13-берене. Оюн-зоок жайына коюлуучу чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
1. Оюн-зоок жайы бала бакчалардын, мектептердин, жогорку окуу жай-
ларынын жана башка окуу жайлардын имараттарында, медицина жана сыйынуу мекемелеринин, ошондой эле маданият мекемелеринин имараттарында жайгаш- тырылышы мүмкүн эмес.
2. Казино жеке менчик ресторанда же жеке менчик мейманкана комп-
лексинде жайгаштырылышы керек. Мында ресторанда - жүздөн кем эмес орун, ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес номер болууга тийиш.
3. Казино толук же жарым жартылай мамлекеттик же муниципалдык мен-
чик болуп эсептелген кыймылсыз мүлк объекттеринде, ошондой эле капита- лында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объекттеринде жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
4. Оюн автоматтар залы өзүнчө жайда (имаратта) жайгаштырылышы ке-
рек, андагы оюн-зоок зонасы эки жүздөн кем эмес чарчы метр аянтка шай- кеш келиши керек.
5. Оюн-зоок жайында иштин жүзөгө ашырылуучу түрүнө жараша фирмалык
аталышы көрсөтүлүү менен эстетикалык жактан жасалгаланган көрнөгү болу- шу керек.
6. Оюн-зоок жайынын өзүндө жана анын айланасындагы аймакта коомдук
тартиптин сакталышын камсыз кылыш үчүн өзүнүн жана (же) башка атайын коопсуздук кызматы болушу керек.
7. Казинодо жана оюн автоматтар залында мамлекеттик органдын тие-
шелүү лицензиясы бар акча алмаштыруу бюросу болушу зарыл.
8. Казино жана оюн автоматтар залы төмөнкүдөй атайын жабдуулар ме-
нен жабдылышы керек:
- өрт сигнализациясы;
- кайтаруу сигнализациясы;
- кооптуулук (кнопкасы) сигнализациясы;
- металл детектор (кире беришинде);
- видеобайкоо системасы.
9. Тотализаторлор үчүн өз ара мелдештерди өткөрүүнүн жыйынтыктары
боюнча утуш түрүндө катышуучуларга төлөп берилүүчү сумма кабыл алынган ставкалардын жалпы суммасынын элүү пайызынан кем болбошу керек.
10. Оюн автоматына технологиялык түрдө салынган утуштун пайызы же-
тимиш беш пайыздан төмөн болбошу керек.
11. Катышуучунун талабы боюнча оюн-зоок жайынын өкүлү ага оюн-зоок
жайынын кассасынан утушту - акчалай сумманы алууну бышыктаган документ берүүгө милдеттүү.
12. Оюн-зоок жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- кредитке ойноого (оюн автоматтарында "кредитке" ойноону кошпо-
гондо);
- карызга же күрөөгө коюп ойноого;
- лотереяларды жана жарнактык акцияларды ойнотууну көпчүлүк алдын-
да жүргүзүүгө.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) оюн-зоок ишинин чөйрөсүндө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде карал-
баган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
2) акчадан башка мүлк түрүндө төлөп берүүчү кумар оюндарын уюшту-
рууга.
14. Кумар оюндарынын жана (же) мелдештердин катышуучуларына утуш-
тарды төлөп берүүнү оюн-зоок ишинин субъекттери кумар оюндарын жана (же) мелдештерди өткөрүүнүн эрежелеринде каралган өлчөмдө жана мөөнөт- төрдө, бирок сөз болуп жаткан кумар оюндун жана (же) мелдештин жыйын- тыктары чыгарылган учурдан тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен жүргүзөт.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>