Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-28.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-июлу № 142
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 10-берененин 15-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Турак жай менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү реквизиттерин көрсөтүү менен тиркелет.".
2. 11-берененин 4-бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- коммерциялык эмес уюмду түзүүнү уюштуруучулардын тизмесин же фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен демилгечи-жарандардын (турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери үчүн) тизмесин. Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары же демилгечилери болуп жеке жактар чыккан учурда, уюштуруучулардын тизмесинде же демилгечи-жарандардын тизмесинде уюштуруучулардын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар же демилгечилер кол коет, мында алардын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3130-V "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 30.05.2013 · № 3130-V
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон