Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №681 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, фискалдык саясаттык жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 2008-ж. № 8, 922-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-беренеде:
- 2-бөлүктүн 12-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
- 13-пункт "салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу" боюнча деген сөздөрдөн кийин ", салык жана бажы саясатын жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 17, 18 жана 19-пункттар менен толукталсын:
"17) "Калк менен эсептешүү" - жеке ишкерлерден башка жеке адамдар менен жарандык-укуктук келишимдердин түрлөрү боюнча эсептешүүлөр.
18) "Пайыздык киреше" - ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операцияларынан алынган кирешелерди кошо, облигациялар, векселдер жана карыз алуунун башка түрлөрү боюнча кирешелер, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешелер.
19) "Пайыздык чыгаша" - ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операциялары боюнча жүргүзүлгөн чыгашаларды кошо, облигациялар, векселдер жана милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча чыгашалар, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча жүргүзүлгөн чыгашалар.
2. 18-беренеде:
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чыгарылган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган басма жана электрондук басылмаларда документтердин тексттерин жазуу жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык ачык веб-сайтында жалпыга жеткирилет.".
3. 50-берененин 1-бөлүгүндө:
- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнү жоюу жөнүндө, анын ичинде мажбурлоо менен, сотко доо арызын берүүгө;" 68-берененин 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
5. 81-берененин 6-бөлүгүндөгү "салыктын кийинки төлөнө турган суммасынын" деген сөздөр "кийинки мезгилдеги салыктык милдеттенмелерин аткаруунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 87-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "квартал сайын төлөнүүчү" деген сөздөр алып салынсын.
7. 102-берене төмөнкү мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. Салык органы ушул Кодекске ылайык 15 күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздемелерди салык органы алган күндөн кийинки келүүчү 30 календардык күндөн кеч эмес пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.".
8. 114-берененин 3-бөлүгүндөгү "башка иш-аракеттер" деген сөздөр алып салсын.
9. 144-берене күчүн жоготту деп табылсын.
10. 153-беренеде:
- 16-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 18-пункт төмөнкү редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сый акылар роялтиге кирбейт.";
- төмөнкү мазмундагы 32, 33 жана 34-пункттар менен толукталсын:
"33) "Өнбөй турган карыз" - салык төлөөчүгө кошуп эсептелген, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызды жоюп жиберүүнүн же карызкордун өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эскирген доонун мөөнөтү бүткөндө толук ала албаган абалдагы сумма.
34) "Шектүү милдеттенмелер" - соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызды жоюп жиберүүнүн же карызкордун өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эскирген доонун мөөнөтү бүткөндө салык төлөөчү төлөбөгөн салык төлөөчүгө кошуп эсептелүүчү сумма.
35) "Лизингдик компания" - финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган, негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчанын 90 пайыздан кем эмесин түзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү.".
11. 163-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгон учурда бир айдагы киреше боюнча салык салына турган киреше ушул беренеге ылайык белгиленген кирешенин минималдуу эсептик көрсөткүчүнөн кем болбойт.
3. Бир айдагы минималдуу эсептик киреше кийинки календардык жылга Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилей турган тартипте мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде өткөн жылдагы кызматкерлердин орточо эмгек акысынын 40 пайыз өлчөмүндө аныкталат.
Минималдуу эсептик кирешенин көлөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Минималдуу эсептик кирешенин көлөмү учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш. Эгер минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү кийинки календардык жылга ушул кодексте каралган тартипте белгиленбесе, өткөн жылдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат.".
12. 167-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"167-берене. Кирешелер боюнча салык алынбаган кирешелер
Кирешелер боюнча салык алынбаган кирешелер деп, төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөөлөр;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;
5) бюджет каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар;
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө төлөнүүчү стипендиялар;
7) ал жеткис күч жагдайлар менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;
8) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчылардын алар кызматтык милдеттерин аткарууда өлүмү жана/же денеси жаракат алуу менен байланышкан компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан алынган суммасы;
9) курман болгон жумушчунун жакын туугандары же жумушчунун жакын тууганы өлгөндүгүнө байланыштуу жумуш берүүчүдөн кайтарымсыз алган суммалар;
10) саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруучу сумма, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчунун эмгектик милдеттенмелерин аткарууда майып болгон, курман болгон учурда төлөнүүчү сумма;
11) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча мындай зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары менен жумуштарда алектенген жумушчуларга берилүүчү сүттүн жана дарылоо-алдын алуу тамактануусунун наркы;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчуларды милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуу тейлөөнүн наркы;
13) жумушчуга иш сапарынын чыгымдарын, ошондой эле өз милдеттерин аткарган учурда уюмдун башкаруу органдарынын мүчөлөрү тарткан чыгымдарын компенсациялоонун суммалары:
а) берилген документтерге ылайык - багытталган жерине чейин баруу жана кайра кайтуу боюнча;
б) берилген документтерге ылайык - турак жайды жалдоо боюнча;
в) суточный - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдин чегинде.
Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер болбогон учурда иш сапары боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдин чегинде салык салынуудан бошотулууга тийиш;
14) өз кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруунун сыйакыларынын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;
15) ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган жумушчуну даярдоо жана кайра даярдоого багытталган жумуш берүүчүнүн чыгымдары;
16) Граждандык, Улуу Ата мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Ооганстан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандардын, Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган адамдардын, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкан адамдардын, Граждандык, Улуу Ата мекендик согуштарда курман болгондордун жесирлеринин, эгер ушул берене менен башкача каралбаса, ишкердик иш-аракеттерден алынган кирешелеринен башка кирешелери;
17) жеке ишкердикти кошпогондо жеке жактардын айыл чарба продукцияларын сатуудан алган кирешелери;
18) жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн берилүүчү 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө, жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер;
19) бюджеттин каражаттарынын эсебинен Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана сыйлык ээлерине төлөнүүчү стипендиялар;
20) ишке орноштуруу кызматынын органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;
21) майыптарга, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга профсоюздук органдар тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр түрүндөгү киреше;
22) Кыргыз Республикасынын Банктарындагы салымдары боюнча пенсионерлер, Граждандык, Улуу Ата мекендик согуштардын майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Ооганстан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандар аскер кызматчылары, Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган адамдар, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар алуучу пайыздар;
23) ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан алынган дивиденддер;
24) үчүнчү тараптан алынган киреше:
а) майыптардын техникалык каражаттары үчүн төлөм катары майыптар алган;
б) майыптыктын алдын алуу жана аны реабилитациялоо үчүн, майыптар үчүн узатуучу-иттерди багууга кеткен сумманын өлчөмүндө майыптар алган;
в) жөлөкпул түрүндө жашы жете элек балдардын саны 4 жана андан көп болгон майыптар, пенсионерлер, жетим-балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр алган;
г) акысыз тамак-аш түрүндө социалдык жактан корголбогон жактар алган;
25) кан тапшыргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган алименттер;
27) ажырашуунун кесепетинен болуп өткөн жубайлардын же мурунку жубайлардын ортосундагы менчиктерди берүүдөн алынган ар кандай киреше;
28) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашыруудан алынган мүлктү, жумушту, кызматты кошпогондо, мурас же белек берүү тартибинде жакын туугандардан жеке адам алган мүлктүн, жумуштун, кызматтык наркы;
29) гуманитардык жардам катары жеке жак тарабынан алынган мүлктүн наркы;
30) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуш түрүндө алынган кирешенин ар кандай түрү;
31) салык төлөөчү тарабынан жеке максаттары үчүн колдонулган жана ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында эмес сатылып алынган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган, төмөнкү учурлардан башка учурлардагы киреше:
а) сатып алган күндөн тартып жеке менчик укугунда бир жылдан кем эмес таандык болгон автомототранспорттук каражаттарды сатуудан алынган киреше;
б) кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органдарынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна тиешелүү болгон жана ушул кыймылсыз мүлктү сатып алган күндөн тартып биринин артынан бири катар келген 2 жылдан кем эмес жеке менчик укугуна тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше;
32) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштөгү баалуу кагаздардан кайтарып берген сумма;
33) ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан башка учурларда кайтарылып берилүүчү камсыздандыруу сый акылар жана төлөп кайра алуучу суммалар, ошондой эле камсыздандыруу суммалары жана жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде ордун толтуруу;
34) Кыргыз Республикасынын банктарына салымдар боюнча пайыздар;
35) пайыздык киреше жана листингдин эң жогорку категориясынан кийинки эң жогорку фондулук биржалардын листингин сатыла турган күндө болгон баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше;
36) мамлекет, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан социалдык реабилитациялоо же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон, жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар төмөндөгү адамдарга акысыз берилүүчү активдер:
а) качкындар;
б) катуу оорулуулар.
37) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы зоналар шартында иштегендиги үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин өлчөмү.".
13. 175-берененин 1-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кирешелер боюнча салыктын акыркы суммасы, эсептелген салыктын суммасы менен салык агенти кармап калган салыктын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.".
14. 183-берене төмөнкү редакциядагы 15-пункт менен толукталсын:
"15) "Чакан жана орто бизнестин субъекти" - бул КНСти жана сатуудан салыкты эске албаганда, товарларды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү сатуудан түшкөн акчасы календардык жыл үчүн 30000000 сомдон ашпаган кирешеге салыктан салык төлөөчү.".
15. 188-берененин 1-бөлүгүндө:
- 12-пункт төмөнкү мазмундагы д) пунктчасы менен толукталсын:
"д) анын алгачкы наркын алып салуу менен катышуу үлүшү;";
- 16-пункттун б) жана в) пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "19) шектүү милдеттенмелердин суммасы;".
16. 189-беренеде:
- 1-пункттагы "ошондой эле уюмдагы катыш үлүшүн сатуудан кирешени" деген сөздөр алынып салсын;
- 9-пункттагы "пайыздар жана кирешелер" деген сөздөр "пайыздык кирешелер" деген сөздөр менен алмашылсын;
- төмөнкү мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.".
17. 193-берененин 1-бөлүгүндөгү "оң курстук айырманын суммасынан" деген сөздөрдөн кийин "жана өнбөй турган карыздын суммасынан" деген сөздөр менен толукталсын.
18. 196-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"196-берене. Пайыздык чыгымдарды чыгарып салуу
1. Чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен, эгер карыздын суммасы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн колдонулбаса чыгарылып салууга тийиш.
2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгымдар менен байланышкан ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгымдар жылдык жалпы кирешеден чыгарып салууга жатпайт, тескерисинче алардын наркын көбөйтөт.".
19. 197-берененин 5-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, 5 жыл ичинде багытталышы боюнча пайдаланылбаган, атайын фонддун каражаттарынын суммасы бюджетке төлөнөт.".
20. 198-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар, карыз милдеттенмелери боюнча пайыздар" деген сөздөр "анын ичинде пайыздык чыгымдары, ошондой эле даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктүн биринчи абзацындагы "кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздар" деген сөздөр "анын ичинде пайыздык чыгымдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21. 200-беренеде:
- 2-бөлүктөгү "суммасы" деген сөздөрдөн кийин "эгерде ушул бөлүм менен башкача каралбаса " деген сөздөр менен толукталсын";
- 4-бөлүктөгү "салык төлөөчү - лизинг алуучу" деген сөздөр ", эгерде ушул бөлүм менен башкача каралбаса" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. 201-берененин 2-бөлүгүндө:
- 3-пункттагы "жоголгондо," деген сөз ", бузулганда" деген сөз менен толукталсын;
- 8-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
23. 203-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Ушул берененин 2-бөлүгү менен белгиленген чектөөдөн ашып кеткен сумма топтун наркына кошумчаланган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана отчеттук жылдын аягында топтун салыктык наркын көбөйтөт.".
24. 209-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөндөгү салыктар:
а) пайдага салыкты;
б) ушул Кодекске ылайык эсептелбей турган КНСтен башка КНСти;
в) берүүчүлөргө товарларды, жумушту жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда төлөнүүчү сатуудан салыктан башка сатуудан салыкты;
г) ушул Кодекстин беренелерине ылайык эсептелбей турган эсептен чыгарууга тийиш болбогон акциздик салыктан башка акциздик салыкты;".
25. 212-беренеде:
1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, жеке ишкерлердин, андагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн учурда. Көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат"; 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9) лизингдик компаниялар.".
26. 213-берене төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Лизингдик компаниялардын пайда салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".
27. 217-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө
1. Салык төлөөчү квартал сайын салыктык отчеттор берүүгө жана бюджетке салыктык мезгилдин отчеттук кварталынын экинчи 20-күнүнөн кийинки күндөн кеч эмес пайдага салыктын алдын ала суммасын киргизүүгө милдеттүү.
2. Отчеттук квартал үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук кварталдан мурунку квартал үчүн КНСти жана сатуудан салыкты эсепке албастан салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын суммасынан 1 пайыз өлчөмүндө аныкталат.
3. Салыктын алдын ала суммасын төлөбөй койгон же өз убагында төлөбөгөн салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөй койгондугу же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген пеня (туум) колдонулат.".
28. 221-берененин 2-бөлүгүндөгү "ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) келишимдери боюнча лизинг берүүчү-резиденттер алынган пайыздарга карата" деген сөздөргө алмаштырылсын.
29. 223-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "кирешелер" деген сөз "эгерде, ушул берене менен башкача каралбаса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктүн 1-пунктундагы "пайыздар" жана пайыздардан" деген сөздөр "пайыздык кирешелер" пайыздардан кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөрдөн - 10 пайыз;";
- 1-бөлүк төмөнкү редакциядагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланыштарда жана ташууларды телекоммуникациялык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн - 5 пайыз. Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же анын аймагында жайгашкан пункттардын ортосундагы гана ишке ашырыла турган ташуулардан башка учурлардагы деңиз, суу же аба кемелери, авто транспорт каражаттары же темир жол транспорттору менен ташууларды түшүнөбүз."; 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме, лизингдик компания менен байланышпаган чет өлкөлүк уюм тарабынан алынган киреше лизингдик компаниянын атынан кирешелерди төлөөчү булактан төмөнкү ставкалар боюнча эсептен чыгарууларды ишке ашырбай туруп салык алынууга тийиш:
1) дивиденддер жана пайыздардан, жумуш жана/же кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешеден - 1 пайыз;
2) автордук калем акылардан, роялтиден - 0 пайыз.".
30. VIII бөлүм төмөнкү мазмундагы 34-1 глава менен толукталсын:
"34-1-глава Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси тарабынан пайдага салык боюнча алынуучу базаны эсептеп чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
223-1-берене. Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси тарабынан пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептеп чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонуунун тартиби
1. Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси ушул главада белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте пайдага салык боюнча салыктык базаны аныктоого укуктуу.
2. Ушул беренеде каралбаган учурларда пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептеп чыгаруу ушул Кодекстин 29- жана 30-главаларында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
3. Календардык жыл ичинде түшкөн акчасы 30000000 сомдон ашкан чакан жана орто ишкердиктин субъектиси ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып пайдага салык боюнча жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонуу укугун жоготот.
4. Календардык жылдын жыйынтыгы боюнча пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонуу укугуна ээ болгон пайдага салыктын салыгын төлөөчү бул тартипти ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып колдонууга укуктуу.
5. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгаруудан жалпы тартипке өтүүдө салыктык максаттар үчүн амортизациялоону эсептеп чыгарууда эске алынуучу негизги каражаттардын алгачкы наркы календардык жылдын 1-январына карата негизги каражаттардын калдык наркына тең кабыл алынат, анда салык төлөөчү бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайдага салыкты жалпы эреже боюнча төлөйт.
223-2-берене. Жылдык жалпы киреше
1. Жылдык жалпы кирешеге кыйыр салыктарды эске албастан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча кирет.
2. Жылдык жалпы кирешенин курамына ушул Кодекстин 189-беренесинде каралган салык алынбай турган кирешелер кирбейт.
3. Бардык негизги каражаттарды саткан учурда терс калдыктан башка негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчага кирбейт, амортизациялык чегерүүлөрдү эсептеп чыгарууда негизги каражаттардын наркын азайтат.
223-3-берене. Киреше алууга багытталган чыгымдарды эсептен чыгаруу
Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчү товарларды, чегерүүгө жатпай турган сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча салыктарды, ушул главага ылайык эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдү, кошо, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу менен байланышкан тастыкталган чыгымдарды, ошондой эле ушул Кодекстин 203-беренесинде белгиленген чектөөсүз эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдарды эсептен чыгарууга киргизүүгө укуктуу.
223-4-берене. Пайыздык чыгымдарды эсептен чыгаруу
1. Чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен, эгер карыздын суммасы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн колдонулса чыгарылып салууга тийиш.
2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгымдар менен байланышкан, ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша, чегерилген жана/же төлөнгөн пайыздык чыгымдар аталган каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жалпы кирешеден чыгарып салууга жатпайт.
223-5-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы
1. Ушул главанын негизги максаттары үчүн негизги каражаттар болуп Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык негизги каражаттар деп таанылган активдер саналат.
2. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркына аларды сатып алууга жана/же даярдоого кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар кошулат.
3. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркы өзгөртүлүүгө жатпайт.
4. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин наркы ушул главада белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөр аркылуу эсептен чыгарылууга кирет.
5. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасынан чегерилүүгө тийиш болгон КНСти алып салуу, жана/же ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон акциздик салыктан улам аныкталат.
223-6-берене. Амортизациялануучу активдер
Салык төлөөчүнүн менчигинде турган негизги каражаттары жана материалдык эмес активдери, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу үчүн колдонулуучу финансылык ижаранын (лизинг) келишими боюнча алынган негизги каражаттары кошо амортизацияланат.
223-7-берене. Амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо
1. Амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо салык төлөөчү бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына иштелип чыккан жана салык төлөөчү тарабынан бекитилген же ушул берене менен белгиленген ыкмага ылайык эсептик саясатта салык төлөөчү тарабынан белгиленген ыкманы колдонуу укугуна ээ.
2. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны аныктоо үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы салык төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн амортизациялоонун ченемин жыл аягында негизги каражаттардын салыктык наркына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
3. Амортизациялоонун ченеми 40 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
4. Жылдын аягында негизги каражаттардын салыктык наркы төмөндөгүдөй эсептелет:
1) мурунку жылдын аягындагы негизги каражаттардын салыктык наркы катары аныкталуучу негизги каражаттардын жыл башындагы салыктык наркы, мурунку жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылган,
кошуу
2) салыктык мезгилдин ичинде сатылып алынган негизги каражаттардын наркы;
алуу
3) салыктык мезгил ичинде сатылган негизги каражаттардын наркы.
5. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, ал нөлгө барабар болот, мында салык төлөөчү өз кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.
6. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркынын чоңдугу жылдын аягында эсептик көрсөткүчтүн 100 эсесинен азды түзсө, анда бул сумма амортизациялык чегерүү деп таанылат.
7. Эгерде бардык негизги каражаттар сатылган болсо, анда калдык салыктык нарк амортизациялык чегерүү деп таанылат жана эсептен чыгарылууга тийиш.
8. Ушул берене менен белгиленген амортизациялык чегерүүнүн тартибин колдонгон салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонгон мезгил ичинде аталган ыкманы колдонууга укуктуу, жана ушул режимди колдонгон салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган күндөн тартып аны колдонууну токтотууга милдеттүү.
223-8-берене. Экономикалык ишке байланыштуу зыяндарды которуу
1. Салык төлөөчүнүн кирешесинен эсептен чыгаруулардын ашып кеткен суммасы зыян тартуу деп таанылат жана зыян тарткан мезгилден кийинки салыктык мезгилдин салык салынуучу кирешесинен эсептен чыгарып салуулар катарында 5 жылдан ашпаган календардык жылдагы мөөнөткө салык төлөөчү тарабынан которулат.
2. Эгерде салык төлөөчү бир салыктык мөөнөттөн ашуун зыян тартса, анда мындай зыян тарткан мезгилден кийинки салыктык мезгилдерге ошол зыяндарды которуу зыян тартуудагы кезектүүлүктө жүргүзүлөт.
3. Өзгөртүп кайра түзүүдөн улам салык төлөөчү ишин токтоткон учурда укугун улантуучу салык төлөөчү кайра түзүү учуруна чейин өзгөртүп кайра түзүлгөн салык төлөөчү алган зыяндардын суммасына ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда салыктык базаны азайтууга укуктуу.
223-9-берене. Эсептен чыгарып салууларга жатпаган чыгымдар
1. Төмөнкүлөрдү эсептен чыгарып салууга болбойт:
1) Кыргыз Республикасынын бюджетине жана Социалдык фонддун бюджетине төлөнүүчү салыктык санкциялар, туум айыптар жана проценттер;
2) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкүдөй салыктар:
а) пайдага салык;
б) ушул Кодекске ылайык эсеп кылынууга жатпаган КНС тышкаркы КНС;
в) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүлөр төлөгөн сатуудан салыкты кошпогондо сатуудан алынуучу салык;
г) ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарып салууга жатпаган акциздик салыкты кошпогондо акциздик салык;
3) бул чыгымдар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан пайда алуу максатында жүргүзүлгөн факты тастыкталган учурларды кошпогондо башка жак үчүн келтирилген ар кандай чыгымдар;
4) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык салык салынууга жатпаган менчиктин, кирешенин ар кандай түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө чыгымдар;
5) салык төлөөчү, анын үй-бүлө мүчөлөрү же өз ара көз каранды субъекти тарабынан менчикти сатууга же алмашууга түз же кыйыр түрдө байланышкан ар кандай чыгымдар;
6) экономикалык иш жүргүзүүгө байланышпаган салык төлөөчүнүн жакын туугандарына жана башка адамдарга карата чыгымдар;
7) салык агенти тарабынан салынган киреше салыгынан тышкары кызматкерге сатып алуу же өндүрүү баасынан төмөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу чыгымдар;
8) мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоого болбогон чыгымдар;
9) киреше алууга байланышпаган чыгымдардын суммасы;
10) пайдага салык салынбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан пайда алууга байланыштуу чыгымдар;
11) эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе резервге чегерүүлөр түрүндөгү чыгымдар.".
31. 231-берененин 2-бөлүгүндө:
- 5-пункт "(фонд, взнос)" деген сөздөрдөн кийин "КНСти бир салык төлөөчү тарабынан КНСти экинчи салык төлөөчүгө же берүү же кайтарып берүү учурунда ушундай болуп калган субъектиге" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү.".
32. 241-берене күчүн жоготту деп табылсын.
33. 242-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"242-берене. Медициналык иш чөйрөсүндөгү товарлар жана кызматтар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тизме боюнча протездик-ортопедиялык буюмдарды, берүүлөр, майыптар үчүн атайын товарларды, аларды оңдоону кошо, беримдер, ошондой эле дары-дармек каражаттардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".
34. 243-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) проценттик кирешелерди эсептөө жана төлөтүү, карыздык милдеттенмелерди берүү жана төлөтүү, банктык кепилдиктерди берүүнү кошо алганда ишенимдерди жана же кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмени башкаруу боюнча агенттин кызмат көрсөтүүлөрү;".
35. 247-берене күчүн жоготту деп табылсын.
36. 251-беренеде "кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөр "ишке ашырылуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын".
37. 253-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Турак-жай объекттеринин иштерин камсыздоочу инженердик тармактарды мамлекеттик архитектуралык көзөмөлдөө органдары бекиткен объектини пайдаланууга кабыл алуу актысынын негизинде аларды пайдаланууну ишке ашыруучу уюмдарга өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат".
38. 257-беренесинин:
- экинчи бөлүгүндөгү "1-бөлүктүн 2, 3 жана 10-пункттарында" деген сөздөр жана цифралар "1-бөлүктүн 2, 3, 10 жана 13-пункттарында" деген сөздөргө жана цифраларга алмашылсын.
39. 259-беренеде:
- 2-бөлүк "8515" деген сандардан кийин "851761000" деген сандар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү болуп саналбайт.".
40. 265-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
41. 266-беренеде:
- 3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
42. 270-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС табигый азаюулардын (жоготуулардын ченеми) нормаларынын чектеринде салык салынуучу берүүлөргө кириш кылынууга тийиш. Табигый азаюулардын (жоготуулардын ченеми) тармактык нормалары жана айрым субъекттерге карата табигый азаюулардын нормалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
43. 275-берененин 1-бөлүгүндө "Операциялар чагылдырылбагандык же толук чагылдырылбагандык, ошондой эле ушул бөлүмгө ылайык жараксыз же жоголду деп эсептелген" деген сөздөр "негизделген" деген сөзгө алмаштырылсын.
44. 295-берененин 1-бөлүгү "(ТНВЭД 2203 коду)" деген сөздөрдөн кийин "жана жүзүм суслосунан (ТНВЭД 220430 коду)" деген сөздөр менен толукталсын.
45. 310-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө суу менен жабдууга адистештирилген уюмдарды кошпогондо накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:".
46. 315-беренеде: 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) I жана II топтогу майыптар коомдору, сокурлар жана дүлөйлөр Кыргыз коомунун уюмдары, майыптар, сокурлар, дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын түзгөн жеке ишкерлер жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 проценттен кем эмес суммасын түзөт. Бул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
- 3-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатык салыгын төлөөдөн бошотулат.".
47. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү.".
