Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана „Манас“ эл аралык аэропортунда орнотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-декабры № 756 Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана "Манас" эл аралык аэропортунда орнотуу жөнүндө "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында коопсуздуктун тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу максатында жана "Стратегиялык объекттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому өздүк каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте сатып алсын жана орнотсун:
- "Манас" эл аралык аэропортунун аймагынын чегинде видео байкоо үчүн аппаратураны;
- аэропорттун аймагында видео байкоо жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат тактасын;
- аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик кызматтарынын телефондук сүйлөшүүлөрүн ушул кызматтардын персоналына милдеттүү түрдө кабарлоо жана алардын макулдугу менен жазуу үчүн атайын каражаттарды.
2. Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана орнотуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому Ишканада аба кемелеринин учуусун объективдүү контролдоонун үндүк, пландык маалыматтарын аудио жазууну уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө нускаманы, Аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик кызматтарынын телефон номерлеринин жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрүнүн байланыш каналдарынын тизмесин тиешелүү органдар менен макулдашып иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон