Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин өткөрүп берүү актысын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 19-январы № 15-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 94-статьясына жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин өткөрүп берүү актысы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин Өткөрүп берүү акты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесинин 9-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 94-беренесине ылайык, биз, төмөндө кол койгон, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (мындан ары - МКК) директорунун орун басары О.С.Тарбинский, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - АӨМА) директорунун орун басары P.M.Алыкулов, МККнын адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Салыкбаев, МККнын финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Ш.Токташ, АӨМАнын башкы бухгалтери А.Э.Окенова, МККнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы А.М.Джаманкулов, АӨМАнын укуктук камсыздоо секторунун башчысы С.Б.Бакасов, МККнын мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы С.А.Алымкулова, АӨМАнын административдик жана кадр иштери секторунун башчысы Б.С.Казиева, МККнын финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси С.Б.Берикбаев, АӨМАнын чарба башчысы А.Ж.Маматов курамында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 8 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппараты жана аймактык өкүлчүлүктөрү боюнча Өткөрүп берүү актты түздүк. Жогоруда аталган комиссия тарабынан баланстык мүлктү эсепке алуу жана баалоо жүргүзүлүп, инвентаризациялоонун натыйжасында кайра уюштурулган МКК жана АӨМА боюнча төмөндө аталган негизги каражаттар, анча баалуу эмес жана тез эскирүүчү предметтер жана милдеттенмелер белгиленди.
1. Өткөрүп берүү актынын тиркемелерине ылайык 2021-жылдын 30-ноябрындагы абалына карата активдер жана пассивдер:
- негизги каражаттар (имараттар жана курулмалар, эмерек, уюштуруу техника, кеңсе жабдуулары жана башка негизги фонддор), эсептелген эскирүүнү көрсөтүү менен МККнын жана АӨМАнын борбордук аппараттары боюнча Өткөрүп берүү актынын 1-тиркемесинде жана МККнын аймактык өкүлчүлүктөрү боюнча. Өткөрүп берүү актынын 1.1-тиркемесинде чагылдырылды;
- негизги каражаттар (кызматтык автомашиналар), эсептелген эскирүүнү көрсөтүү менен борбордук аппараттарынын, аймактык өкүлчүлүктөрүнүн Өткөрүп берүү актынын 2-тиркемесинде чагылдырылды;
- товардык-материалдык запастар (анын ичинде анча баалуу эмес жана тез эскирүүчү предметтер), эсептелген эскирүүнү көрсөтүү менен МККнын жана АӨМАнын борбордук аппараттары боюнча Өткөрүп берүү актынын 3-тиркемесинде жана МККнын аймактык өкүлчүлүктөрү боюнча Өткөрүп берүү актынын 3.1-тиркемесинде чагылдырылды.
2. Кредитордук жана дебитордук карыз (отчеттук мезгилдин ичинде дебитордук карыздын жылышы жөнүндө жалпыланган маалыматтар, ошондой эле бюджеттик каражаттардын тилкесинде жана казыначылыктын депозиттик эсептериндеги каражаттардын тилкесинде милдеттенмелер боюнча өзгөрүүлөр) МККнын жана АӨМАнын борбордук аппараттары боюнча Өткөрүп берүү актынын 4- жана 5-тиркемелеринде жана МККнын аймактык өкүлчүлүктөрү боюнча Өткөрүп берүү актынын 4.1 жана 5.1-тиркемелеринде чагылдырылды.
3. Штаттык саны Борбордук аппараттарынын, аймактык өкүлчүлүктөрүнүн Өткөрүп берүү актынын 6-тиркемесине ылайык, кайра уюшулган МККнын борбордук аппаратынын жылдык бюджети менен - 43002,2 миң сом жана АӨМАнын - 28539,9 миң сом, ошондой эле МККнын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн - 25220,4 миң сом менен.
4. Укуктар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигин бириктирүү жолу менен кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, тараптар талашкан милдеттерди кошкондо, баардык кредиторлорго жана карызкорлорго карата баардык милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп саналат. Ушул Өткөрүп берүү актыга ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигин бириктирүү жолу менен кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке баардык укуктар жана милдеттер өтөт. Укуктар жана милдеттер ушул Өткөрүп берүү акты бекитилгенден кийин, бирок Агенттикти мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин пайда болгондугуна байланыштуу, ушул текстте көрсөтүлгөндөй эле, ушул Өткөрүп берүү актында жазылбаган МККнын жана АӨМАнын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке таандык.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары, комиссиянын төрагасы
О.Тарбинский
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын тең төрагасы
P.Алыкулов
МККнын адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы
Б.Салыкбаев
МККнын финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
Ш.Токташ
АӨМАнын башкы бухгалтери
А.Окенова
МККнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
A.Джаманкулов
АӨМАнын укуктук камсыздоо секторунун башчысы
С.Бакасов
МККнын мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы
С.Алымкулова
АӨМАнын административдик жана кадр иштери секторунун башчысы
Б.Казиева
МККнын финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси
С.Берикбаев
АӨМАнын чарба башчысы
А.Маматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520 "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 05.11.2021 · № 520
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз…Постановление · 15.11.2021 · № 258
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15