Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу тартиби
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
1. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
11. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө текшерүүнүн субъектисинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармагы кирсе, анда тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген, бирок бирдей тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү бир эле учурда жүргүзүлөт.
Тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген жана ар түрдүү тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүктү эске алуу менен бир эле учурда жүргүзүлөт. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө кирген текшерүүнүн субъектинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармактарына ар түрдүү тобокелдик даражасы ыйгарылса, мындай текшерүүлөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бир эле учурда жүргүзүлөт.
2. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын тескемесинин (буйругунун, жазма эскертүүнүн) негизинде жүзөгө ашырылат.
Тескемеде (буйрукта, жазма эскертүүдө) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) номери жана датасы;
- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдардын) аты-жөнү;
- текшерүү жүргүзүлүүчү текшерүүнүн субъектинин аталышы жана дареги же жекече ишкердин аты-жөнү;
- жүргүзүлгөн текшерүүнүн максаттары жана предмети;
- текшерүү жүргүзүүнүн укуктук негиздери;
- текшерүүнүн башталышынын жана аякталышынын датасы.
3. Текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү эки нускадагы тескемеге (буйрукка, жазма эскертүүгө) ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коет жана мөөр басылып күбөлөндүрүлөт. Текшерүү жүргүзүүгө тескемеде (буйрукта, жазма эскертүүдө) көрсөтүлгөн адамдарга гана жол берилет.
Контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо, тескеме (буйрук, жазма эскертүү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескеме (буйрук, жазма эскертүү) алардын аймактык жайгашуусун (базасын) эске алуу менен объекттердин тобуна карата макулдашылат.
4. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпоого тийиш, чакан текшерүүнүн субъекттери үчүн - 5 жумушчу күн. Атайын изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгон учурда пландык текшерүүнүн бул мөөнөтү текшерип жаткан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси (буйругу, жазма эскертүүсү) боюнча 10 күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн.
(Абзац КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2017 года № 175 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2011 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
07.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан кошулду: жүргүзүлөт.
11. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө текшерүүнүн субъектисинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармагы кирсе, анда тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген, бирок бирдей тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү бир эле учурда жүргүзүлөт.
Тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген жана ар түрдүү тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүктү эске алуу менен бир эле учурда жүргүзүлөт.
Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө кирген текшерүүнүн субъектинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармактарына ар түрдүү тобокелдик даражасы ыйгарылса, мындай текшерүүлөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бир эле учурда жүргүзүлөт.
2. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым … кызмат адамынын (адамдардын) аты-жөнү;
- текшерүү жүргүзүлүүчү алынып салынды: ишкердиктин кошулду: текшерүүнүн субъектинин аталышы жана дареги же жекече ишкердин аты-жөнү;
- … 41, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175, 2019-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 151 кошулду: 151, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-12" title="12-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>