14. (КР 2015-жылдын 22-майындагы алынып салынды: № кошулду: N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. Юридикалык жактардын … жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.
кошулду: 17. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо жана юридикалык жактарды каттоо жөнүндө электрондук формада күбөлүктү берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы алынып салынды: № кошулду: N 313, 2012-жылдын 13-декабрындагы алынып салынды: № кошулду: N 199, 2013-жылдын 15-июлундагы алынып салынды: № кошулду: N 142, 2015-жылдын 12-майындагы алынып салынды: № кошулду: N 93, 2015-жылдын 22-майындагы алынып салынды: № кошулду: N 115, 2021-жылдын 16-апрелиндеги алынып салынды: № 55 кошулду: N 55, 2021-жылдын 10-декабрындагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 15-т (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу…Распоряжение · 19.01.2022 · № 15-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 95-б (Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин өткөрүп берүү актысы жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 16.04.2021 · № 95-р
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)Закон · 22.05.2015 · № 115
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 12.05.2015 · № 93 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202621/st-10" title="10-берене - Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>