282-17-берене. Товарларды импорттоодо КНСти төлөөчүлөрдү аныктоонун өзгөчөлүгү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде товарларды сатып алса, импортко КНСти төлөө товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан - аймагына товарлар импорттолгон Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде сатылып алынса жана ошону менен бирге Евразиялык экономикалык бирлигине үчүнчү мүчө - мамлекеттин аймагынан импорттолсо, аймагына товарлар импорттолгон товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан импортко КНС төлөнөт.
3. Эгерде товарлар Евразиялык экономикалык бирлигине бир мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан комиссиянын келишиминин, тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө берилгенде жана Евразиялык экономикалык бирлигине биринчи же үчүнчү мүчө - мамлекеттен импорттолгон учурда аймагына товарлар импорттолгон товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан импортко КНС төлөө жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү Кыргыз Республикасынын аймагына мурда Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан импортко КНС төлөнбөй импорттолгон товарларды сатып алган учурда, импортко КНСти төлөө, Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жүргүзүлөт.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү мурда Кыргыз Республикасынын аймагына комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан импорттолгон, импортко КНС төлөнбөгөн Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү менен комиссиянын келишими (макулдашуусу), тапшырмасы же агенттик келишим боюнча товарларды сатып алса, анда импортко КНСти төлөө Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарды импорттоочу товардын ээси, комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент тарабынан жүргүзүлөт.
6. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде сатылып алынса жана ошону менен бирге товарлар Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан импорттолсо, импортко КНС Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнөт.
(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-17" title="282-17-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>