48. 317-берененин 5-бөлүгү "пайыздык кирешелер" деген сөздөрдөн кийин "негизги каражаттарды сатууда финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган проценттик кирешелерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
49. 341-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктчасы "жер үчүн" деген сөздөрдөн мурда "үй жанындагы" деген сөздөр менен толукталсын".
50. 343-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5) майыптардын уюмдарынын, согуштун катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын жерлери жана сокурлар жана дүлөйлөр Кыргыз коомунун уюмдарынын, майыптар, сокурлар, дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын түзгөн жеке ишкерлердин жерлери жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 проценттен кем эмес суммасын түзөт. Бул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт;".
51. 351-беренеде:
- 2-бөлүк "калктуу пункттар" деген сөздөрдөн мурда "миң адам" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Салыкты эсептөөдө калктуу конуштардагы адамдардын санына карабастан 1ге барабар, ал эми оюн автоматтарын жана бильярд берүү, казино, 100дөн ашуун орундуу сандагы автомашина токтоочу жайлардын кызматтарын көрсөтүүдө 1-ге барабар коэффициент колдонулат.".
52. 353-беренеде:
- 4-бөлүктүн 1-пунктчасы "КНС" деген сөздөн кийин "жана/же КНС боюнча жылына каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкан кирешенин көлөмүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Бул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпы белгиленген тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү жалпы белгиленген тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө бир режимден экинчи режимге өтүүнүн оперативдүүлүгүн камсыздоо жана ушул Кодексин жоболорунун талаптарын бекем сактоо максатында ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.".
53. 359-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) жыл үчүн кирешенин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпайт;".
54. 361-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
1. "361-берене. Салыктык база эгерде салык салуунун базасы ушул беренеде башкача каралбаса товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн пайда болуп саналат.
2. Ушул Кодекстин 358-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда салыктык база КНСти эсептебегенде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча болуп саналат".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 923-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 3-беренеде:
- 1-бөлүктө "2010" деген сан "2013" деген санга алмаштырылсын;
- 3-бөлүктө "2012" деген сан "2014" деген санга алмаштырылсын;
- 5-бөлүктө "2012" деген сан "2014" деген санга алмаштырылсын.
2. 8-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы "материалдык ресурстар" деген сөздөрдөн кийин, "негизги каражаттарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 351-берененин биринчи абзацы "декларация жана" деген сөздөрдөн кийин "/же" деген байламта менен толукталсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 356-1-берене менен толукталсын:
"356-1 берене. Банктын жоопкерчилиги: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126-беренесинде белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө банктын кызмат адамына администрациялык айып салууга алып келет".
3. 535-берененин 1-бөлүгүндө:
"356" деген сандан кийин "356-1" деген сан менен толукталсын; "418" деген сан алып салынсын.
4-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 5, 229-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "12-берене. Камсыздандыруу взносу эсептелбеген төлөмдөрдүн түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взностору төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө эсептелбейт:
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесинин 1)-20) пункттарында белгиленген кирешелерге;
2) ишкананын менчигин башкарууга жеке адамдардын катышуусунан алынган кирешелер (дивиденддер, проценттер, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр)".
5-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 9-берененин 13-пункту "банктык операциялар" деген сөздөрдөн кийин "финансылык ижарага (лизингге) келишими боюнча операцияларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 2, 108-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 4-беренеде:
- 4-бөлүгүндө "Шартта" деген сөз "Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаган, шартта" деген сөздөр менен алмашылсын;
- 4-бөлүктүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансалык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле финансалык лизинг боюнча операцияларды ишке ашырат.".
7-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микро финансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 16-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Микро финансылык" деген сөздөр "Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, микро финансылык" деген сөздөр менен алмашылсын;
- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү редакциядагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Микрофинансалык компания финансылык лизинг боюнча операцияларды ишке ашыра алат.".
8-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189-беренесинин 10-пункту, 212-беренесинин 1-бөлүгү, 223-беренесинин 5-бөлүгү 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүгү 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 4-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар 2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 12) "Чакан ишкердик субъекти" - белгиленген тартипте салык кызматынын органдарында катталган жана жылына кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаган көлөмдө киреше алган ишкердик жүргүзүүчү уюм же жеке жак. 13) "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" - Кыргыз Республикасында салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу боюнча милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган. 17), 18), 19) пункттар каралган эмес. | 4-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар 2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 12) [Алынып салсын.] 13) "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" - Кыргыз Республикасында салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган. [17) "Калк менен эсептешүү" - жеке ишкерлерден башка жеке адамдар менен жарандык-укуктук келишимдердин түрлөрү боюнча эсептешүүлөр. 18) "Пайыздык киреше" - ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операцияларынан алынган кирешелерди кошо, облигациялар, векселдер жана карыз алуунун башка түрлөрү боюнча кирешелер, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешелер. 19) "Пайыздык чыгаша" - ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операциялары боюнча жүргүзүлгөн чыгашаларды кошо, облигациялар, векселдер жана милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча чыгашалар, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча жүргүзүлгөн чыгашалар.] |
| 18-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу боюнча документтер 5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чыгарылган документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык ачык веб-сайтында жайгаштырылууга тийиш. | 18-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу боюнча документтер [5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чыгарылган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган басма жана электрондук басылмаларда документтердин тексттерин жазуу жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык ачык веб-сайтында жалпыга жеткирилет.] |
| 50-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары 1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу: 9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен салык төлөөчүлөр катталган органдарга кайрылууга; 10) сотко доо арыздарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча уюмду жоюу жөнүндө доо арызын берүүгө; | 50-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары 1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу: [9) Күчүн жоготту деп табылсын; 10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнү жоюу жөнүндө, анын ичинде мажбурлоо менен, сотко доо арызын берүүгө;] |
| 68-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет: 3) салык төлөөчү банкрот деп табылганда; | 68-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет: 3) [Күчүн жоготту деп табылсын;] |
| 81-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу, кайтарып берүү 6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктын кийинки төлөнө турган суммасынын эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо салык төлөөчүгө кайра берилет. | 81-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу, кайтарып берүү 6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча [кийинки мезгилдеги салыктык милдеттенмелерин аткаруунун] эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо салык төлөөчүгө кайра берилет. |
| 87-берене. Салык отчетун берүү мөөнөтү 4. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык отчету төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет: 1) [квартал сайын төлөнүүчү] салыктын алдын ала суммасы боюнча салык отчетун түзүү учурунда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен; | 87-берене. Салык отчетун берүү мөөнөтү 4. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык отчету төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет: 1) салыктын алдын ала суммасы боюнча салык отчетун түзүү учурунда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен; |
| 102-берене. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү 12) каралган эмес. | 102-берене. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү [12. Салык органы ушул Кодекске ылайык 15 күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздемелерди салык органы алган күндөн кийинки келүүчү 30 календардык күндөн кеч эмес пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.] |
| 114-берене. Текшерүү 3. Текшерип кароодо фото жана киного тартуу, видео жазуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат же ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген учурларда [башка иш-аракеттер] аткарылат. | 114-берене. Текшерүү 3. Текшерип кароодо фото жана киного тартуу, видео жазуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат же ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген учурларда аткарылат. |
| 144-берене. Банктын жоопкерчилиги Ушул Кодекстин 126-беренесинде белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн банкка 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат. | 144-берене. Банктын жоопкерчилиги [Күчүн жоготту деп табылсын.] |
| 153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 16) "Пайыздык киреше" - ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан киреше, анын ичинде облигациялар, векселдер жана башка карыздардын түрлөрү боюнча, ошондой эле финансылык ижаралоо (лизинг) келишиминин чегинде алынган киреше. 18) "Роялти" - төмөнкүлөр үчүн сыйлык катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр: а) компьютердик программаларды, кино-, теле-, видеофильмдерди же радио жана теле үчүн жазууларды кошо алганда ар кандай адабият, искусство же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн; б) өнөр жайлык менчик объектине, соода маркасына, дизайнга же моделге, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү планга, жашыруун формулага же процесске же маалыматка (ноу-хау) укукту ырастоочу ар кандай патент. Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максатында "роялти" деп, кен байлыктарын пайдалануу үчүн салык төлөөчү тарабынан төлөнүүчү төлөм түшүнүлөт. 33, 34, 35-пункттар каралган эмес. | 153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: [16) Күчүн жоготту деп табылсын;] [18) "Роялти"] - төмөнкүлөр үчүн сыйлык катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр: а) компьютердик программаларды, кино-, теле-, видеофильмдерди же радио жана теле үчүн жазууларды кошо алганда ар кандай адабият, искусство же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн; б) өнөр жайлык менчик объектине, соода маркасына, дизайнга же моделге, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү планга, жашыруун формулага же процесске же маалыматка (ноу-хау) укукту ырастоочу ар кандай патент. Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максатында "роялти" деп, кен байлыктарын пайдалануу үчүн салык төлөөчү тарабынан төлөнүүчү төлөм түшүнүлөт. ["Финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сый акылар роялтиге кирбейт.".] 33) [Өнбөй турган карыз] - салык төлөөчүгө кошуп эсептелген, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызды жоюп жиберүүнүн же карызкордун өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эскирген доонун мөөнөтү бүткөндө толук ала албаган абалдагы сумма. 34) [Шектүү милдеттенмелер] - соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызды жоюп жиберүүнүн же карызкордун өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эскирген доонун мөөнөтү бүткөндө салык төлөөчү төлөбөгөн салык төлөөчүгө кошуп эсептелүүчү сумма. 35) [Лизингдик компания] - финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган, негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчанын 90 пайыздан кем эмесин түзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү. |
| 163-берене. Салык базасы 2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгондо, салык базасы киреше салыгы боюнча салык мезгили үчүн минималдуу эсептик кирешенин суммасынын 50 пайызынан кем болбоого тийиш. 3. Кийинки календардык жыл үчүн бир айлык минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү жыл сайын мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет, ал ушул Кодекстин 170-беренесинин 1 жана 3-пункттарында каралган стандарттык эсептен чыгарууларды эске алуу менен эсептелген өткөн жыл үчүн кызматкердин региондук орточо айлык эмгек акысы боюнча Кыргыз Республикасынын статистикалык органынын маалыматтарынын негизинде ошол жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланат. | 163-берене. Салык базасы [2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгон учурда бир айдагы киреше боюнча салык салына турган киреше ушул беренеге ылайык белгиленген кирешенин минималдуу эсептик көрсөткүчүнөн кем болбойт. 3. Бир айдагы минималдуу эсептик киреше кийинки календардык жылга Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилей турган тартипте мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде өткөн жылдагы кызматкерлердин орточо эмгек акысынын 40 пайыз өлчөмүндө аныкталат. Минималдуу эсептик кирешенин көлөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Минималдуу эсептик кирешенин көлөмү учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш. Эгер минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү кийинки календардык жылга ушул кодексте каралган тартипте белгиленбесе, өткөн жылдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат.] |
