323-берене. Мүлк салыгын төлөөчү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · XIII БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 мая 2019 года № 64
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн, төмөнкүлөргө ээ болгон уюм же жеке адам мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк менчигинде болсо:
2) финансылык ижара келишиминин же ипотекалык кредиттөөнүн чегинде сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул мүлккө ээ болуу укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен баштап катталган мүлкү болсо.
2. Эгерде мүлктүн менчик ээсинин турган жерин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгын төлөөчү болуп мындай мүлктү пайдаланган уюм же жеке адам саналат.
3. Мүлккө укук катталбаган учурда мүлктү иш жүзүндө пайдалануу пайдалануучуну мүлк салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп саналат.
4. Бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарган же менчигинде мүлкү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер, бюджеттен каржыланган жана/же атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттары бар муниципалдык мекемелер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик орган, Депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мүлк же анын бир бөлүгү келишим боюнча мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга акы төлөп же акысыз пайдаланууга берилгенден башка учурларды, ошондой эле мүлктү эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана көңүл ачуу үчүн пайдалангандан башка учурларды кошпогондо мүлк салыгын төлөөчүлөр болуп саналбайт.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн субъекттер өткөрүп берген мүлктөн мүлк салыгын мүлктү акы төлөп же акысыз пайдаланууга берген жак, андай мүлктү пайдаланууга алган жактан алат.
5. Эгер ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1-топтогу жана биргелешкен менчигинде турган мүлк объекти боюнча тараптардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, ошол мүлктөгү өзүнүн пропорционалдык үлүшүнө жараша ар бир мүлк ээси салык төлөөчү болуп саналат.
(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
323-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-323" title="323-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>