Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-декабры № 5024-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын маалымкатын (тиркелет) карап чыгып жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашованын - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.
3. Комиссиянын маалымкаты жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267