| 167-берене. Киреше салыгы салынбай турган кирешелер Киреше салыгы салынбай турган кирешелер төмөнкүлөр болуп эсептелет: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү жөлөкпулдар; 2) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен төлөмдөр; 3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар; 5) бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар; 7) мамлекеттик аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечиминин негизинде келтирилген материалдык зыяндын же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында табигый кырсыктарга же башка өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу алынган материалдык жардам; 8) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда аскер кызматчылардын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматчылардын курман болушуна байланыштуу компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары; 9) каза болгон кызматкердин жакын туугандарына же жакын тууганынын каза болушуна байланыштуу кызматкерге жалдоочу тарабынан көрсөтүлгөн материалдык жардам; 10) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасы, ошондой эле кызматкер эмгектик милдеттерин аткарууда мертинген, курман болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү сумма; 11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн белгиленген кошумча төлөмдөрдүн жана райондук коэффициенттердин өлчөмү; [12) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин жана нормалардын тизмесине ылайык сүттүн жана башка дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы;] 13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди милдеттүү медициналык изилдөөнүн жана дарылоо-профилактикалык тейлөөнүн наркы; 14) кызматкерге иш сапарына кеткен чыгашаларды, ошондой эле уюмду башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тартылган чыгымдарын компенсациялоо суммалары: а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша; б) турак жайды жалдоо боюнча - берилген документтерге жараша; в) суткалык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын чектеринде. Ушул пункттун "а" жана "б" пункттарында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгымдары боюнча ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чектеринде салык салуудан бошотулууга тийиш; 15) жалдоочу тарабынан өз кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөнүүчү камсыздандыруу сый-акыларынын суммалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылган ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр; 16) жалдоочунун ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган кызматкерди даярдоого жана кайра даярдоого багытталган чыгымдары; 17) пенсионерлер, граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын майыптары, катышуучулары, Афганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка эл аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта кайратман эмгек жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдары, Баткендеги окуяларга катышуучулар, Чернобль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттары боюнча алган пайыздар; 18) ата мекендик уюмдарда катышуудан алынган Кыргыз Республикасынын жеке жак - резиденти тарабынан алынган дивиденддер; 19) үчүнчү жактан алынган киреше: а) майыптарга техникалык каражаттар үчүн акы төлөө түрүндө майып тарабынан; б) майыптарды профилактикалоо жана аларды реабилитациялоо үчүн, майыптарга өткөрүүчү иттерди кармоого суммалардын өлчөмүндө майып тарабынан; в) жөлөкпул түрүндө майып, пенсионер, жетим балдар, 4 же андан ашык жашы жетелек балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөр тарабынан; г) акысыз тамактануу түрүндө социалдык жактан корголбогон адам тарабынан; 20) майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга профсоюздук органдар тарабынан төлөнүүчү акылар; 21) кан тапшыруудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донордуктун башка түрлөрүнөн алынган сумма; 22) эгер бул беренеде башкача каралбаса, ишкердик жүргүзүүдөн алынган кирешелерден тышкары Улуу Ата Мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, Афганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка эл аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчыларынын, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта кайратман эмгек жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарынын, Баткендеги окуяларга катышуучулардын, Чернобль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан адамдардын, Жарандык, Улуу Ата Мекендик согуштарда курман болгон жесирлердин жана жесилдердин кирешелери; 23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер; 24) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган ар кандай киреше; 25) ишкердикти жүзөгө ашырууда алынган мүлктөн, жумуштардан, кызматтардан тышкары жеке жак тарабынан мурастоо же белекке берүү тартибинде жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызматтардын наркы; 26) жеке жак тарабынан гуманитардык жардам түрүндө алынган мүлктүн наркы; 27) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактардын айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн кирешелери; 28) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин ар кандай түрлөрү; 29) жеке максаттар үчүн жана ишкердик жүргүзүү максатында эмес алынган салык төлөөчү тарабынан пайдаланылган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше, төмөнкү учурлардан тышкары: а) жеке менчик укугунда таандык автомототранспорт каражаты сатып алынган күндөн тартып бир жылга жетпеген мезгилдин ичинде кайра сатуудан алынган киреше; б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күнүнөн тартып удаалаш келген эки жылга жетпеген мезгилде жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше; 30) жалдоочу тарабынан кызматкердин 14 жашка чейинки балдары (багуусундагы адамы) үчүн берилген жаңы жылдык белектер түрүндөгү киреше, 10 эсептик көрсөткүчтөн ашык эмес өлчөмдө; 31) катышуучунун киргизилген үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардан кайтаруу суммасы; 32) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, ошондой эле камсыздандыруу суммалары жана ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18) пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ишкердик жүргүзүүгө байланышпаган жеке адам тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгендеги кайтарым акылар; 33) сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн пайыздар жана кирешелер; 34) Кыргыз Республикасынын банктарына салымдар боюнча пайыздар; 35) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын, өрткө каршы кызматынын, жарандык коргонуу аскерлеринин кызматчыларынын азык-түлүк паегунун ордуна акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери; 36) олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрү боюнча курама командалардын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери болушкан курама командалардын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү сыйлыктар бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөнөт; 37) мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан социалдык реабилитацияга же адаптацияга, медициналык жардамга муктаж, кирешеси тиричилик деңгээлинен төмөн адамдарга акысыз өткөрүп берилүүчү активдер: а) качкындарга; б) катуу оорулууларга. | 167-берене. Киреше салыгы салынбай турган кирешелер Киреше салыгы салынбай турган кирешелер төмөнкүлөр болуп эсептелет: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар; 2) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан, Кыргыз Республикасынын [Жогорку Кеңешинин төрагаcынын фондунан] жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан; 3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар; 5) бюджет каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар; 6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар; [7) ал жеткис күч жагдайлар менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;] 8) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчылардын алар кызматтык милдеттерин аткарууда өлүмү жана/же денеси жаракат алуу менен байланышкан компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан алынган суммасы; [9) курман болгон жумушчунун жакын туугандары же жумушчунун жакын тууганы өлгөндүгүнө байланыштуу жумуш берүүчүдөн кайтарымсыз алган суммалар; 10) саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруучу сумма, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчунун эмгектик милдеттенмелерин аткарууда майып болгон, курман болгон учурда төлөнүүчү сумма; 11) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча мындай зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары менен жумуштарда алектенген жумушчуларга берилүүчү сүттүн жана дарылоо-алдын алуу тамактануусунун наркы; 12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчуларды милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуу тейлөөнүн наркы; 13) жумушчуга иш сапарынын чыгымдарын, ошондой эле өз милдеттерин аткарган учурда уюмдун башкаруу органдарынын мүчөлөрү тарткан чыгымдарын компенсациялоонун суммалары: а) берилген документтерге ылайык - багытталган жерине чейин баруу жана кайра кайтуу боюнча; б) берилген документтерге ылайык - турак жайды жалдоо боюнча; в) суточный - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдин чегинде. Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер болбогон учурда иш сапары боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдин чегинде салык салынуудан бошотулууга тийиш; 14) өз кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруунун сыйакыларынын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр; 15) ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган жумушчуну даярдоо жана кайра даярдоого багытталган жумуш берүүчүнүн чыгымдары; 16) Граждандык, Улуу Ата мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Ооганстан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандардын, Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган адамдардын, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкан адамдардын, Граждандык, Улуу Ата мекендик согуштарда курман болгондордун жесирлеринин, эгер ушул берене менен башкача каралбаса, ишкердик иш-аракеттерден алынган кирешелеринен башка кирешелери; 17) жеке ишкердикти кошпогондо айыл чарба продукцияларын сатуудан жеке жактардын кирешелери; 18) жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн берилүүчү 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө, жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер; 19) бюджеттин каражаттарынын эсебинен Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана сыйлык ээлерине төлөнүүчү стипендиялар; 20) ишке орноштуруу кызматынын органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар; 21) майыптарга, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга профсоюздук органдар тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр түрүндөгү киреше; 22) Кыргыз Республикасынын Банктарындагы салымдары боюнча пенсионерлер, Граждандык, Улуу Ата мекендик согуштардын майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Ооганстан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандар аскер кызматчылары, Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган адамдар, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар алуучу пайыздар; 23) ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан алынган дивиденддер; 24) үчүнчү тараптан алынган киреше: а) майыптар үчүн техникалык каражаттар үчүн төлөм катары майыптар алган; б) майыптыктын алдын алуу жана аны реабилитациялоо үчүн, майыптар үчүн узатуучу-иттерди багууга кеткен сумманын өлчөмүндө майыптар алган; в) жөлөкпул түрүндө жашы жете элек балдардын саны 4 жана андан көп болгон майыптар, пенсионерлер, жетим-балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр алган; г) акысыз тамак-аш түрүндө социалдык жактан корголбогон жактар алган; 25) кан тапшыргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар; 26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган алименттер; 27) ажырашуунун кесепетинен болуп өткөн жубайлардын же мурунку жубайлардын ортосундагы менчиктерди берүүдөн алынган ар кандай киреше; 28) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашыруудан алынган мүлктү, жумушту, кызматты кошпогондо, мурас же белек берүү тартибинде жакын туугандардан жеке адам алган мүлктүн, жумуштун, кызматтык наркы; 29) гуманитардык жардам катары жеке жак тарабынан алынган мүлктүн наркы; 30) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуш түрүндө алынган кирешенин ар кандай түрү; 31) салык төлөөчү тарабынан жеке максаттары үчүн колдонулган жана ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында эмес сатылып алынган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган, төмөнкү учурлардан башка учурлардагы киреше: а) сатып алган күндөн тартып жеке менчик укугунда бир жылдан кем эмес таандык болгон автомототранспорттук каражаттарды сатуудан алынган киреше болсо; б) кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органдарынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна тиешелүү болгон жана ушул кыймылсыз мүлктү сатып алган күндөн тартып биринин артынан бири катар келген 2 жылдан кем эмес жеке менчик укугуна тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше болсо; 32) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштөгү баалуу кагаздардан кайтарып берген сумма; 33) ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан башка учурларда кайтарылып берилүүчү камсыздандыруу сый акылар жана төлөп кайра алуучу суммалар, ошондой эле камсыздандыруу суммалары жана жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде ордун толтуруу; 34) Кыргыз Республикасынын банктарына салымдар боюнча пайыздар; 35) пайыздык киреше жана листингдин эң жогорку категориясынан кийинки эң жогорку фондулук биржалардын листингин сатыла турган күндө болгон баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше; 36) мамлекет, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан социалдык реабилитациялоо же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон, жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар төмөндөгү адамдарга акысыз берилүүчү активдер: а) качкындар; б) катуу оорулуулар. |
| 175-берене. Киреше салыгын эсептөө тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду 1. Киреше салыгын төлөөчү бирдиктүү салыктык декларация берилген күнгө чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт. [Киреше салыгынын акыркы суммасы отчеттук салыктык мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы менен учурдагы төлөмдөрдүн төлөнгөн суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.] | 175-берене. Киреше салыгын эсептөө тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду 1. Киреше салыгын төлөөчү бирдиктүү салыктык декларация берилген күнгө чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт. [Кирешелер боюнча салыктын акыркы суммасы, эсептелген салыктын суммасы менен салык агенти кармап калган салыктын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.] |
| 183-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Бул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 15) каралган эмес. | 183-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Бул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: [15) "Чакан жана орто бизнестин субъекти" - бул КНСти жана сатуудан салыкты эске албаганда, товарларды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү сатуудан түшкөн акчасы календардык жыл үчүн 30000000 сомдон ашпаган кирешеге салыктан салык төлөөчү.] |
