Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «В.В. Казаченко атындагы №1 Кайыңды мектеп – лицейинин Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 28-январы № 86/XXI-9
В.В. Казаченко атындагы №1 Кайыңды мектеп – лицейинин Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын №168, 19 беренесинин, 2012 – жылдын тогуздун айынын 27- деги «Шаар типтеги кыштактактардын, шаарга айлангандары жана алардын шаар же айыл категориясыны кошулгандары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын 2003 – жылкы, бугу айынын 25 – деги 4 пунктунун, 12 беренесинин “Юридикалык жарандардын, филиалдардын мамлекеттик каттоодон өткөрүү, Граждандык Кодекстин 87 беренесинин негиздеринде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы : ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. В.В. Казаченко атындагы №1 Кайынды мектеп – лицейинин Уставы бекитилсин.
Толук аты: Официалдуу тилинде : Учреждение «Каиндинская школа – лицей №1 имени В.В. Казаченко». Мамлекеттик тилинде: «В.В. Казаченко атындагы №1 мектеп – лицейи»» мекеме.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Чуй обласу, Панфилов району, Кайынды шаары, Белоброва 10 көчөсү деп такталсын.
3. В.В. Казаченко атындагы №1 Кайынды мектеп – лицейи мекемесинин мүдуру мекемени тиешелүү мамлекеттик органдарында каттоо жүргүзсүн
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага:
Абдрасулов У.
В.В.Казаченко атындагы
Кайыңды мектеп-лицейинин
28.01.2014-ж.жамааттык
жалпы чогулушунда кабыл алынган
БЕКИТЕМ Кайыңды шаарынын мэри ________Э.Т.Иманкулов
БЕКИТЕМ Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы _______Т.К.Арыков
В.В.Казаченко атындагы Кайыңды
№1 мектеп-лицейинин УСТАВЫ
Кайыңды ш. 2015-ж.
Чүй облусунун Панфилов районундагы В.В.Казаченко атындагы Кайыңды №1 мектеп-лицейинин Уставы
1.Жалпы жобо
1.1. В.В.Казаченко атындагы Кайыңды №1 мектеп-лицейи (мындан ары – мектеп
лицейи) жалпы билим берүү программасын жана башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү программаларын тереңдетип окутууну иш жүзүнө ашырган мамлекеттик (муниципалдык) мекеме болуп эсептелет.
1.2. Кайыңды мектеп-лицейинин уюмдаштыруучусу (учредитель)болуп эсептелет:
а) Панфилов райондук Билим берүү бөлүмү
б) Кайыңды шаар мэриясы
1.3. Мектеп-лицейинин укуктуу уюштуруу түрү бул-мамлекеттик (муниципалдык) жалпыга билим берүү мекеме.
1.4. Мектеп-лицейи өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын, Билим берүү министрлигинин буйруктарын жана буюрутмаларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.5. Мектеп-лицей чексиз мөөнөткө чейин түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтөт.
1.6. Жалпы билим берүү мекеменин толук жана кыскартылган түрүндө аталышы мамлекеттик тилде – В.В.Казаченко атындагы Кайыңды №1 мектеп-лицейи, Чүй облусу, Панфилов району, Кайыңды шаары, Белобров көчөсү 10, орус тилинде – Чуйская область, Панфиловский район, г.Каинда, ул.Белоброва 10, Каиндинская школа- лицей №1 имени В.В.Казаченко.
1.7. Жалпы билим берүү мекеменин кыргыз тилинде юридикалык дареги – В.В.Казаченко атындагы Кайыңды №1 мектеп-лицейи, Чүй облусу, Панфилов району, Кайыңды шаары, Белобров көчөсү 10, орус тилинде – Чуйская область, Панфиловский район, г.Каинда, ул.Белоброва 10, Каиндинская школа- лицей №1 имени В.В.Казаченко.
2.Укуктук статусу
2.1. Мектеп-лицей мамлекеттик каттоодон өткөндөн күндөн баштап каржылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыгы бар, обочолонгон мүлкү, өзүнчө балансы, мөөрү, штампы жана кыргыз, орус тилиндеги аталыш бланкы, эсептешүү жана өздүк эсеби бар казына жана башка каржы-кредиттик мекемелердин уюмдарына кирген юридикалык жак болуп эсептелет.
2.2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жалпы билим берүү мекемелериндеги мектеп-лицейи бекитилген мүлккө ээлик кылууга, колдонууга жана буюрутма берүүгө, ыкчам башкаруу укугуна ээ.
Мектеп-лицейдин мүлкүнө төмөнкүлөр кирет: негизги каражаты болуп ээлеген имараты, жабдуулары, инвентарлары, жер участогу жана башка мүлктөрү.
