282-19-берене. Евразиялык экономикалык бирлигинде КНСти эсептөө, салык отчетун берүү жана төлөө тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, Евразиялык экономикалык бирлигинде КНСти эсептөө жана төлөө тартиби ушул Кодекстин 40-главасына ылайык аныкталат.
2. Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттерге товарларды экспорттоодо же иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНС салыгын төлөөчү КНС боюнча салык отчеттуулугу менен бир убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди салык органына ушул Кодекстин 274-беренесинде каралган мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
3. Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн продуктылары болгон товарларды импорттоодо, эгерде ушул бөлүк менен башкача белгиленбесе, салык төлөөчү кыйыр салык боюнча салыктык каттоодо турган жердеги салык органына, салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен салык отчеттуулугун берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчү ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык отчеттуулугу менен бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди салык органына берет.
4. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун төлөөгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына дал келүүсү керек. Евразиялык экономикалык бирлигинде товарларды экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды төлөө жана товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын формасы, аны толтуруунун, берүүнүн, чакыртып алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Товарларды, анын ичинен иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн продукттары болуп эсептелген товарларды, каржылык ижара (лизинг) келишими (макулдашуусу) боюнча лизингдин предмети болуп эсептелген товарларды Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодогу кыйыр салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн салык мезгили болуп мында импорттолгон товарлар эсепке алынган календардык ай эсептелет.
6. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыгы боюнча салык отчеттуулугу жана товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарды берүү ушул Кодекстин 89-беренесинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча КНСти төлөө фактысынын салык органдары тарабынан тастыкталышы салык кызматынын органы тарабынан товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарга тиешелүү белгилерди коюу менен ишке ашырылат.
Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн жана толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда салык кызматынын органы импортко КНСти төлөө фактысын тастыктоодо жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-19" title="282-19-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>