327-берене. Мүлк объектинин салык салынуучу наркын аныктоо тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · XIII БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86
327-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 327-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-, 2жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:
СН = С х А х Кр х Кз х Ко, мында:
С
-
мүлк объектисинин салык салынуучу наркы, сом.
С
-
мүлк объектисинин аянтынын бир квадрат метринин салык салынуучу наркы, сом/кв.м;
А
-
1-топтогу мүлк объекттеринин ушул Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынууга жатпаган аянтына азайтылган 1-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты же 2 же 3-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты, кв.м;
К
-
объекттин салык салынуучу наркынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы турган жерине жараша өзгөрүшүн эске алган региондук коэффициент;
К
-
объекттин салык салынуучу наркынын калктуу конуштагы турган ордуна жараша өзгөрүшүн эске алуучу зоналык коэффициент;
К
-
2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент. Башка топтордогу мүлк объекттери үчүн Ко 1ге барабар деп кабыл алынат.
2. 1-, 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин бир квадрат метр аянтынын салык салынуучу наркы дубалынын материалына жана мүлк объектин эксплуатацияга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Дубалдардын материалы
Эксплуатациялоо мөөнөтү
Баалоо наркы 1 кв.м, сом
Кирпич
5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун
15000
14000
13000
12000
10000
Жыгач
5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун
13000
12000
11000
10000
8000
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек
5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун
14000
13000
12000
11000
10000
Чийки топо (саман, гувелек, сокмо)
5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун
10000
9000
8000
6000
5000
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу
5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун
9000
8000
7000
6000
5000
Металл
30 жылга чейин 30 жылдан ашуун
10000
8000
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар
4000
3. Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын эсептөөдө мүлк объектисинин дубалдарында басымдуулук кылган дубал материалдары негиз катары кабыл алынат. Басымдуу материалдарды аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. 1-топтогу мүлк объектиси үчүн жалпы аянт кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн, ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.
5. 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн мүлк объектисинин жалпы аянты ишкердик ишти: товарлар чыгарууну, кызмат көрсөтүүнү, жумуштарды аткарууну, товардык-материалдык байлыктарды сактоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн администрациялык, өндүрүштүк жана кампа жайларынын жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын базасында аныкталат.
6. Мүлккө укукту каттоо жок болгон жана/же мүлк объектиси боюнча салык төлөөчү аныктаган салык базасы жана/же функциялык арналышы жана салык органдары башка булактардан алган документтик маалыматтарда айырмачылык чыккан учурда мүлк объектисинин дубалдарынын материалы жана аянты салык салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү салык органынын, кыймылсыз мүлк объекттерине укукту каттоо боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн жана мүлк объектисин иш жүзүндө пайдаланган пайдалануучулар курамына кирген комиссия тарабынан жүргүзүлгөн 1-, 2- же 3-топтогу мүлктүн объектисинин тышкы периметри боюнча физикалык ченөөгө жараша аныкталат.
Ченөөнүн жыйынтыгы үч нускадагы акты менен таризделип, алар салык органына мүлк объектиси боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн, тиешелүүлүгүнө жараша кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча аймактык органга, ошондой эле мүлк объектисин пайдалануучуга берилет.
7. Кр региондук коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Облустардын жана райондордун аталышы
Кр мааниси
Облустардын жана райондордун аталышы
Кр мааниси
Баткен облусту
Бакай-Ата району
0,2
Баткен району
0,2
Кара-Буура району
0,2
Лейлек району
0,2
Нарын облусту
Кадамжай району
0,2
Нарын ш.
0,3
Кызыл-Кыя ш.
0,1
Ак-Талаа району
0,1
Сүлүктү ш.
0,1
Ат-Башы району
0,1
Жалал-Абад облусту
Жумгал району
0,1
Аксы району
0,2
Кочкор району
0,2
Ала-Бука району
0,2
Нарын району
0,2
Базар-Коргон району
0,2
Ош облусту
Ноокен району
0,2
Алай району
0,2
Сузак району
0,3
Араван району
0,3
Тогуз-Торо району
0,1
Кара-Кулжа району
0,2
Токтогул району
0,1
Кара-Суу району
0,6
Чаткал району
0,1
Ноокат району
0,3
Жалал-Абад ш.
