282-18-берене. Евразиялык экономикалык бирлигиндеги комиссиянын келишимдери, тапшырмалар, агенттик келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо КНСти эсептөө жана төлөө
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импорттолгон товарлар боюнча бюджетке КНСти эсептөө жана төлөө милдеттенмеси комиссионерге, ишеним берилген өкүлгө, агентке жүктөлөт.
Мындай учурда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнгөн КНСтин суммасы ушул Кодекстин 40-главасына ылайык комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан кириштелүүгө жатат.
2. Товарлардын беримдери, комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жумуштардын аткарылышы же кызматтардын көрсөтүлүшү ушул Кодекстин 233-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык берим деп таанылат.
3. Комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импортко салык салуунун жасалган датасы импорттолгон товарлардын комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан эсепке алган дата болуп саналат.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн эсепке алуу датасы болуп товарлардын берилгендигин ырастаган комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн, агенттин дарегине комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципал тарабынан түзүлгөн биринчи документтин датасы саналат. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2017 · № 650 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-18" title="282-18-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>