12-берене. Лицензия берүүдөн баш тартуу
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
1. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда
кабыл алынат:
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында иштин бул түрүн
жүзөгө ашыруу субъекттердин ушул категориясы үчүн тыюу салынган болсо;
- эгерде арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төгүлбөсө;
- эгерде лицензия берүү үчүн документтердин зарыл тизмеги көрсө-
түлбөсө;
- эгерде лицензиат иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербесе;
- эгерде лицензиатка карата анын иштин ушул түрү менен алектенүү-
сүнө тыюу салган соттун чечими бар болсо.
2. Лицензия берүүгө төмөнкүдөй жүйөөлөр боюнча тыюу салынат:
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээсине укук берүү максатка
ылайык келбесе;
- иштин ушул чөйрөсүндө жекебасарлык абал камсыз кылынса;
- арыз ээсинин жеке сапаттарына жана ишкер абройунан шек санатса,
анын ичинде мурдагы соттолгондугуна, ишкердикти жүзөгө ашырууга мурда тыюу салынган учурлар болсо, мурдагы лицензиялары чакыртылып алынса, эгерде ушул тыюу салуулар жана лицензияларды кайра алган учурлар мый- замдарда белгиленген тартипке ылайык өзүнүн ишин токтоткон (тындырыл- ган) деп эсептелсе.
3. Лицензия берүүдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>