233-берене. Агент же кызматкер жүзөгө ашырган беримдер
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 37-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Агент тарабынан жүргүзүлгөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, эгер бул беренеде башкача каралбаса субъекттин өзү тарабынан жүргүзүлүүчү беримдер болуп эсептелет. Товарды субъекттен агентке өткөрүү, агенттик сый акы катары өткөрүлгөн товарлардан тышкары беримдер болуп эсептелбейт.
2. Кызматкер тарабынан анын кызматтык милдеттеринин чектеринде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жалдоочуга беримдер салык салынуучу беримдер болуп эсептелбейт.
3. Агент тарабынан товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн КНС төлөөчүлөр болуп зсептелбеген субъекттин - чет өлкөлүк уюмдун же жеке жактын - резидент эместин тапшырмасы боюнча беримдер, эгер беримдер ушул Кодекске ылайык салык салынуучу болуп эсептелсе агенттин беримдерине кошулат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
233-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-233" title="233-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>