Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 9-марты № 120-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Осмоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук берүүдөн баш тартылсын.
3. Комиссиянын маалымдамасы жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267