Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 13 июня 2011 года № 40 "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-13.
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 13-июнундагы № 40 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2008-жылдын 23-июну № 130
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги
иштери боюнча улуттук кењеши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
2008-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кење-
ши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити,
2007-жылдын 14-сентябры, № 66) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Улуттук кењештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын жерги-
ликтүү сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын
бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, аларды дайындоого жана ко-
торууга (ротациялоого), кызматынан четтетүүгө жана бошотууга сунуштоо
болуп эсептелет.".
2. 4-статьянын 1-пунктунда:
1-пунктча төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук
тандоо өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат ордуна та-
лапкерди сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат;";
2-пунктчада:
- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат орундарына талапкерди
дайындоо тууралу сунуштама;";
- бешинчи абзац алып салынсын;
пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын соттук
тартипте берилүүчү жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга
макулдук берет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндөЗакон · 20.08.2007 · № 155 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндөЗакон · 20.08.2007 · № 155 · Күчүн жоготкон