0,8
Өзгөн району
0,3
Майлуу-Суу ш.
0,1
Чоң-Алай району
0,1
Кара-Көл ш.
0,1
Ош ш.
0,9
Таш-Көмүр ш.
0,1
Чүй облусту
Ысык-Көл облусту
Аламүдүн району
0,8
Ак-Суу району
0,3
Жайыл району
0,4
Жети-Өгүз району
0,3
Ысык-Ата району
0,4
Ысык-Көл району
0,3
Кемин району
0,3
Тоң району
0,2
Москва району
0,4
Түп району
0,2
Панфилов району
0,2
Каракол ш.
0,6
Сокулук району
0,7
Балыкчы ш.
0,3
Чүй району
0,4
Талас облусту
Токмок ш.
0,6
Манас району
0,1
Кара-Балта ш.
0,6
Талас району
0,2
Талас ш.
0,4
Бишкек ш.
1,0
8. Зоналык Кз коэффициентинин мааниси Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан башкаларда 1ге барабар болот.
Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек жана Ош шаарларындагы нарктык зоналардын чектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине макулдашуу боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө, салыктык мезгилдин ичинде бир жолудан кем эмес, үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө белгилейт.
9. Ко тармактык (функциялык) коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы)
Мааниси
Мейманканалар, ломбарддар, алмаштыруу пункттары
1,6
Май куюучу станциялар
1,6
Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер
1,0
Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар
0,8
Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары
0,7
Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар
0,6
Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары
0,5
Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар
0,3
Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар
0,3
Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү
0,8
Өнөр жай, курулуш ишканалары
0,2
10. Мүлк объектинин тармактык таандыктыгы (функциялык арналышы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.
11. Эгер Кр, Кз, Ко коэффициенттери белгиленбесе, алардын маанилери 1ге барабар болот.
(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
327-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 123 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (18)
- Кара-Таш айылдык кеңешинин 2011-жылдын 12-ноябрындагы № XXIV-1 "Кара-Таш айылдык округунун жергиликтүү бюджетине түшүүчү жер салыгы жана мүлк салыгын 2012-жылга бекитүү жөнүндө "…Постановление · 12.11.2011 · № XXIV-1
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №217 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 217
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 21-3 "Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 25.11.2011 · № 21-3
- Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 25-ноябрындагы № XXV-1 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 кабыл алынган салык кодексинин 327, 339-беренесинин 4-пунктуна…Постановление · 25.11.2011 · № XXV-1
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2011-жылдын 19-ноябрындагы № 22-4 "2012-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.11.2011 · № 22-4
- 2Ынтымак айылдык кеңешинин 2011-жылдын 16-декабрындагы № 22-2 "Ынтымак айылдык округунун бюджетинин 2012-жылга карата план долбоорун түзүүгө карата Ынтымак айыл округуна…Постановление · 16.12.2011 · № 22-2
- Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2011-жылдын 18-ноябрындагы № XXXII-2 "Т.Кулатов айылдык округунун аймагында "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффицентин жана…Постановление · 18.11.2011 · № XXXII-2
- Кеӊеш айылдык кеӊешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 25-2 "2013-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.11.2012 · № 25-2
- Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2012-жылдын 10 ноябрындагы № 42-2 ""Т.Кулатов айылдык округунун аймагында "Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр" коэффицентин жана…Постановление · 10.11.2012 · № 42-2
- Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин 2012 жылдын 30 мартындагы № 133/ХIХ – 25 "Айыл чарба эмес жерлеринин жер салыгына жана мүлккө коюлган салык ченинин аймактык коэффициентин…Постановление · 30.03.2012 · № 133\XIX-25
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 879 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын…Постановление · 31.12.2012 · № 879
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын…Постановление · 01.08.2013 · № 440
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана тапшыруу" ТАРТИБИПорядок · 19.03.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- "Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI – 100)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому…Порядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнунун № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2012 · № 393 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 10.02.2010 · № 25 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-327" title="327-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>