| 188-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы 1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде: 12) сатуудан алынган киреше: д) каралган эмес. 16) төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелер; а) кредитор тарабынан өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгаруудан башка милдеттенмени эсептен чыгаруусунан; б) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгаруусунан; в) соттун чечими боюнча милдеттенмелерди эсептен чыгаруунун; г) салык төлөөчүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенме үчүнчү жактын аткаруудан; 19) мурда чыгарып салуулар катары таанылган чыгымдар боюнча алынган компенсациялар; | 188-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы 1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде: 12) сатуудан алынган киреше: [д) анын алгачкы наркын алып салуу менен катышуу үлүшү;] 16) төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелер; а) кредитор тарабынан өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгаруудан башка милдеттенмени эсептен чыгаруусунан; б) [Күчүн жоготту деп табылсын;] в) [Күчүн жоготту деп табылсын;] г) салык төлөөчүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенме үчүнчү жактын аткаруудан; 19) [шектүү милдеттенмелердин суммасы;] |
| 189-берене. Салык салынбай турган кирешелер 1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт: 1) уставдык капиталга салым жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына; 9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздар жана кирешелер. 10) Каралган эмес. | 189-берене. Салык салынбай турган кирешелер 1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт: 1) уставдык капиталга салым жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына; 9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн [пайыздык кирешелер.] [10) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.] |
| 193-берене. Киреше алууга багытталган чыгымдарды чыгарып салуу 1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алууга байланыштуу документтик түрдө ырасталган чыгымдарды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасын оң курстук айырманын суммасынан өсүшүн гана чыгарып салууларга алып барууга укуктуу. | 193-берене. Киреше алууга багытталган чыгымдарды чыгарып салуу 1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алууга байланыштуу документтик түрдө ырасталган чыгымдарды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасын оң курстук айырманын суммасынан [жана өнбөй турган карыздын суммасынан] өсүшүн гана чыгарып салууларга алып барууга укуктуу. |
| 196-берене. Карыз милдеттенмелери боюнча пайыздарды төлөө чыгымдарын чыгарып салуу 1. Карыз милдеттенмелери боюнча пайыздарды төлөө боюнча салык төлөөчүнүн чыгымдары ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсептөө ыкмасына жараша эсептелген же төлөнгөн пайыздардын өлчөмүндө, карыздын суммасы экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн пайдаланылган учурда ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарып салынууга тийиш. 2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир эткен чыгымдарга байланыштуу карыздык милдеттенме боюнча төлөнгөн пайыздар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатпастан, анын наркын жогорулатат. | 196-берене. Пайыздык чыгымдарды чыгарып салуу [1. Чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен, эгер карыздын суммасы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн колдонулбаса чыгарылып салууга тийиш. 2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгымдар менен байланышкан ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгымдар жылдык жалпы кирешеден чыгарып салууга жатпайт, тескерисинче алардын наркын көбөйтөт. |
| 197-берене. Илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктор- дук жана долбоордук-иликтөө иштерине кеткен чыгашалар боюнча чыгарып салуулар. Жер казынасынын жакырланышына жеңилдик 5. 5 жылдын ичинде максатына жараша колдонулбаган атайын фонддун каражаттарынын суммасынан ошол 5 жылдык мөөнөт өткөнчө кирешеге салык төлөнөт. | 197-берене. Илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктор- дук жана долбоордук-иликтөө иштерине кеткен чыгашалар боюнча чыгарып салуулар. Жер казынасынын жакырланышына жеңилдик [5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, 5 жыл ичинде багытталышы боюнча пайдаланылбаган, атайын фонддун каражаттарынын суммасы бюджетке төлөнөт.] |
| 198-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы 1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына аларды сатып алууга, даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар, карыз милдеттенмелери боюнча пайыздар жана аларды пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө кеткен чыгымдар, ошондой эле бажы алымдары жана жыйымдары, эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар негизги каражаттарды жеке пайдалануу үчүн сатып алуудагы жана өндүрүүдөгү чыгымдар жана башка аны алардын наркын жогорулаткан башка чыгымдар киргизилет, буга ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү чыгарып салууга укуктуу болгон чыгашалардын курамында эсепке алынган салыктардын жана жыйымдардын суммасы чыгарылып салынат. 5. Материалдык эмес активдердин баштапкы наркына аларды сатып алууга жана/же түзүүгө кеткен чыгашалар, кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздар жана аларды пайдаланууга жарактуу абалга жеткирүү боюнча чыгымдар киргизилет. Уюштуруучулар тарабынан уюмдун уставдык фондуна аманаттардын эсебине киргизилген материалдык эмес активдердин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Башка уюмдардан жана жеке жактардан сатылып алынган материалдык эмес активдердин наркы сатып алуу боюнча иш жүзүндө кеткен чыгымдарга жана ушул активдерди даяр абалга келтирүү боюнча чыгымдарга негизделип аныкталат. Уюмдун өзү тарабынан түзүлгөн материалдык эмес активдердин наркы аларды түзүүгө, даярдоого, анын ичинде товардык-материалдык запастарды сатып алуу боюнча чыгымдар, эмгек акыга кеткен чыгымдар, башка уюмдардын көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгымдар, патенттерди, күбөлүктөрдү алууга байланыштуу алымдарды төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы катары аныкталат. | 198-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы 1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына аларды сатып алууга, [анын ичинде пайыздык чыгымдары, ошондой эле даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар] жана аларды пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө кеткен чыгымдар, ошондой эле бажы алымдары жана жыйымдары, эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар негизги каражаттарды жеке пайдалануу үчүн сатып алуудагы жана өндүрүүдөгү чыгымдар жана башка аны алардын наркын жогорулаткан башка чыгымдар киргизилет, буга ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү чыгарып салууга укуктуу болгон чыгашалардын курамында эсепке алынган салыктардын жана жыйымдардын суммасы чыгарылып салынат. 5. Материалдык эмес активдердин баштапкы наркына аларды сатып алууга жана/же түзүүгө кеткен чыгашалар, [анын ичинде пайыздык чыгымдар] жана аларды пайдаланууга жарактуу абалга жеткирүү боюнча чыгымдар киргизилет. Уюштуруучулар тарабынан уюмдун уставдык фондуна аманаттардын эсебине киргизилген материалдык эмес активдердин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Башка уюмдардан жана жеке жактардан сатылып алынган материалдык эмес активдердин наркы сатып алуу боюнча иш жүзүндө кеткен чыгымдарга жана ушул активдерди даяр абалга келтирүү боюнча чыгымдарга негизделип аныкталат. Уюмдун өзү тарабынан түзүлгөн материалдык эмес активдердин наркы аларды түзүүгө, даярдоого, анын ичинде товардык-материалдык запастарды сатып алуу боюнча чыгымдар, эмгек акыга кеткен чыгымдар, башка уюмдардын көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгымдар, патенттерди, күбөлүктөрдү алууга байланыштуу алымдарды төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы катары аныкталат. |
| 200-берене. Негизги каражаттарды классификациялоо жана амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо 2. Салык салуу максаттары үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы салык төлөөчүлөр тарабынан ушул беренеде белгиленген тартипте жыл сайын аныкталат. Амортизация ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдын акырына топтун салыктык наркына карата амортизациялоонун нормасын колдонуу аркылуу ар бир топ боюнча өзүнчө чегерилет. 4. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды алган салык төлөөчү - лизинг алуучу амортизацияны ушул беренеде белгилеген тартипте чегерет. | 200-берене. Негизги каражаттарды классификациялоо жана амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо 2. Салык салуу максаттары үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы [эгерде ушул бөлүм менен башкача каралбаса] салык төлөөчүлөр тарабынан ушул беренеде белгиленген тартипте жыл сайын аныкталат. Амортизация ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдын акырына топтун салыктык наркына карата амортизациялоонун нормасын колдонуу аркылуу ар бир топ боюнча өзүнчө чегерилет. 4. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды алган салык төлөөчү - лизинг алуучу, [эгерде ушул бөлүм менен башкача каралбаса], амортизацияны ушул беренеде белгилеген тартипте чегерет. |
| 201-берене. Амортизациялоо максатында негизги каражаттардын түшүшү жана чыгышы 2. Чыгарылган негизги каражаттар топтун салыктык наркын төмөндөтөт: 3) негизги каражаттар жоголгондо, камсыздандыруу келишими жок болсо - нөлгө барабар нарк боюнча; 8) бузулуунун кесепетинен - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу баланс наркы боюнча. | 201-берене. Амортизациялоо максатында негизги каражаттардын түшүшү жана чыгышы 2. Чыгарылган негизги каражаттар топтун салыктык наркын төмөндөтөт: 3) негизги каражаттар жоголгондо, [бузулганда] камсыздандыруу келишими жок болсо - нөлгө барабар нарк боюнча; 8) [Күчүн жоготту деп табылсын;] |
| 203-берене. Оңдоого кеткен чыгашаларды чыгарып салуу 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген чектөөдөн ашып кеткен сумма салык жылынын ичинде топтун наркына кошулган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана топтун ошол (отчеттук) жылдын акырындагы салыктык наркын жогорулатат. | 203-берене. Оңдоого кеткен чыгашаларды чыгарып салуу [3. Ушул берененин 2-бөлүгү менен белгиленген чектөөдөн ашып кеткен сумма топтун наркына кошумчаланган негизги каражаттардын наркы катары каралат, жана отчеттук жылдын аягында топтун салыктык наркын көбөйтөт.] |
| 209-берене. Чыгарып салынбай турган чыгашалар 1. Төмөнкүлөр чыгарылып салынууга жатпайт: 3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш салыктар, төмөндөгүлөрдү кошпогондо: а) жер салыгын; б) мүлккө салыкты; в) ушул Кодекске ылайык чегерүүгө тийиш болбогон КНС; г) жер казыналарын пайдаланууга салыктар; | 209-берене. Чыгарып салынбай турган чыгашалар I. Төмөнкүлөр чыгарылып салынууга жатпайт: "3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөндөгү салыктар: а) пайдага салыкты; б) ушул Кодекске ылайык эсептелбей турган КНСтен башка КНСти; в) берүүчүлөргө товарларды, жумушту жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда төлөнүүчү сатуудан салыктан башка сатуудан салыкты; г) ушул Кодекстин беренелерине ылайык эсептелбей турган эсептен чыгарууга тийиш болбогон акциздик салыктан башка акциздик салыкты; |
| 212-берене. Салыктан бошотуу 1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат: 2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, ошондой эле Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жылдык эмгек акы фондунун кеминде 50 пайызын түзгөн учурда. Көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат; 9) каралган эмес. | 212-берене. Салыктан бошотуу 1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат: [2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, жеке ишкерлердин, андагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн учурда. Көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат; 9) лизингдик компаниялар.] |
| 213-берене. Пайда салыгынын ставкасы Пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. | 213-берене. Пайда салыгынын ставкасы Пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. [Лизингдик компаниялардын пайда салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.] |
| 217-берене. Пайда салыгынын алдын ала суммасын төлөө 1. Салык төлөөчү салык мезгилинин учурдагы кварталынын экинчи айынын 20сынан кечиктирбей пайда салыгынын алдын ала суммасын бюджетке квартал сайын төгүүгө милдеттүү. 2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык мезгилинин биринчи кварталында төлөнүүгө тийиш болгон пайда салыгынын алдын ала суммасы өткөн салык мезгилинин 9 айы үчүн эсептелген пайда салыгынын суммасынын 1/3 өлчөмүндө аныкталат. 3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык мезгилинин биринчи кварталынан кийинки кварталдарында төлөнүүгө тийиш болгон пайда салыгынын алдын ала суммасы өткөн салык мезгили үчүн пайда салыгы боюнча декларацияда аталган пайда салыгынын суммасынын 1/4 барабар алынат. 4. Эгерде салык төлөөчү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербеген учурда пайда салыгынын алдын ала суммасы декларация берилген кварталдын аягына чейин ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген өлчөмдө төлөнүүгө тийиш. 5. Өткөн салык мезгилинин жыйынтыгы боюнча чыгаша тарткан же салык салынуучу кирешеси жок салык төлөөчү, ошондой эле кайрадан түзүлгөн уюм пайда салыгынын алдын ала суммасынын өлчөмүн салык төлөөчүнүн божомолдонгон маалыматтарынын негизинде аныктоого укуктуу жана тиешелүү эсептешүүнү декларация берген күндөн же кайрадан түзүлгөн уюм катталган күндөн баштап 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. 6. Эгерде салык мезгилинин биринчи жана/же экинчи кварталы үчүн салык төлөөчүнүн божомолдонгон маалыматтарынын негизинде эсептелген салыктын суммасы ушул квартал үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасынан 30 пайыздан көп айырмаланса, салык төлөөчү салык мезгилинин биринчи жана/же экинчи кварталында төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Ушул бөлүктө каралган салыктын алдын ала суммасын корректировкалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү салыктын жана пайданын ставкаларынын негизинде; - салыктын алдын ала суммасынын эсебин салык органына берүү жолу менен салык мезгилинин тиешелүү кварталынын 30-январынан же 30-апрелинен кеч эмес мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан өз алдынча. Эгерде ушул бөлүккө ылайык салык төлөөчүнүн божомолдонгон маалыматтарынын негизинде эсептелген салыктын суммасы ушул бөлүктө каралган тартипте эсептелүүчү тиешелүү квартал үчүн пайда салыгынын иш жүзүндөгү суммасынан 30 пайыздан ашык төмөн болсо, салык төлөөчүгө салыкты төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат. 7. Эгерде салык мезгилинин биринчи жарым жылдыгы үчүн финансылык натыйжанын негизинде эсептелген салыктын суммасы ушул мезгил үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасынан 30 пайыздан ашык айырмаланса, салык төлөөчү салык мезгилинин үчүнчү жана төртүнчү кварталында төлөнүүгө тийиш болгон салыктын алдын ала суммасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү. Ушул бөлүктө каралган салыктын алдын ала суммасын корректировкалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү салыктын жана пайданын ставкаларынын негизинде; - тиешелүү эсептешүүнү салык органына берүү жолу менен салык мезгилинин 30-июлунан кеч эмес мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан өз алдынча. 8. Салыктын алдын ала суммасы төлөнбөсө же өз убагында төлөнбөсө, анын ичинде ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык салыктын алдын ала суммасын корректировкалоону жүргүзбөөнүн жана/же туура эмес корректировкалоонун айынан болсо, салык төлөөчүгө салыкты төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат. | 217-берене. Пайдага салыгынын алдын ала суммасын төлөө [1. Салык төлөөчү квартал сайын салыктык отчеттор берүүгө жана бюджетке салыктык мезгилдин отчеттук кварталынын экинчи 20-күнүнөн кийинки күндөн кеч эмес пайдага салыктын алдын ала суммасын киргизүүгө милдеттүү. 2. Отчеттук квартал үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук кварталдан мурунку квартал үчүн КНСти жана сатуудан салыкты эсепке албастан салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын суммасынан 1 пайыз өлчөмүндө аныкталат. 3. Салыктын алдын ала суммасын төлөбөй койгон же өз убагында төлөбөгөн салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөй койгондугу же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген пеня (туум) колдонулат.] |
| 221-берене. Пайыздарга салынуучу салыктардын ставкалары жана мөөнөттөрү 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн нормалары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, резидент-банктар тарабынан алынган пайыздарга карата, ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) келишимдери боюнча лизинг берүүчү-резиденттер алынган пайыздарга карата колдонулбайт. | 221-берене. Пайыздарга салынуучу салыктардын ставкалары жана мөөнөттөрү 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн нормалары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, резидент-банктар, [лизингдик компаниялар] тарабынан алынган пайыздарга карата колдонулбайт. |
| 223-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы киреше булактан алган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салынуучу салыкты кармап калуунун тартиби жана анын ставкасы 1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелер салык агенттери тарабынан киреше булагында чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан төмөндөгүдөй ставкалар боюнча салык салынат: 1) дивиденддер жана пайыздар - листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардан алынган пайыздардан тышкары 10 пайыз; 4) башкаруу жана консультациялык кызматтар боюнча кызматтардан 10 пайыз. 2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеге байланыштуу болбогон Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштар жана кызматтар боюнча кирешелерге төлөм булагынан салык агенттери тарабынан чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан салык салуулар жүргүзүлөт. Мындай кирешелерге карата салыктардын тиешелүү ставкаларын белгилөө менен төмөндөгүдөй кирешелер таандык кылынат: 1) эл аралык байланыштагы телекоммуникациялык же транспорттук кызматтардан жана Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулардан - 5 пайыз; Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары же анын аймагындагы пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылгандан башка учурларда, деңиз, дарыя же аба кемеси, автотранспорт каражаты же темир жол транспорту менен Кыргыз Республикасы менен жана башка мамлекеттердин ортосундагы ар кандай ташуулар эл аралык ташуулар деп түшүнүлөт; 2) башка кызматтардан, жумуштардан - 10 пайыз. 5. Каралган эмес. | 223-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы киреше булактан алган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салынуучу салыкты кармап калуунун тартиби жана анын ставкасы 1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелер [эгерде, ушул берене менен башкача каралбаса] салык агенттери тарабынан киреше булагында чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан төмөндөгүдөй ставкалар боюнча салык салынат: 1) дивиденддер жана [пайыздык кирешелер] - листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардан алынган [пайыздардан кирешелер] тышкары 10 пайыз; 2) алынган камсыздандыруу төлөмдөрү: [4) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөрдөн - 10 пайыз;] 5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланыштарда жана ташууларды телекоммуникациялык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн - пайыз. Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же анын аймагында жайгашкан пункттардын ортосундагы гана ишке ашырыла турган ташуулардан башка учурлардагы деңиз, суу же аба кемелери, авто транспорт каражаттары же темир жол транспорттору менен ташууларды түшүнөбүз. 2. Күчүн жоготту деп табылсын. 5.Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме, лизингдик компания менен байланышпаган чет өлкөлүк уюм тарабынан алынган киреше лизингдик компаниянын атынан кирешелерди төлөөчү булактан төмөнкү ставкалар боюнча эсептик чыгарууларды ишке ашырбай туруп салык алынууга тийиш: 1) дивиденддер жана пайыздардан, жумуш жана/же кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешеден - 1 пайыз; 2) автордук калем акылардан, роялтиден - 0 пайыз. |
| Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес Каралган эмес | "Пайдага салык" деген аталыштагы VIII бөлүм төмөнкү редакциядагы "34-1-глава. Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси тарабынан пайдага салык боюнча алынуучу базаны эсептеп чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби" деген глава менен толукталсын: [34-1-глава. Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси тарабынан пайдага салык боюнча алынуучу базаны эсептеп чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби] 223-1-берене. Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси тарабынан пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептеп чыгаруунун жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонуунун тартиби 1. Чакан жана орто ишкердиктин субъектиси ушул главада белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте пайдага салык боюнча салыктык базаны аныктоого укуктуу. 2. Ушул беренеде каралбаган учурларда пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептеп чыгаруу ушул Кодекстин 29- жана 30-главаларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. 3. Календардык жыл ичинде түшкөн акчасы 30000000 сомдон ашкан чакан жана орто ишкердиктин субъектиси ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып пайдага салык боюнча жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонуу укугун жоготот. 4. Календардык жылдын жыйынтыгы боюнча пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонуу укугуна ээ болгон пайдага салыктын салыгын төлөөчү бул тартипти ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып колдонууга укуктуу. 5. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгаруудан жалпы тартипке өтүүдө салыктык максаттар үчүн амортизациялоону эсептеп чыгарууда эске алынуучу негизги каражаттардын алгачкы наркы календардык жылдын 1-январына карата негизги каражаттардын калдык наркына тең кабыл алынат, анда салык төлөөчү бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайдага салыкты жалпы эреже боюнча төлөйт. 223-2-берене. Жылдык жалпы киреше 1. Жылдык жалпы кирешеге кыйыр салыктарды эске албастан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча кирет. 2. Жылдык жалпы кирешенин курамына ушул Кодекстин 189-беренесинде каралган салык алынбай турган кирешелер кирбейт. 3. Бардык негизги каражаттарды саткан учурда терс калдыктан башка негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчага кирбейт, амортизациялык чегерүүлөрдү эсептеп чыгарууда негизги каражаттардын наркын азайтат. 223-3-берене. Киреше алууга багытталган чыгымдарды эсептен чыгаруу Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчү товарларды, чегерүүгө жатпай турган сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча салыктарды, ушул главага ылайык эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдү, кошо, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу менен байланышкан тастыкталган чыгымдарды, ошондой эле ушул Кодекстин 203-беренесинде белгиленген чектөөсүз эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдарды эсептен чыгарууга киргизүүгө укуктуу. 223-4-берене. Пайыздык чыгымдарды эсептен чыгаруу 1. Чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен, эгер карыздын суммасы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн колдонулса чыгарылып салууга тийиш. 2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгымдар менен байланышкан, ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун ыкмаларына жараша, чегерилген жана/же төлөнгөн пайыздык чыгымдар аталган каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жалпы кирешеден чыгарып салууга жатпайт. 223-5-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы 1. Ушул главанын негизги максаттары үчүн негизги каражаттар болуп Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык негизги каражаттар деп таанылган активдер саналат. 2. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркына аларды сатып алууга жана/же даярдоого кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар кошулат. 3. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркы өзгөртүлүүгө жатпайт. 4. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин наркы ушул главада белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөр аркылуу эсептен чыгарылууга кирет. 5. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасынан чегерилүүгө тийиш болгон КНСти алып салуу, жана/же ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон акциздик салыктан улам аныкталат. 223-6-берене. Амортизациялануучу активдер Салык төлөөчүнүн менчигинде турган негизги каражаттары жана материалдык эмес активдери, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу үчүн колдонулуучу финансылык ижаранын (лизинг) келишими боюнча алынган негизги каражаттары кошо амортизацияланат. 223-7-берене. Амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо 1. Амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо салык төлөөчү бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына иштелип чыккан жана салык төлөөчү тарабынан бекитилген же ушул берене менен белгиленген ыкмага ылайык эсептик саясатта салык төлөөчү тарабынан белгиленген ыкманы колдонуу укугуна ээ. 2. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны аныктоо үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы салык төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн амортизациялоонун ченемин жыл аягында негизги каражаттардын салыктык наркына көбөйтүү жолу менен аныкталат. 3. Амортизациялоонун ченеми 40 пайыз өлчөмүндө белгиленет. 4. Жылдын аягына негизги каражаттардын салыктык наркы төмөндөгүдөй эсептелет: 1) мурунку жылдын аягындагы негизги каражаттардын салыктык наркы катары аныкталуучу негизги каражаттардын жыл башындагы салыктык наркы, мурунку жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылган, кошуу 2) салыктык мезгилдин ичинде сатылып алынган негизги каражаттардын наркы; алуу 3) салыктык мезгил ичинде сатылган негизги каражаттардын наркы. 5. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, ал нөлгө барабар болот, мында салык төлөөчү өз кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот. 6. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркынын чоңдугу жылдын аягында эсептик көрсөткүчтүн 100 эсесинен азды түзсө, анда бул сумма амортизациялык чегерүү деп таанылат. 7. Эгерде бардык негизги каражаттар сатылган болсо, анда калдык салыктык нарк амортизациялык чегерүү деп таанылат жана эсептен чыгарылууга тийиш. 8. Ушул берене менен белгиленген амортизациялык чегерүүнүн тартибин колдонгон салык төлөөчү ушул Главада белгиленген пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептеп чыгарууну колдонгон мезгил ичинде аталган ыкманы колдонууга укуктуу, жана ушул режимди колдонгон салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган күндөн тартып аны колдонууну токтотууга милдеттүү. 223-8-берене. Экономикалык иш-аракетке байланыштуу зыяндарды которуу 1. Салык төлөөчүнүн кирешесинен эсептен чыгаруулардын ашып кеткен суммасы зыян тартуу деп таанылат жана зыян тарткан мезгилден кийинки салыктык мезгилдин салык салынуучу кирешесинен эсептен чыгарып салуулар катарында 5 жылдан ашпаган календардык жылдагы мөөнөткө салык төлөөчү тарабынан которулат. 2. Эгерде салык төлөөчү бир салыктык мөөнөттөн ашуун зыян тартса, анда мындай зыян тарткан мезгилден кийинки салыктык мезгилдерге ошол зыяндарды которуу зыян тартуудагы кезектүүлүктө жүргүзүлөт. 3. Өзгөртүп кайра түзүүдөн улам салык төлөөчү ишин токтоткон учурда укугун улантуучу салык төлөөчү кайра түзүү учуруна чейин өзгөртүп кайра түзүлгөн салык төлөөчү алган зыяндардын суммасына ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда салыктык базаны азайтууга укуктуу. 223-9-берене. Эсептен чыгарып салууларга жатпаган чыгымдар 1. Төмөнкүлөрдү эсептен чыгарып салууга болбойт: 1) Кыргыз Республикасынын бюджетине жана Социалдык фонддун бюджетине төлөнүүчү салыктык санкциялар, туум айыптар жана проценттер; 2) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкүдөй салыктар: а) пайдага салык; б) ушул Кодекске ылайык эсеп кылынууга жатпаган КНС тышкаркы КНС; в) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүлөр төлөгөн сатуудан салыкты кошпогондо сатуудан алынуучу салык; г) ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарып салууга жатпаган акциздик салыкты кошпогондо акциздик салык; 3) бул чыгымдар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан пайда алуу максатында жүргүзүлгөн факты тастыкталган учурларды кошпогондо башка жак үчүн келтирилген ар кандай чыгымдар; 4) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык салык салынууга жатпаган менчиктин, кирешенин ар кандай түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө чыгымдар; 5) салык төлөөчү, анын үй-бүлө мүчөлөрү же өз ара көз каранды субъекти тарабынан менчикти сатууга же алмашууга түз же кыйыр түрдө байланышкан ар кандай чыгымдар; 6) экономикалык иш-аракет жүргүзүүгө байланышпаган салык төлөөчүнүн жакын туугандарына жана башка адамдарга карата чыгымдар: 7) салык агенти тарабынан салынган киреше салыгынан тышкары кызматкерге сатып алуу же өндүрүү баасынан төмөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу чыгымдар; 8) мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоого болбогон чыгымдар; 9) киреше алууга байланышпаган чыгымдардын суммасы: 10) пайдага салык салынбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан пайда алууга байланыштуу чыгымдар; 11) Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе резервге чегерүүлөр түрүндөгү чыгымдар. |
| 231-берене. Салык салуу объектиси 2. Төмөнкүлөр КНС салуунун объектиси болуп эсептелбейт: 5) уставдык капиталга (фонд, чегерүү) берилген мүлктү өткөрүү же кайтаруу. 6) каралган эмес. | 231-берене. Салык салуу объектиси 2. Төмөнкүлөр КНС салуунун объектиси болуп эсептелбейт: 5) уставдык капиталга (фонд, чегерүү) [КНСти бир салык төлөөчү тарабынан КНСти экинчи салык төлөөчүгө же берүү же кайтарып берүү учурунда ушундай болуп калган субъектиге] берилген мүлктү өткөрүү же кайтаруу. [6) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү.] |
| 241-берене. Финансылык ижара (лизинг) боюнча негизги каражаттардын беримдери 1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, негизги каражаттарды финансылык ижаранын (лизинг) келишими боюнча өткөрүп берүү лизинг берүүчү тарабынан алына турган пайыздардын суммасы бөлүгүндө бошотулган беримдер болуп эсептелет. 2. Негизги каражаттарды өткөрүп берүү жана лизинг берүүчү тарабынан алына турган финансылык ижаранын (лизинг) келишими боюнча төлөмдөр төмөндөгү шарттардын бири сакталган учурда бошотулган беримдер болуп саналат: 1) эгер берилүүчү негизги каражаттардын импорту ушул бөлүмгө ылайык КНСти төлөөдөн бошотулган болсо; 2) эгерде лизинг берүүчү аталган негизги каражаттарды салык салынуучу субъект болуп эсептелинбеген чарбакер субъекттен сатып алган болсо. | 241-берене. Финансылык ижара (лизинг) боюнча негизги каражаттардын беримдери [Күчүн жоготту деп табылсын.] |
| 242-берене. Медициналык иш-аракет чөйрөсүндөгү товарлар жана кызматтар Протездик-ортопедиялык буюмдарды беримдер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизме боюнча майыптар үчүн адистештирилген товарларды, анын ичинде аларды оңдоо, ошондой эле дарылык каражаттардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. | 242-берене. Медициналык иш-аракет чөйрөсүндөгү товарлар жана кызматтар [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тизме боюнча протездик-ортопедиялык буюмдарды, берүүлөр, майыптар үчүн атайын товарларды, аларды оңдоону кошо, беримдер, ошондой эле дары-дармек каражаттардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.] |
| 243-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр 2. Ушул берененин максаты үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп төмөнкүлөр таанылат: 1) кредиттер, заемдор боюнча пайыздарды эсептөө жана өндүрүп алуу, кредиттерди, заемдорду берүү жана өндүрүү, кепилдиктерди жана/же гарантияларды берүү, анын ичинде акчалай формада аткарууну караган банктык кепилдиктерди берүү, заемдорду, кредиттерди же кредиттик гарантияларды кредиторлор тараптан башкаруу; | 243-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр 2. Ушул берененин максаты үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп төмөнкүлөр таанылат: 1) проценттик кирешелерди эсептөө жана төлөтүү, карыздык милдеттенмелерди берүү жана төлөтүү, банктык кепилдиктерди берүүнү кошо алганда ишенимдерди жана же кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмени башкаруу боюнча агенттин кызмат көрсөтүүлөрү; |
| 247-берене. Роуминг, тармактар аралык байланыш (интерконнект) кызмат көрсөтүүлөрү жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыштык кызмат көрсөтүүлөр 1. Роуминг, тармактар аралык байланыш (интерконнект) кызматтар Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине беримдер, эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыш кызматтарын Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. 2. Ушул берененин максаттары үчүн: 1) трафик - бул электр байланыш тармагы боюнча өткөрүп берилүүчү маалыматтардын жыйындысы; 2) роуминг - бул кыймылдуу байланыш оператору тарабынан абонентке берилүүчү кыймылдуу байланыш кызматтары, алардын ортосунда келишимдик мамилелер түзүлөт, мында анын иштөө зонасынан кыймылдуу байланыштын башка операторунун иштөө зонасына Кыргызстандын ичинде жана анын чегинен сыртка которулуу; 3) тармактар аралык байланыш (интерконнект) - бул кызматтарды көрсөтүүчүнүн абоненттерине башка кызматтарды көрсөтүүчүнүн абоненттери менен байланыш же башка кызмат берүүчүнүн кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн электр байланыш тармактарынын физикалык жана логикалык байланышы; 4) транзиттик трафик - бул булагы жана алуучусу электр байланыштын башка тармактарынын пайдалануучулары болгон учурда электр байланыш операторунун тармагы аркылуу өтүүчү трафик. | [Күчүн жоготту деп табылсын.] |
| 251-берене. Кайрымдуулук уюмдарынын беримдери Кайрымдуулук уюмдарынын Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттагы беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. | 251-берене. Кайрымдуулук уюмдарынын беримдери Кайрымдуулук уюмдарынын Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттагы беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. |
| 253-берене. Акысыз негиздеги беримдер Социалдык-маданий, туракжай-коммуналдык арналыштагы объекттерди, жолдорду, электр тармактарын, подстанцияларды, котельный жана жылуулук тармактарды, суу чыгаргыч курулмаларды, кен-шахта жабдууларын, жарандык коргонуу объекттерин көрсөтүлгөн объекттерди арналышы боюнча пайдалануучу жана эксплуатациялоочу адистешкен уюмдарга акысыз негиздеги беримдер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга наркы акысыз негизги каражаттардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. | 253-берене. Акысыз негиздеги беримдер Социалдык-маданий, туракжай-коммуналдык арналыштагы объекттерди, жолдорду, электр тармактарын, подстанцияларды, котельный жана жылуулук тармактарды, суу чыгаргыч курулмаларды, кен-шахта жабдууларын, жарандык коргонуу объекттерин көрсөтүлгөн объекттерди арналышы боюнча пайдалануучу жана эксплуатациялоочу адистешкен уюмдарга акысыз негиздеги беримдер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга наркы акысыз негизги каражаттардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. [Турак-жай объекттеринин иштерин камсыздоочу инженердик тармактарды мамлекеттик архитектуралык көзөмөлдөө органдары бекиткен объектини пайдаланууга кабыл алуу актысынын негизинде аларды пайдаланууну ишке ашыруучу уюмдарга өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат.] |
| 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 2) майыптар үчүн атайын товарлар; 3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка; 7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 10) балдардын тамак-ашы; 11) жаратылыш газы; 12) дары каражаттары; 13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 10 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. | 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 2) майыптар үчүн атайын товарлар; 3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка; 7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 10) балдардын тамак-ашы; 11) жаратылыш газы; 12) дары каражаттары; 13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар. 2. Ушул берененин [1-бөлүктүн 2, 3, 10 жана 12-пункттарында] көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. |
| 259-берене. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027 негизги каражаттарына жайылтылат. 7) Каралган эмес | 259-берене. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, [851761000], 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027 негизги каражаттарына жайылтылат. [7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү болуп саналбайт.] |
| 265-берене. Беримдердин салык салынуучу наркы 9. Мүлк финансылык ижарага (лизинг) берилгенде беримдин салык салынуучу наркы болуп лизингди алуучу лизинг берүүчүгө финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болгон мүлктү сатуучуга төлөнгөн же төлөнүүгө тийиштүү сумма эсептелет. | 265-берене. Беримдердин салык салынуучу наркы [9. Күчүн жоготту деп табылсын.] |
| 266-берене. Салык салынуучу беримдин жана эсепке алынууга жаткан КНСтин өлчөмүн такташтыруу 3. Эгерде берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акынын баары же бир бөлүгү кайтарылгыс карыз болуп эсептелсе, анда салык салынуучу субъект эсепке алууга тийиш болгон КНСтин суммасын талап кылууга укуктуу болот, бирок ал кайтарылгыс карыздын келип чыгышына байланыштуу беримдер боюнча КНС чегерилген күндөн тартып салык мезгили аяктаганга чейинки 12 айдан мурда жүргүзүлбөйт. [Бул бөлүктүн максаты үчүн кайтарылгыс карыз деп салык салынуучу жак алууга тийиш болгон, милдеттенме соттун чечимине, банкроттукка, жоюлууга же бересечинин өлүмүнө байланыштуу ал жак толук ала албачу, же Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарында каралган доомат коюу мөөнөтү өтүп кеткен сумма эсептелет.] 5. Эгерде салык салынуучу субъектинин сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча милдеттенмеси шектүү деп табылса, ушул милдеттенмеге киргизилген КНСтин суммасы жагдай шектүү деп табылган салык мезгилинде эсепке алуудан чыгарылып салынууга тийиш. Эгерде шектүү жагдай толугу менен же жарым-жартылай төлөнсө, анда милдеттенменин төлөнгөн бөлүгүнө таандык болгон сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы акы төлөө жүргүзүлгөн салык мезгилинде эсепке алынууга тийиш. [Бул бөлүктүн максаты үчүн шектүү милдеттеме деп субъект төлөөгө тийиш болгон жана ал субъекттин милдеттенмеси соттун чечимине байланыштуу токтотулганына, банкрот болгонуна, жоюлганына же өлүмүнө байланыштуу төлөбөгөн, же Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарында каралган доомат коюу мөөнөтү өтүп кеткен сумма эсептелет.] | 266-берене. Салык салынуучу беримдин жана эсепке алынууга жаткан КНСтин өлчөмүн такташтыруу 3. Эгерде берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акынын баары же бир бөлүгү кайтарылгыс карыз болуп эсептелсе, анда салык салынуучу субъект эсепке алууга тийиш болгон КНСтин суммасын талап кылууга укуктуу болот, бирок ал кайтарылгыс карыздын келип чыгышына байланыштуу беримдер боюнча КНС чегерилген күндөн тартып салык мезгили аяктаганга чейинки 12 айдан мурда жүргүзүлбөйт. 5. Эгерде салык салынуучу субъектинин сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча милдеттенмеси шектүү деп табылса, ушул милдеттенмеге киргизилген КНСтин суммасы жагдай шектүү деп табылган салык мезгилинде эсепке алуудан чыгарылып салынууга тийиш. Эгерде шектүү жагдай толугу менен же жарым-жартылай төлөнсө, анда милдеттенменин төлөнгөн бөлүгүнө таандык болгон сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы акы төлөө жүргүзүлгөн салык мезгилинде эсепке алынууга тийиш. |
| 270-берене. КНСти кириштөөнүн тартиби 4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган салык салынуучу беримдер боюнча нормативдик укуктук актыларда белгиленген табигый коромжунун (коромжу нормативдеринин) чегинде кириштелүүгө тийиш. | 270-берене. КНСти кириштөөнүн тартиби [4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС табигый азаюулардын (жоготуулардын ченеми) нормаларынын чектеринде салык салынуучу берүүлөргө кириш кылынууга тийиш. Табигый азаюулардын (жоготуулардын ченеми) тармактык нормалары жана айрым субъекттерге карата табигый азаюулардын нормалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.] |
| 275-берене. Салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү 1. Операциялар чагылдырылбагандык же толук чагылдырылбагандык, ошондой эле ушул бөлүмгө ылайык жараксыз же жоголду деп эсептелген КНС эсеп-фактураларына негизделген каталардын фактылары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор КНС боюнча салык төлөөчү салыктык отчетко киргизбөөгө тийиш. | 275-берене. Салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү 1. КНС эсеп-фактураларына негизделген каталардын фактылары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор КНС боюнча салык төлөөчү салыктык отчетко киргизбөөгө тийиш. |
| 295-берене. Акциздик жыйымдын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлар 1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолчу, тизмелери ушул Кодекстин 285-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар пиводон башкасы (ТНВЭД коду 2203) акциздик жыйымдын маркалары менен белгиленүүгө тийиш. | 295-берене. Акциздик жыйымдын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлар 1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолчу, тизмелери ушул Кодекстин 285-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар пиводон (ТНВЭД 220430 коду) жана жүзүм суслосунан (ТНВЭД 220430 коду) башкасы акциздик жыйымдын маркалары менен белгиленүүгө тийиш. |
| 310-берене. Роялтинин ставкасы 1. Роялтинин ставкасы сатылган продукциянын көлөмүнөн, алынган суунун натуралай көлөмдөрүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: | 310-берене. Роялтинин ставкасы 1. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө суу менен жабдууга адистештирилген уюмдарды кошпогондо накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: |
| 315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу 1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат: 5) Каралган эмес. | 315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу 1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат: [5) I жана II топтогу майыптар коомдору, сокурлар жана дүлөйлөр Кыргыз коомунун уюмдары, майыптар, сокурлар, дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын түзгөн жеке ишкерлер жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 проценттен кем эмес суммасын түзөт. Бул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.] |
| 316-берене. Салык салуу объектиси 2. Сатуудан салык алынбоочу объект болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) мүлктү менчик ээсинен төмөнкүгө өткөрүп берүү: а) ишеним алып башкаруу келишиминин негизинде ишеним алган башкаруучуга; б) жөнөкөй өнөктөштүк келишимине ылайык ушул өнөктөштүктүн ишин алып баруу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн субъект; 2) ишеним алып башкаруу же жөнөкөй өнөктөштүк келишиминин аракети токтогон учурда менчик ээсине мүлктү өткөрүп берүү; 3) каралган эмес. | 316-берене. Салык салуу объектиси 2. Сатуудан салык алынбоочу объект болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) мүлктү менчик ээсинен төмөнкүгө өткөрүп берүү: а) ишеним алып башкаруу келишиминин негизинде ишеним алган башкаруучуга; б) жөнөкөй өнөктөштүк келишимине ылайык ушул өнөктөштүктүн ишин алып баруу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн субъект; 2) ишеним алып башкаруу же жөнөкөй өнөктөштүк келишиминин аракети токтогон учурда менчик ээсине мүлктү өткөрүп берүү; [3) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү.] |
| 317-берене. Салыктык база 5. Банк үчүн салыктык база болуп негизги каражаттарды, товарларды сатуудан түшкөн пайда, пайыздык кирешелер, валюталык операциялардан чыгымдарды алып салуу менен валюталык операциялардан түшкөн кирешелерди кошуп эсептегенде жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше эсептелет. | 317-берене. Салыктык база 5. Банк үчүн салыктык база болуп негизги каражаттарды, товарларды сатуудан түшкөн пайда, пайыздык кирешелер [негизги каражаттарды сатууда финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган проценттик кирешелерди кошпогондо], валюталык операциялардан чыгымдарды алып салуу менен валюталык операциялардан түшкөн кирешелерди кошуп эсептегенде жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше эсептелет. |
| 341-берене. Жер салыгынын суммасын эсептөө 1. Жер салыгын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт. 3) короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктор үчүн төмөнкүдөй формула боюнча: Н = С х П х Кз, мында Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участогунун аянты, кв.м, Кз - ушул Кодекстин 339-берененин 4-бөлүгү каралган тартипте белгиленген зоналык коэффициент. | 341-берене. Жер салыгынын суммасын эсептөө 1. Жер салыгын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт. 3) короо жай жана багбанчылык-огород, [үй жанындагы] жер участоктор үчүн төмөнкүдөй формула боюнча: Н = С х П х Кз, мында Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участогунун аянты, кв.м, Кз - ушул Кодекстин 339-берененин 4-бөлүгү каралган тартипте белгиленген зоналык коэффициент. |
| 343-берене. Салык салуудан бошотуу Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөндөгүлөр салык төлөөдөн бошотулат: 5) майыптардын, согуштун катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын, кайрымдуулук уюмдарынын, азиздер жана дүлөйлөр коомунун жерлери; | 343-берене. Салык салуудан бошотуу Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөндөгүлөр салык төлөөдөн бошотулат: [5) майыптардын уюмдарынын, согуштун катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын жерлери жана сокурлар жана дүлөйлөр Кыргыз коомунун уюмдарынын, майыптар, сокурлар, дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын түзгөн жеке ишкерлердин жерлери жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 проценттен кем эмес суммасын түзөт. Бул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт;] |
| 351-берене. Салыкты эсептөөнүн тартиби 1. Салыктын суммасы салыктык базага, салыктык ставкалары такташтырылуучу коэффициенттерди эске алуу менен салыктын ставкаларына жараша аныкталат. 2. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, салык салуу объектисинин жайгашкан ордуна жараша төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын аныктоодо төмөнкүдөй такташтырылуучу коэффициенттер колдонулат: Калктуу конуштардын калкынын санына жараша коэффициенттер 3. Калктуу конуштарда калктын санына карабастан салыкты эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда 1ге барабар болуучу коэффициент колдонулат: 1) календарлык жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин, тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу курорттук зоналардын аймагында ишке ашырылчу түрлөргө карата; 2) ойномо автоматтарды жана бильярддарды берүүгө карата кызмат көрсөтүү; | 351-берене. Салыкты эсептөөнүн тартиби 1. Салыктын суммасы салыктык базага, салыктык ставкалары такташтырылуучу коэффициенттерди эске алуу менен салыктын ставкаларына жараша аныкталат. 2. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, салык салуу объектисинин жайгашкан ордуна жараша төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын аныктоодо төмөнкүдөй такташтырылуучу коэффициенттер колдонулат: Калктуу конуштардын калкынын санына жараша коэффициенттер, [миң адам] [3. Салыкты эсептөөдө калктуу конуштардагы адамдардын санына карабастан 1ге барабар, ал эми оюн автоматтарын жана бильярд берүү, казино, 100дөн ашуун орундуу сандагы автомашина токтоочу жайлардын кызматтарын көрсөтүүдө 1-ге барабар коэффициент колдонулат.] |
| 353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары 4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн: 1) КНСке салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын; 2) уюмдардын укуктары жок. 5) жана 6) бөлүктөрү каралган эмес. | 353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары 4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн: 1) КНСке [жана/же КНС боюнча жылына каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкан кирешенин көлөмүндө] салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын; 2) уюмдардын укуктары жок. [5. Бул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпы белгиленген тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү жалпы белгиленген тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө бир режимден экинчи режимге өтүүнүн оперативдүүлүгүн камсыздоо жана ушул Кодексин жоболорунун талаптарын бекем сактоо максатында ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт. 6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.] |
| 359-берене. Салык төлөөчүлөр 1. Салык салуу максатындагы чакан ишкерлик субъектиси болуп уюм же жеке ишкер эсептелет, эгерде бир эле мезгилде төмөнкүдөй шарттар сакталса: 1) кызматкерлердин орточо тизмесинин саны 30 адамдан ашпайт; | 359-берене. Салык төлөөчүлөр 1. Салык салуу максатындагы чакан ишкерлик субъектиси болуп уюм же жеке ишкер эсептелет, эгерде бир эле мезгилде төмөнкүдөй шарттар сакталса: [1) жыл үчүн кирешенин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпайт;] |
| 361-берене. Салыктык база Салык салуу базасы болуп КНСти жана сатуудан түшкөн салыкты эске албаган киреше эсептелет. | 361-берене. Салыктык база [1. Эгерде салык салуунун базасы ушул беренеде башкача каралбаса товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн пайда болуп саналат. 2. Ушул Кодекстин 358-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда салыктык база КНСти эсептебегенде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча болуп саналат.] |
| "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: |
| 3-берене. 1. 2009-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жер салыгы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринен башка мүлккө салык киргизилсин. 3. 2012-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат. 5. 2010-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 1-январына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген 1-топтогу мүлк объектилери боюнча мүлк салыгын эсептөөнүн төмөнкү тартиби белгиленсин: | 3-берене. 1. 2009-жылдын 1-январынан [2013]-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жер салыгы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринен башка мүлккө салык киргизилсин. 3. [2014]-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат. 5. 2010-жылдын 1-январынан [2014]-жылдын 1-январына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген 1-топтогу мүлк объектилери боюнча мүлк салыгын эсептөөнүн төмөнкү тартиби белгиленсин: |
| 8-берене. Төмөнкүлөр белгиленсин: 7. 2009-жылдын 1-январынан тартып салык салынуучу субъект тарабынан жүргүзүлүүчү салык салынуучу берүүлөр төмөнкүлөргө карата 2009-жылдын 1-январына чейин колдонуудагы тийиштүү ставка боюнча кошумча наркка салык салынууга жатат: - кошумча наркка салык төлөөчү катары ушул субъектти каттоо колдонууга киргизилген күндөн тартып жана 2008-жылдын 31-декабрында аяктоо менен ушул мезгилдин ичинде сатып алынган жана өндүрүлгөн материалдык ресурстардын калдыктары 2009-жылдын 1-январына карата: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу 2009-жылдын 1-январына чейин өткөрүлгөн товарлар. | 8-берене. Төмөнкүлөр белгиленсин: 7. 2009-жылдын 1-январынан тартып салык салынуучу субъект тарабынан жүргүзүлүүчү салык салынуучу берүүлөр төмөнкүлөргө карата 2009-жылдын 1-январына чейин колдонуудагы тийиштүү ставка боюнча кошумча наркка салык салынууга жатат: - кошумча наркка салык төлөөчү катары ушул субъектти каттоо колдонууга киргизилген күндөн тартып жана 2008-жылдын 31-декабрында аяктоо менен ушул мезгилдин ичинде сатып алынган жана өндүрүлгөн материалдык ресурстардын [негизги каражаттарды кошпогондо] калдыктары 2009-жылдын 1-январына карата; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу 2009-жылдын 1-январына чейин өткөрүлгөн товарлар. |
| Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин колдонуудагы редакциясы | "Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: |
| 351-статья. Бирдиктүү салык декларациялары жана салыктарды төлөбөө, белгиленген мөөнөттөрдө бербөө Бирдиктүү салык декларациялары жана салыктарды төлөбөө, белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - | 351-статья. Бирдиктүү салык декларациялары жана салыктарды төлөбөө, белгиленген мөөнөттөрдө бербөө Бирдиктүү салык декларациялары жана/[же] салыктарды төлөбөө, белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - |
| Каралган эмес. | 356-1-берене. Банктын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126-беренесинде белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө банктын кызмат адамына административдик айып салууга алып келет. |
| 535-статья. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын органдары ушул Кодекстин 346, 348-353, 355, 356, 410, 418-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. | 535-статья. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын органдары ушул Кодекстин 346, 348-353, 355, 356, 356-1, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. |
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: |
| 12-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү Төлөмдөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт: 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү субсидиялар, компенсациялар, пенсиялар, жөлөкпулдар жана стипендиялар. 2. Санаториялык-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий-профилакторийлерге, балдардын ден соолукту чыңдоо борборлоруна жолдомолордун наркы. 3. Кызматкерлерге табигый кырсыктардын жана өрттүн, оорунун натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле кызматкердин же анын жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүлгөн материалдык жардамдын суммасы. 4. Кан бергендиги үчүн, донорлуктун башка түрлөрүнөн, эмчектин сүтүн бергендиги үчүн алынган суммалар, ошондой эле медициналык мекемелердин кызматкерлери кан чогултуу үчүн алган суммалар. 5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар үчүн алынуучу алименттер. 6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге эмгектик мертинүүдөн, кесиптик дартка чалдыгуудан, болбосо ден соолугуна башка зыян келүүдөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн суммалар. 7. Майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатында көрсөтүлгөн бир жолку материалдык жардам. 8. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде мыйзамга ылайык өкүлчүлүк ишти жүзөгө ашыруу учурунда, кызматтык иш сапарына, башка жерге ишке которууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөнгөн компенсациялар. 9. № 1, 2-тизме боюнча жумуштарда иштегендер үчүн белгиленген ченемдердин чектеринде берилүүчү атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуунун башка каражаттарынын, самындын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттардын, сүттүн жана дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы (акысыз же жарым-жартылай акы төлөө менен берилүүчү жана жеке пайдаланууда калуучу фирмалык кийимдин, кийим-кечектин наркынан башка). 10. Өндүрүштөн ажыратуу менен окууга жиберилген студенттерге (аспиранттарга) уюмдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, мекемелер жана фонддор тарабынан кайрымдуулук максаттарында белгиленүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар. 11. Иш менен камсыз кылуу кызматынын органдары тарабынан уюштурулган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан жумушсуз жарандардын эмгек акысы. 12. Жарандардын ишкананын менчигин башкарууга катышуудан алган кирешелери (дивиденддер, пайыздар, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр). | 12-берене. Камсыздандыруу взносу эсептелбеген төлөмдөрдүн түрлөрү [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взностору төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө эсептелбейт: 1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесинин 1)-20) пункттарында белгиленген кирешелерге; 2) ишкананын менчигин башкарууга жеке адамдардын катышуусунан алынган кирешелер (дивиденддер, проценттер, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр).] |
| "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: |
| 9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу иштин түрлөрү Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат: 13) банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, кредиттик союздардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга; | 9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу иштин түрлөрү Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат: 13) банк операцияларын [финансылык ижарага (лизингге) келишими боюнча операцияларды кошпогондо,] жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, кредиттик союздардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга; |
| "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: |
| 4-статья. Кредиттик союздун иши 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары аткарылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумча лицензия алынган шартта, кредиттик союздар төмөнкүдөй кошумча кызматтарды (операцияларды) көрсөтө алышат: 1) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 2) кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүзөгө ашыруу; 3) банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасы боюнча кредиттик союзда эсептерди ачпай эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү гана жүзөгө ашырууга укуктуу. | 4-статья. Кредиттик союздун иши 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары аткарылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумча лицензия алынган [эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаган, шартта], кредиттик союздар төмөнкүдөй кошумча кызматтарды (операцияларды) көрсөтө алышат: 1) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 2) [күчүн жоготту деп табылсын;] 3) банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасы боюнча кредиттик союзда эсептерди ачпай эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. [Кредиттик союздар финансылык лизинг боюнча операцияларды кошумча лицензия албастан ишке ашыра алышат. 5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансалык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле финансалык лизинг боюнча операцияларды ишке ашырат.] |
| "Кыргыз Республикасындагы микро финансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | "Кыргыз Республикасындагы микро финансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: |
| 16-статья. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 1. Микрофинансы компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү; 2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 3) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу; 4) финансы лизинги боюнча операцияларды жүргүзүү, мында микрофинансы компаниясы берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн андан сатып алуу жана кредиттин шартында сатып алуучуга сатуу жолу менен сатууну каржылоо аркылуу мүлктү берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары иш алып барат. | 16-статья. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар [1. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, микро финансылык] компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү; 2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 3) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу; [4) күчүн жоготту деп табылсын.] [6) Микрофинансалык компания финансалык лизинг боюнча операцияларды ишке ашыралат.] |
Министр
У.Ташбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1599-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.01.2012 · № 1599-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1784-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.04.2012 · № 1784-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1936-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.05.2012 · № 1936-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1599-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.02.2012 · № 1599-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-майындагы № 344 ""Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 30.05.2012 · № 344 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №165 "2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 165 · Күчүн жоготкон