Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-декабры № 204
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 28-беренеде:
а) 2-бөлүктө "же ишти карап жаткан сот" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта ", соттун" деген сөз алып салынсын;
- экинчи абзацта "жана соттон" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацта ", соттун" деген сөз алып салынсын;
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "же соттун" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацта "жана сотко билдирилет" деген сөздөр "кабарланат" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 14-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267