14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
1. Кыргыз Республикасынын борборундагы казинодогу оюн-зоок үстөл-
дөрүнүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык-аймак- тык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны бештен кем болбошу керек.
2. Казинодо орнотулган оюн-зоок жабдуулары лицензиаттын менчигинде
болууга тийиш.
3. Оюн автоматтар залында милдеттүү түрдө отуздан кем эмес оюн ав-
томаты орнотулушу керек.
4. Оюн автоматтар залында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын
менчигинде же ижарасында турса болот.
5. Оюн-зоок жайында оюн-зоок жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн
учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу жазуу жүзүндө тиешелүү салык органын жана лицензиарды кабардар кылууга, ошондой эле акыркысына лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Оюн-зоок жабдууларынын санынын өзгөрүлгөндүгү тууралу кабардын
өз убагында берилбегени лицензияны чакыртып алууга негиз болот.
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202415/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>