Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Шарипович Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-декабры № 5019-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Шарипович Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Шарипович Жээнбековду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.
3. Комиссиянын маалымдамасы жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267