Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин «Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кезексиз сессия 2025-жылдын 1-августу № 45/IX Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респупубликасынынын Жер кодексинин 18-беренесинин 7 -пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2 пунктуна ылайык, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле башка максаттардагы жайыт жерлеринин ижара наркынын тарифин бекитүү жөнүндө “НОРУС” муниципалдык ишканасынын мүдүрү А.С.Эрназаровдун маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып, Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлерин пайдалануунун тарифи бекитилсин:
- 0,01 га жайыт жери мал жаюуга байланышпаган башка максаттар үчүн 300 сом өлчөмүндө.
- 0,01 га жайыт аянтын бузбай чарба жүргүзүү үчүн аларды жакшыртууга шарттарды түзүү менен 300 сом өлчөмүндө.
- 0,01 га жайыт жерин эс алуу үчүн пайдаланууга 1000 сом өлчөмүндө.
- жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган жана жайыт катмарын бузбастан көмөкчү чарбаны жүргүзүү башка максаттарда убактылуу пайдаланууга ижаранын мөөнөтү 3-жылдан 5 жылга чейин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы
К. М. Жонгучкаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон