324-берене. Салык салуу объектиси
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · XIII БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики
1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынуучу объект болуп саналат:
1) мамлекеттик менчикте мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
2) муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
3) жеке менчикте.
2. Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;
2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;
3) 3-топ: ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;
4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
3. Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
324-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (8)
- "Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-102)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен…Порядок · 02.05.2014 · № 244
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы №22-1 "Мамлекеттин салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012- жылдын 10- январдагы №08-6/12 катын кароо…Постановление · 18.01.2012 · № №22-1
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- "Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI – 100)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому…Порядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №681 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 26.10.2011 · № 681 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 10.02.2010 · № 25 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-324" title="324-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>