Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугун алуунун тартиби
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2024 года № 204
1. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш-жаза иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.
2. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизет.
3. Башкы прокурордун, Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуштамасын кароо үчүн Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте комиссия түзүлөт.
Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарылчылыкка жараша Башкы прокурордон кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн. Комиссия Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо маселеси чечилүүгө тийиш болгон депутатты, прокуратуранын, өкүлдөрүн же арыз ээсин (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү. Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле чечимдин долбоору түзүлүп, жарыя кылынгандан кийин Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет. Аталган маселени кароодо, ошондой эле берилген чечим долбоорунда депутаттар сунуштамадагы фактыларды чечмелөө, баа берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгө комиссиядан баяндамачы, фракциялардын өкүлдөрү жана маселеси чечилүүгө тийиш болгон Жогорку Кеңештин депутаты катышат.
4. Башкы прокурордун сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим, эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүгү добуш берген болсо, кабыл алынды деп эсептелет. Чечим Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
Жогорку Кеңештин жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган токтому жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Башкы прокуратурага кабарланат. Жогорку Кеңеш негиздер пайда болгон учурда өз чечимин кайра кароосу мүмкүн.
5. Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
6. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ошол депутатка карата кылмыш-жаза ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.
7. Депутатка кол салган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2024 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор алынып салынды: же ишти карап жаткан сот Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизет.
3. Башкы прокурордун, алынып салынды: соттун Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу … кечиктирбестен карайт. Зарылчылыкка жараша Башкы прокурордон алынып салынды: жана соттон кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн.
Комиссия Жогорку Кеңештин … кароодо маселеси чечилүүгө тийиш болгон депутатты, прокуратуранын, алынып салынды: соттун өкүлдөрүн же арыз ээсин (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү.
Иликтөө … тийиш болгон Жогорку Кеңештин депутаты катышат.
4. Башкы прокурордун алынып салынды: же соттун сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим, эгерде Жогорку Кеңештин … кабыл алынган токтому жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Башкы прокуратурага алынып салынды: жана сотко билдирилет.
кошулду: кабарланат.
Жогорку Кеңеш негиздер пайда болгон учурда өз чечимин кайра кароосу мүмкүн.
5. Башкы прокурор алынып салынды: же сот каралып жаткан иш кошулду: боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө кошулду: Жогорку Кеңешке тергөөнүн алынып салынды: же ишти кароонун жыйынтыктары жөнүндө алынып салынды: Жогорку Кеңешке билдирүүгө милдеттүү.
6. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза … каралган жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № алынып салынды: 110 кошулду: 110, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1803-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш…Постановление · 10.01.2024 · № 1803-VII
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-мартындагы № 1742-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө…Постановление · 28.03.2012 · № 1742-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 5020-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Закирович Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга…Постановление · 08.12.2021 · № 5020
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 5019-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Шарипович Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга…Постановление · 08.12.2021 · № 5019
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5024-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине…Постановление · 22.12.2021 · № 5024
- КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 120-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга…Постановление · 09.03.2022 · № 120-VII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>