10-статья. Улуттук кењештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 июня 2011 года № 40.
мурда токтотуунун негиздери
1. Улуттук кењештин мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөндөгүдөй негиздер
боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) берген арызына ылайык өз каалоосу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо
үчүн чыгып кетишине байланыштуу;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна байланыштуу;
4) соттун күнөө коюучу өкүмү күчүнө киришине байланыштуу;
5) аны жоопкерчиликке чектелүү кудуреттүү же жоопкерчиликке куду-
реттүү эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киришине байланыш-
туу;
6) анын өлгөндүгүнө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими
күчүнө киришине байланыштуу;
7) аны дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө кири-
шине байланыштуу;
8) жүйөөлүү себептерсиз Улуттук кењештин жыйналыштарына катары ме-
нен үч жолу келбегендигине байланыштуу.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, Кыргыз
Республикасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү,
дагы башка мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелген Улуттук кењештин
мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктарынын
мөөнөтү аяктаганда же Кыргыз Республикасынын судьясы кызмат ордунан
мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү,
мамлекеттик кызматчы кызмат ордунан бошотулган учурларда мөөнөтүнөн
мурда токтотулат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б (Ташпаева Н.А. боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.03.2009 · № 84-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202189/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>