2.3. Мектеп-лицейи акча каражатына, мүлк жана жеке менчик курулуштарга, физикалык жана юридикалык жактардын белек кылуу, курмандык кылуу же мурас кылуу формасында берилсе жеке менчик кылууга укуктуу. Ошондой эле жалпы билим берүү мекеменин өздүк кирешеси, кирешеден алынган объект жеке менчик болуп эсептелет.
2.4. Мектеп-лицейи уюмдаштыруучулардын макулдуулугу менен өзүнө бекитилген мүлктү Мыйзам чегинде ижарага берүүгө укугу бар, андан тапкан пайданы уставдуу максаттарга иштетүүгө укуктуу.
2.5. Мектеп-лицейи Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде соттошконго, жооптуу же талапкер болууга укуктуу.
2.6. Мектеп-лицейдин иш алып баруусу Кыргыз Республикасынын мыйзамы бекиткен таризде аттестацияланганга укуктуу.
2.7.Мектеп-лицейинин түзүүчүлөрү мектептин милдеттүүлүгү боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде алат.
3.Жалпы билим берүүчү мекеменин максаттары жана иш алып баруусу
3.1. Мектеп-лицейдин негизги максаты: инсандык жалпы маданияттуулугун тарбиялоо, ошондой эле жалпы билим берүүчү долбоордун негизинде инсандарга билим берүү, аны коомдо аң-сезимдүү тандоосу менен жарандыкка тарбиялоо;
3.2. Мектеп-лицейинин билим берүү мазмунун жалпы билим берүүчү программасын төмөнкү чекте өздөштүрүүнүн негизинде башталгыч кесиптик программа жана окуучулардын тандоосу боюнча педметтик программа түзөт.
3.3. Мектеп-лицейинин иш алып баруусу бул: жалпы билим берүүчү долбоордун башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим, башталгыч кесиптик билим, окуучулардын тандоосу боюнча сабактарды окуу программасы окуу планынын башталгыч, негизги жана орто билим берүү деңгээлинин негизинде ишке ашырылат.
4.Негизги ишмердүүлүк принциптери
4.1. Мектеп-лицей төмөнкү принциптердин негизинде иш жүргүзөт:
* Кыргыз Республикасынын бардык жарандары сапаттуу билим алууга бирдей укуктуу;
* мамлекеттик билим стандарттарын аткаруу;
* билим берүүнүн үзүрлүү тутумун түзүү;
* билим берүү мекеменин каржылык өзүнчөлүгүн камсыз кылуу;
* мамлекеттик каржылык ресурстарды рационалдуу пайдалануу;
*жалпы билим берүү мекемесин 1 окуучуга эсептелген бирдей стандарттуу ченемдик каржылоонун негизинде бюджеттик каржылоону камсыз кылуу;
* окуу процессин системалаштыруу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү;
* ар бир инсандын башталгыч, негизги жана орто мамлекеттик жана муниципиалдык окуу мекемеде бекер билим алуусун көзөмөлдөө;
* кошумча билим алууга акы төлөө кызматы көрсөтүлөт, андан түшкөн киреше өз демилгеси менен иштетет жана өзүнүн балансына киргизет;
* жалпы билим берүүчү мекеменин билим берүү, каржылык иш алып баруусу мамлекеттик-коомдук текшерүүгө, көзөмөлдөнүп турууга тийиш.
5.Милдет жана укуктары
5.1. Мектеп-лицейи өз функцияларын жана максаттарын ишке ашырууда төмөнкү укуктарга ээ:
* өз алдынча керек-жарак сметаларын иштеп чыгууга жана өзгөртүүгө;
* материалдык, техникалык, каржылык жана кадрлык ресурстарын өз алдынча пайдаланууга;
* жалпы билим берүүчү мекемелердин иш алып баруусун жөнгө салган мыйзамда бекитилген талапка ылайык кошумча билимге акы төлөө кызматын билим берүү процессинде уютурууга;
* Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин бекитилген билим берүү долбоорунун жана базистүү окуу пландарын кабыл алуусуна жана ишке ашыруусуна;
* жалпы билим берүү ( мектепке чейин, башталгыч, негизги, жалпы орто) долбоорлорунун ишке ашуусун камсыз кылууга;
* Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын негизги жоболорунун окутуу жана тарбиялоо формаларын, усулдарын өз эркинче тандап алууга;
* белгиленген таризде мектепке кабыл алууга, окуу процессине катышкан бардык окуучулар сапаттуу жана жеткиликтүү билим алууга;
* жергиликтүү аймакта катталган жана билим алууга укуктуу окутууга жарактуу жарандарды кабыл алууга ( жергиликтүү аймакта катталбагандар мектепте орун жок болгон учурда гана кабыл алынбайт) Мектепке тийиштүү документтери жок болсо кабыл алынбайт. Мектепке кабыл алуу үчүн төмөнкү документтер керек: окуучунун өздүк көктөмөсү, туулгандыгы тууралуу көбөлүк же паспорт, медициналык маалымат;
* лицей класстарына тестирлөөдөн өткөн жыйынтык боюнча кабыл алынат. Тесттин шарттары жана мазмунун усулдук кеңешме иштеп чыгат;
* Кыргыз Республикасынын ”Билим берүү тууралуу” мыйзамынын талаптарына ылайык окуучуларды өз демилгеси менен аттестациялоого;
* Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги регламенттеген актылардын негизинде бүтүрүүчү окуучуларга жыйынтыктоо аттестация жүргүзүү жана мамлекеттик билим тууралуу мөөр басылган документ берүүгө;
* Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген прейскуранттын негизинде окуучулардын тандоосу боюнча кошумча сабактарды өтүүгө жана коммерциялык негизде класстарды түзүүгө; кошумча ийримдерди, атайын курстарды, секцияларды уюштурууга; кесип боюнча (окуучулардын тандоосу боюнча) башталгыч кесиптик билимге ээ болууга;
* улуттук жана мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга;
* жогорку турган мамлекеттик башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жалпы билим берүүнү жакшыртуу жана уюштуруу боюнча маселелер, сунуштар менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле ЖОЖ, техникум, ишкана, фирмалар менен, юридикалык жана физикалык жактар менен түз байланышта болууга жана алар менен кызматташ болууга;
* эл аралык жана башка коомдук уюмдарга, ассоциацияларга кирип иш жүргүзүүгө укуктуу;
* ошондой эле мектеп катышкан уюмдарды, ассоциацияларды, бирикмелерди окуу процессин өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында өз алдынча түзүүгө укуктуу
5.2. Мектеп-лицейи камсыз кылууга милдеттүү:
*мамлекеттик стандарттуу жалпы билим берүүнүн сапатына;
*окуучулардын ден-соолугун жана өмүрүн сактоо, шык-жөндөмдүүлүгүн, психологиялык өзгөчөлүгүн үйрөнүү;
* гигиеналык-санитардык нормаларды сактоо;
5.3. Мектеп-лицейинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
*жалпы билим берүү программасында, окуу планында, Уставда каралбаган эмгекке тартууга;
* окуучуларга психикалык басым кылуу же болбосо кол көтөрүүгө;
* саясий партияларды, коомдук саясий жана диндик кыймылдарды уюштурууга тыюу салынат. КРнын Конституциясына ылайык жарандын саяий жана диний эркиндиги сакталат;
*окуучуларды саясий партияларга, кыймылдарга, акцияларга кирүүгө, үндөөгө же күчкө салып киргизүүгө тыюу салынат.
6.Окуу процесси
6.1. Мектеп-лицейинде окуу процесси мамлекеттик жана расмий тилинде жүрөт.
6.2. Биринчи класска 6-7 жаштагы балдар-кыздар кабыл алынат, мектепке бекитилген участокто жашаган ата-энелердин арызы жана мектепке керектүү документтер
( туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт, медициналык маалымат) менен сынаксыз жана тестирлөөсүз кабыл алынат. Мектеп участогунда жашабаган балдарга мектепте орун жок болгон учурда гана кабыл кылбоо (отказ) кылынат.
6.3. 8-лицей классына кабыл алуу жалпы билим берүүчү мекемелердин бардык каалоочу окуучулары катыша алат, 7-классты ийгиликтүү бүтүргөн жана тестирлөөдөн өткөн окуучулар арыз менен кабыл алынат.
6.4. Лицей классына кабыл алуу үчүн мугалимдерден, билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, врач жана психологдордон атайын кабыл алуу комиссиясынын курамы түзүлүп, мектеп лицейинин директорунун буйругу менен кабыл алынат.
Тесттик тапшырмалардын мазмунун жана формасын лицей өзү иштеп чыгат. Кабыл алуу комиссиясы өз ишин аймактык мамлекеттик билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилген “Кабыл алуу комиссиясы жөнүндө” Жоболордун негизинде жүргүзөт.
6.5. Лицей классына тапшыргандар жана алардын ата-энелери окуу процессинин регламенттери жана документтери менен таанышуусу керек.
6.6. Тесттирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бош орунга жаңы окуу жылы башталганга чейин 8-класска окуучуларды кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.
6.7. Бардык окуу мезгилинде жагымдуу жагдай түзүүнү лицей өз мойнуна алат.
6.8. КРнын Илим жана билим министерствосунун 2014-жылдын 17-илюндагы №528/1-“Окуучулардын мектеп формасын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык лицей окуучулардын бирдей мектеп формасын кийүү талабын сактайт.
6.9. Окутуу жана тарбиялоо үчүн мектеп-лицейине кабыл алуу буйруктун негизинде катталат.
6.10. Мектеп-лицейинде окутуу процессин жалпы окутуу долбоорунун негизинде 3 баскычта өтөт:
1-баскыч - башталгыч билим алуу(4 жыл) 2-баскыч - негизги жалпы билим алуу (5 жыл) 3-баскыч - орто билим алуу (2 жыл) Мамлекеттик билим стандарттын негизинде, мектеп-лицейинде жалпы билим берүү мазмуну мектеп-лицейдин өз алдынча иштеп чыккан, бекитилген жана иш жүзүнө ашырган программанын негизинде жүргүзөт.
6.11. Мектеп-лицейинде окуу процесси окуу базистик пландын негизинде, сабактардын жүгүртмөсү менен уюштурулат, ошондой эле төмөнкү график менен иш жүргүзөт:
1 – баскыч – 5 күндүк иш жумасы 2 – баскыч – 6 күндүк иш жумасы 3 – баскыч – 6 күндүк иш жумасы
6.12. Сабак 45 мүнөттөн, биринчи класстарга 40 мүнөт.
6.13. Мектеп окуучулары үчүн милдетүү жүктөм (нагрузка) ар бир класска жыйынтык жүктөмүнүн чеги КРнын Билим министерствосу бекиткен Окуу долбоорунун негизинде аныкталат.
6.14. Мектеп-лицейинде класс-комплекттер окуучулардын санына жана санитардык ченемге ылайык түзүлөт, ар бир класска 30 чейин окуучу, лицей класстарында 25 (8-9-класстарда) жана 20 (10-11-класстарда) окуучу. Кыргыз тили, чет тили 1-11-класстар, эмгекке үйрөтүү 5-7 класстар, ОИВТ сабагында 7-9-класстар 2 тайпага (группага) бөлүнөт (класс-комплект 30 дан ашса) Ал эми 8-9-класстарда 25 окуучудан ашса, 10-11-класстарда 20 дан ашса.
6.15. Мектеп-лицей каалоосу жана суроосу менен акы төлөнүүчү күнү узартылган топ, ошондой эле мектепке даярдоочу топ түзүүгө укуктуу. Башталгыч кесиптик машыгуу окутуу программа боюнча лицей класстарын (8-9 жана 10-11) акы төлөөнүн негизинде 2 айлык жайкы окутуу, акысыз окутуунун негизинде окуучулардын тандоосу жана ата-энелердин суроосу боюнча окутулат. Башталгыч кесиптик билим 8-9-класстар үчүн мидеттүү түрдө окутулат. Окутуу мектеп-лицейдин өз алдынча иштеп чыккан программасы боюнча аралык (8 жана 10-класстарда көчүрүү экзамендери) жана жыйынтыктоо аттестациясы (9 жана 11-класстарда) жүргүзүлөт. “Кесип” боюнча предмет аттестациянын жыйынтыгы менен “зачет”, “не зачет” деген формада бааланат. Толук эмес орто билими боюнча күбөлүккө же жалпы орто билими жөнүндө аттестатка үйрөнгөн кесиби жазылат. Мектеп үйрөнгөн кесиби боюнча тастыктама (сертификат) берет.
6.16. Окуу жылы 1-сентябрда башталат. Окуу мөөнөтү 1-класста 33 жума, калган класстарда 34 жума. Каникулдун мөөнөтү 30 календардык күн, ал эми жайкы каникул – календардык жума , 1-класстын окуучуларына кошумча 1 жума каникул берилет (графиктин негизинде)
Жылдык окуу-календардык графиги мектептин директорунун буйругу менен, педагогикалык кеңештин пикири менен, ошондой эле Билим берүү бөлүмүнүн макулдугу менен биргелешип бекитилет.
6.17. Жалпы билим берүү долбоордун берилген көлөмүн толук өздөштүргөн окуучу кийинки класска которулат. Жылдын жыйынтыгы боюнча “канааттандырарлык эмес” деген баасы бир сабактан болсо, шарттуу түрдө кийинки класска которулат. Эки же андан көп сабактан “Канааттандырарлык эмес” деген баалары болсо, ордунда калтырылып, кийинки класска көчүрүлбөйт. Класстан класска көчүрүү мектептин педагогикалык чечими менен жүргүзүлөт. 7-класстарда көчүрүү экзаменинде лицей класска алуу үчүн негизги сабактар (табыгый илимдер жана гуманитардык илимдер) боюнча тесттирлөө жүргүзүлөт.
6.18. Ата-энелердин каалоосу менен жалпы билим берүү долбоорун өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында үй-бүлөлүк билим алууга, өз алдынча билим алууга, сырттан окууга шарт түзөт.
6.19. Мектеп-лицейинин педагогикалык жамаатынын кеңешинин чечими менен тартипти бир нече жолу бузган окуучулар мектептен чыгарылат. Тартипти бузууга төмөнкүлөр кирет:
- адамдын өмүрүнө оор жаракат келтирүү;
- мектептин мүлкүнө;
- окуучулардын, мектепте эмгектенген адамдардын мүлкүнө зыян келтирүү;
Материалдык зыян КРнын Мыйзамынын негизинде окуучунун ата-энесинин мойнуна салып, төлөтүп алынат. Ата-энеси жок, же болбосо тоголок жетим балдарды мектептен чыгаруу чечими педагогикалык кеңештин макулдугу менен жана өкмөттүк багып алуу органдардын макулдугу менен чыгарылат. Мектептен чыгарылган окуучу жөнүндө үч күндүн ичинде жергиликтүү башкаруу органдарына маалымат берилет. Жергиликтүү башкаруу органы ата-энеси (мыйзамдуу өкүл) менен биргеликте бир айлык мөөнөттө чара көрүп ишке орноштурат, же билим берүү мекемелерине жайгаштырат.
6.20. Жалпы билим алуу долбоорун өздөштүрүүсү бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо аттестациясы менен бүтөт, ал эми жыйынтыктоочу аттестация КРнын мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо аттестация тууралуу мыйзамынын талаптарынын негизинде өткөрүлөт. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим алгандыгы тууралуу мектептин мөөрү басылган документ берилет, өзгөчө ийгиликке жетишкен бүтүрүүчүлөр өзгөчөлөнгөн аттестат, күбөлүккө ээ болушат.
6.21. Мектеп-лицейинде предметтер боюнча акы төлөнүүчү кошумча түрдүү билим берүү кызматы болушу мүмкүн (окуучулардын ата-энелеринин каалоосу боюнча)
6.22. Мектеп-лицейинде класстардын саны ата-энелерден түшкөн арызга жана санитардык жеткиликтүү ченемге байланыштуу болот.
6.23. Келишимдин негизинде жана КРнын Билим министерствосу тарабынан бекитилген кошумча окутуу кызматынын Көрсөткүч баанын (прейскурант) негизинде окуучулардын жана алардын ата-энелеринин кызыгуусу менен мектеп-лицейинде жана мектепке даяр эмес балдар үчүн)
6.24. мектеп-лицейинде администрациянын катарында атайын бөлүнгөн медициналык персонал окуучулардын дени сак болушуна, дарылоо-профилактикалык иш-чараларга, санитардык-гигиеналык нормаларга, тамактануунун режимине, сапатына жооптуу.
6.25.Окуучулардын тамактануусу мектеп ашканасында уюштурулган.
7.Окуу процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
7.1. Окуу процессинин катышуучулары: окуучулар, педагогикалык кызматкерлер, ата-энелер же алардын орун басарлары болуп эсептелет.
7.2. Мектеп-лицейине кабыл алуу КРнын “Билим берүү” мыйзамынын жана ушул Уставдын негизинде жүргүзүлөт.
7.3. Мектеп-лицейи жаңы келген окуучуга, анын ата-энесине мектеп Уставы жана башка тиешерүү документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
7.4. Мектеп-лицейинин окуу процессине катышкандардын милдеттери жана укуктары КРнын “Билим берүү тууралуу” мыйзамынын жана төмөнкү Уставдын негизинде такталат.
7.5. Мектеп-лицейинин окуучулары укуктуу:
* КРнын “Билим берүү тууралуу” мыйзамынын негизинде акысыз жалпы орто билим алууга;
* окутуунун түрүн тандап алууга: күндүзгү, сырттан окуу (мектеп-лицейдин базасында 9-класс сырттан окуу мектеби), же үй бүлөлүк окуу (жеке үйдөн окуу);
* мектеп китепканасын пайдаланууга жана керектүү информация алууга;
* кошумча (акы төлөө менен) билим алууга;
* мектеп Уставы тактаган мектеп башкаруу процессине катышууга;
* адамдык касиетин сыйлоого, өз пикирин, оюн эркин айтууга, информациянын жана аң сезиминин эркиндигине;
7.6. Окуучулар милдеттүү:
* мектеп-лицейдин Уставын так аткарууга;
* ак ниеттүүлүк менен окууга, мектеп мүлкүн сактоого, мектепте эмгектенген кызматкерлерге сылык мамиле жасоого жана алардын талаптарын аткарууга.
7.7. Ата-энелер (алардын ордун басуучулар):
* мектепти жана окуу формасын тандап алууга;
* өз балдарынын укугун, кызыкчылыгын жактоого, коргоого;
* мектеп Уставы тактаган мектеп башкаруусуна катышууга
7.8. Ата-энелер милдеттүү:
* өз балдарын тарбиялоого, мектеп Уставында айтылган милдеттерди аткарууга, балдарынын билим алуусуна шарттарды түзүп берүү, Конвецияда айтылган баланын укугун сактоо
7.9. Мектептин Уставына ылайык өз ара же мектептин келишиминин негизинде кээ бир укук, милдет ата-энелерге бекитилиши жана жүктөлүшү мүмкүн.
7.10. Мектептин персоналы Устав менен регламенттенет, педагогикалык кызматка тиешелүү педагогикалык билими бар, квалификациясы бар жарандар кабыл алынат, белгилүү кесип боюнча өтө таңсык (дефицит) кадр болсо, жогорку окуу жайын бүтө элек болсо да кабыл алынат.
7.11. Администрация мектеп кызматкерлеринин мамлеси КРнын Эмгек мыйзамы менен чектелет. Эмгек келишимдин мөөнөтү жумуш берүүчү жана жумуш аткаруучунун ортосунда келишим түзүлүп, эмгек мыйзамынын негизинде чектелет.
7.12. Мектеп-лицей кызматкерлеринин укуктары:
* Мектептин башкаруусуна катышууга (мектеп-лицейдин Уставынын такталуусу менен);
* Профессионалдык намысын коргоого;
* Окутуунун усулдарын, ыкмаларын өз ыктыяры менен тандоого, окуу китептерин, жардамчы, кошумча адабияттарды өз предметинде колдонууга, окуучулардын билимин, өздөштүрүүсүн баалоого жана нормативдүү билим берүү документтери, стандарттары менен таанышууга;
* Профессионалдык квалификациясын жогорулатууга;
* КРнын мыйзамында бекитилген кыскарылынган иш жумалыгына төлөнүп берилген отпускага, социалдык жактан коргоо кепилдигине;
7.13. Педагогикалык кызматкерлердин иш көлөмү окуу планынын жана долбоорунун сааттарынын санынан түзүлөт. Бир ставканын ченеминен ашыруу кызматкерлердин жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана берилет. Жыл башында берилген иш көлөмү жыл ичинде администрациянын демилгеси менен, окуу программа жана планында сааттардын азайгандыгына, класстардын кыскаргандыгына жана адистин кеткендигине байланыштуу КРнын Эмгек кодексинин негизинде өзгөрүшү мүмкүн.
7.14. Мектеп-лицейдин педагогикалык эмес персоналынын милдеттери тиешелүү квалификациялык мүнөздөмөлөр менен такталат.
8.Мектеп-лицейдин структурасы
8.1. Мектеп-лицейдин структурасы Уставдын негизинде директордун алдыга койгон максаттарды эске алуу менен жана жергиликтүү билим башкаруу орган, айыл өкмөттүн макулдугун алгандан кийин түзүлөт.
8.2. Мектеп-лицейдин персоналынын саны финансылык мүмкүнчүлүктү эске алуу менен өз алдынча такталат. Кызматчылардын функционалдуу милдеттерин директор бекитет.
9.Мектеп-лицейдин башкаруусу
9.1. Мектеп башкаруусу КРнын “Билим берүү тууралуу” мыйзамынын негизинде демократиялык, ачык-айкындык, жалпы адамдык байлыктын приоритеттерин, адамдын ден соолугун, өмүрүн, инсандык эркиндигин эске алуу менен түзүлөт.
9.2. Мектептин башкаруусунун жогорку органы мектептин учредителдери болуп эсептелет, ал мектептин ичин координациялап турат.
9.3. Уставдын, КРнын мыйзамынын негизинде мектеп-лицейдин негизги башкаруусу директорго жүктөлөт.
9.4. Директор:
* педагогикалык жамаатка жетекчилик кылат, мектептин кадрларын туура тандоону камсыз кылат;
* кызматчыларга эмгек акы берүү жана сыйлоо жөнүндө ички абалды бекитет.
* кредиттердин бөлүштүрүүчүсү боло алат жана финансалык-эсептөө документтерине кол коюп бекитет;
* бюджеттик, бюджеттик эмес каражаттар боюнча чыгым сметаларын бекитет;
* чыгым сметалардын аткаруусун текшерет, бекитет;
* бекитилген смета чыгымдарына ылайык каражаттарды өз убагында жана толук максаттуу жумшалгандыгын текшерет;
* мектеп кызматчыларынын квалификациясын, усулдук деңгээлин көтөрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзөт;
* мектептин билим сапатына, окуучулардын тартибине, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштердин уюштурулушуна көзөмөл жүргүзөт;
* мектептин атынан келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишенич кагаздарын берет, банктан эсеп ачат;
* бекитилген таризде штаттык жүгүртмөнү бекитет, буйрук жана көрсөтмө берет;
* жогорку билим берүү башкаруу органдарга жылдык жана кезектеги иш пландарын ж.б иш кагаздарын бекитүүгө берет;
* мектептин директору ата-энелер алдында, өкмөт алдында, коомдун алдында, ошондой эле учредителдин алдында өз иши, функционалдуу милдеттери үчүн жекече жооптуу.
10. Өз алдынча башкаруу формалары
10.1. Мектеп-лицейинде өз алдынча башкаруунун формалары деп педагогикалык
кеңеш, камкордук кеңеш, эмгек жамаатынын жалпы чогулушу, окуучулар кеңеши, ата- энелер комитети болуп эсептелет.
Камкордук кеңеши
10.1.1. Камкордук кеңеши өз ыктыяры менен бириккен демөөрчүлөрдүн тобу болуп
эсептелет, мектепти бюджеттик эмес каражат менен камсыздап турат.
10.1.2. Мектептин өзүн өзү башкаруудагы эң жогорку орган болуп, мектептин
Камкордук кеңеши эсептелинет. Анткени ал билим берүү процессиндеги катышуучулардын, кызыккан тараптар менен уюштуруучулардын кызыкчылыгын көздөйт.
10.1.3.Камкордук кеңеши юридикалык жак болуп эсептелет жана Устав жана Жобонун
негизинде иш алып барат.
10.1.4.Камкордук кеңеши менен мектеп жетекчилеринин ортосундагы укуктук чеги
Келишимдин негизинде аныкталат.
10.1.5.Мектептин камкордук кеңеши менен мектептин өзүн-өзү башкаруу
Органдарынын ортосундагы мамиле Жобо менен аныкталынат.
10.1.6.Камкордук кеңешинин түзүмү, курамы, уюштуруу процедурасы, функциялары,
укуктары менен милдеттери жана камкордук кеңешинин иш кагаздары Жобо менен аныкталат.
10.1.7. Камкордук кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн кеңешмесинде Камкордук
Кеңешинин төрагасын жана катчысын шайлайт.
10.1.8. Камкордук кеңешиин ыйгарым укугунун мөөнөтү – 3 жыл. Камкордук
Кеңешинин чечими менен үч жылда бир жолу шайлоо үчүн (кайра шайлоо) Камкордук Кеңешинин конференциясы чакырылат. Камкордук кеңешинин мүчөсү мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, төрага кезексиз чогулуш чакырып, камкордук кеңешинин курамын толуктайт. Шайланган Камкордук кеңешинин мүчөсү чогулуштун чечими менен мөөнөтүнөн мурда кайта чакыруу укугуна ээ.
10.1.9. Камкордук кеңешинин мүчөлөрү акысыз иш жүргүзөт.
10.1.10. Камкордук кеңешинин чогулушу төрага тарабынан иш пландын негизинде
жарым жылда бир жолудан кем эмес чакырылат.
10.1.11. Мектеп жетекчиси Камкордук кеңешинин чечимин КРда иштеп жаткан
мыйзамдар бузулганда гана учурда токтотууга укугу бар.
10.1.12. Камкордук кеңешинин чогулушунда токтом жазылып, Камкордук кеңешинин
төрагасы менен катчынын колу коюлат. Камкордук кеңешинин чогулушу ачык өтүп, ага билим берүү процессине катышкан бардык топтор жана уюштуруучулар менен коомчулуктук өкүлдөрү катыша алат.
10.1.13. Камкордук кеңешинин төрагасынын ыйгарым укугунун мөөнөтү – 3 жыл кайра
шайлануу менен.
10.1.14. мектептин Камкордук кеңешинин ыйгарым укугу:
* мектептин тадминистрациясы менен биргеликте мектептин перспективалык өнүгүшүнүн негизги багыттарын жана стратегиясын аныктайт.
* мектептин өнүгүшүн жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн ар кандай кирешелерди жана финансы каражаттарын тартууга жардамдашат.
* мектептин финансаылык жана материалдык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, финансы каражаттарынын сапрталыш багыттарын жана мектептин мүлктөрүнүн колонулушун карайт.
* райондогу ишканалар жана уюмдар менен мектептин байланышын бекемдеген иш чараларды карайт.
* мектептин Камкордук кеңешинин Жобосунун негизинде аныкталган башка маселелерди карайт.
Педагогикалык кеңеш
10.2.1.Педагогикалык кеңеш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жана
чыгармачылыгын өстүрүү, окуучуларга туруктуу билим берүү жана тарбиялоо максатын көздөгөн коллегиалдуу орган болуп саналат.
10.2.2. Педагогикалык кеңеш:
* окуу-тарбиялоо ишинде билим берүүнүн мазмунун, формасын, усулун тандайт жана аларды ишке ашырууну талдайт;
* педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана чыгармачыл демилгесин өстүрүү боюнча иштерди уюштурат;
* окуучуларды кийинки класска которуу, шарттуу которуу, ошондой эле ата-энесинин макулдугу менен кайрадан классына калтыруу боюнча маселелерди чечет.
Педагогикалык кеңеш директордун чакыруусу менен зарыл мезгилде чакырылат. Мектептин ата-энелер комитети
10.3.1.Мектептин ата-энелер комитети ата-энелердин жана окуучулардын
кызыкчылыгын көздөгөн шайланган орган болуп эсептелет.
10.3.2. Ата-энелер комитети Уставдын жана Жобонун негизинде иш жүргүзөт.
10.3.3. Ата-энелер комитетинин курамы, максаттары, функциялары, укуктары,
жоопкерчилиги, иштөө регламенти жана иш кагаздарын алып баруу Жобо менен аныкталынат.
10.3.4. Ата-энелер комитети бардык класстардын ата-энелеринин өкүлдөрүнөн бирдей
курамда түзүлүп, бир жылдык мөөнөт менен шайланат.
10.3.5. Ата-энелер комитети мектептин Камкордук кеңешине эки мүчөсүн шайлайт.
Мектептин окуучулар кеңеши
10.4.1. Мектептин окуучуларынын өзүн-өзү башкаруу органы тандаган окуучулардын
кеңеши болуп эсептелет.
10.4.2. Мектептин окуучулар кеңеши мектептин Уставынын жана Жобосунун
негизинде иш жүргүзөт.
10.4.3. Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусунун негизги максаттары, багыттары,
функциялары,укуктары, уюштуруу тартиби жана структурасы Жобо менен аныкталынат.
10.4.4. Мектептин камкордук кеңешине окуучулар кеңеши эки мүчөсүн шайлайт.
11.Финансылык каржылоо жана аны иштетүү ирээти
11.1. Мектептин негизги финансылык жактан каржылоосу бул:
* республикалык жана жергиликтүү бюджет;
* жарандык жана юридикалык инсандардын өз ыктыяры менен берген каражаттары;
* ата-энелердин кошумча сабактарга төлөгөн каражаттары;
* эр аралык уюмдардын гранттары4
* башка КРнын мыйзамын бузбаган каражаттар;
11.2. Мектеп-лицейдин финансы каржылоосу бюджет эсебинен ар бир адамдан
Нормативи боюнча минималдык бюджеттик стандарттын негизинде түзүлөт.
11.3. Мектеп-лицейи өзүндөгү каражатты өз алдынча бөлүштүрөт, кызматчыларын
эмгек акысын, ар кандай кошумча төлөөлөрдү жүргүзөт, штат жүгүртмөнү жана кызмат милдеттерин бөлүштүрөт.
12. Уставка киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор
12.1.КРнын мыйзам чыгаруу таризинде, бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор
эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда каралат, учредителдери каттоо жүргүзүп бекитет.
13.Мектеп-лицейдин текшерүүсү
13.1. Мектеп текшерүүсү КРнын мыйзамынын жана ушул Уставдын негизинде
жүргүзүлөт.
14. Мектеп-лицейинин ишин токтотуу
14.1. Мектептин ишин токтотуу же болбосо реорганизациясын жокко чыгаруусу
(бириктирүү, бөлүү, кайра түзүү) учредителдердин чечими менен, же болбосо соттун чечиминин негизинде ишке ашырылат.
14.2. Мектептин реорганизациясын жокко чыгаруу жоопкерчилигин учредителдер
өз мойнуна алышат, окуучуларды бөлөк жакка которуп берүүнү ата-энелердин макулдугу менен уюштурууга милдеттүү.
14.3. Жокко чыгаруу (ликвидация) ликвидациялык комиссия КРнын мыйзамына
ылайык ишке ашырат.
14.4. Мектеп-лицейинин иш кагаздары КРнын “Улуттук архив фонду тууралуу”
мыйзамына ылайык сакталат.
Мектеп директору:______________ /Подгорный Е.А./
В.В.Казаченко атындагы Кайыңды № 1 мектеп-лицейи
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон