315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 46-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118
1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат:
1) айыл чарбалык өндүрүшчү жана/же машина-трактордук станция;
2) айыл чарбалык кооператив;
3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар;
4) кайрымдуулук уюм;
5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары);
7) (КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салына турган өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү менен байланышкан өнөр жай ишканалары (тоо-кен-кайра иштетүүчү, тоо-кен казуучу, ошондой эле акциздик товарларды өндүрүүчү ишканаларды кошпогондо);
9) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы.
10) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр.
2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат:
1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн.
2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.
3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.
4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255 Мыйзамынын, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 21 Декретинин, КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81, 2015-жылдын 20-майындагы № 107, 2017-жылдын 29-июнундагы № 114, 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
315-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 октября 2017 года № 184 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июня 2017 года № 114 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 мая 2015 года № 107 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 апреля 2015 года № 81 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Декрет ВП КР от 21 апреля 2010 года № 21 "О внесении дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики в части налога с продаж"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 токтомуПостановление · 24.04.2019 · № 193
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.08.2018 · № 86 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-315" title="315-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>