Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоо тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 10-январы № 12 Кыргыз Республикасында коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоо тууралуу Республикадагы коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоо системасын түзүү максатында, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелирине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтарынын коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 1-январынан тартып стикерлерди даярдоону бекитилген сметалардын алкагында каржылоону жүзөгө ашырсын.
3. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- керектөөчүлөргө коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүчү ишкердиктин субъекттери тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Жобого ылайык жеткирилет;
- коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби эки этапта ишке киргизилет:
биринчи этап Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан коомдук тамактануу объекттерин камтыйт, 2018-жылдын 1-апрелинен башталат жана 12 айдын ичинде жүзөгө ашырылат; экинчи этап республиканын бардык аймагында жайгашкан коомдук тамактануу объекттерин камтыйт жана 2019-жылдын 1-апрелинен башталат.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
Шилтеме берет (2)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон