1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалануучу негизги
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй аныктамалар колдонулат: оюн-зоок иштери - товарларды, жумуштарды же кызматтарды сатып өткөрүүгө жатпаган, оюн-зоок жайынын оюн-зоок жабдууларын эксплуатация- лоодон киреше алууга, ошондой эле кумар оюндарына жана утуш түрүндөгү мелдешке катышуудан киреше алууга байланышкан ишкердик иш; оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана күтүүгө, кумар оюн- дарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай: казино, тотализатор, ойнолуучу автоматтар залы, ойнолуучу автоматтар орнотулган жер, букмекердик кењсе; катышуучу - оюн-зоок жайы өткөрүүчү кумар оюндарына жана мелдешке түздөн-түз катышкан жеке адам; кумар оюну - тобокелге негизделген жана оюн-зоок жайы белгилеген эрежелер боюнча эки же бир нече катышуучулардын ортосунда түзүлгөн утуш жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар өздөрүнүн иш аракеттери менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар келип чыга турган жагдайларга жараша болот; мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө эки же бир нече катышуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот; казино - оюн-зоок жайы, анда оюн ойнолуучу үстөлдөрдү пайдалануу менен жарыяланган акчалай утушу менен кумар оюндары өткөрүлөт; оюн-зоок жабдуу шайманы - рулетка, карта үстөлдөрү, чакмак таш ою- ну үстөлдөрү, оюн автоматтары, анын ичинде тотолизатордун жана букме- кердик кењсенин жабдуулары; оюн ойнолуучу үстөл - оюн-зоок жайында атайын жабдылган, утуштун кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын өткөрүү үчүн арналган жер, ан- да оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жа- на (же) байкоочу катары катышат (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр, чакмак-таш оюну үчүн үстөл); ойнолуучу автомат - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү ка- тышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр, электрондук же башка техникалык жабдуу), анын ичине электрондук рулетка да кирет. Мында электрондук рулетканын жана оюн автаматтарынын ар бир олту- руучу оруну (ойнолуучу) бир ойнолуучу автомат катары кабыл алынат; ойнолуучу автоматтар залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен ку- мар оюндары өткөрүлүүчү оюн-зоок жайы; оюн-зоок зонасы - оюн-зоок жабдууларын орнотуу үчүн арналган оюн-зоок жайынын бир бөлүгү; тотализатор - анда бардык катышуучулардын ортосунда натыйжасы мур- датан аныкталбаган окуянын жыйынтыгына карата өз ара мелдеш түзүлгөн, катышуучулардан белгилүү бир жерде ставкаларды кабыл алуучу, аларга утушту төлөп берүүчү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жолжо- болорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн оюн-зоок жайы (анын ичинде "Бин- го-лото" жана "Русское лото"); букмекердик кењсе - оюн-зоок жайы, анда натыйжасы алдын ала анык- талбаган окуянын жыйынтыгына карата бардык катышуучулар менен оюн-зоок жайынын ортосунда мелдеш түзүлөт; касса - оюн-зоок жайындагы сайыштардын жалпы суммасы эсептелген жана төлөнүп берилүүчү ставкалардын суммасы аныкталуучу атайын жабдыл- ган жай; утуш - кумар оюнунда же мелдеште төлөнүп берилген жана алынган ка- ражаттар суммаларынын ортосундагы утушту катышуучулар тарабынан айырма катары өз алдынча аныктоочу акчалай түрүндөгү экономикалык пайда.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.06.2011 · № 315 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>