Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 20-майы № 107 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пункттар менен толукталсын:
"10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);
11) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин.".
2. 38-глава төмөнкүдөй мазмундагы 251-1 жана 251-2-беренелер менен толукталсын:
"251-1-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.
251-2-берене. Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган берим болуп саналат.".
3. 315-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары);
7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелери.".
4. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"5) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүлүүлөр;
6) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр.".
5. 343-берененин 9-пунктунун экинчи абзацынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын) жерлери.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында N 48-49 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон