Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
1. Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөр текшерүүнүн субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоо үчүн жүргүзүлөт жана чарбакер субъектиге финансылык жана башка санкцияларды салуу максатын көздөбөйт.
Текшерүүлөр аралыктан же көчмө формасында жүргүзүлөт. Эгерде текшерүүнүн максатына жетүү үчүн текшерүүнүн субъектинин иш жүзүндө иштеген жерине баруунун зарылдыгы болбосо, аралыктан текшерүү жүргүзүлөт. Көчмө текшерүү текшерүүнүн субъекти жайгашкан жер боюнча жана (же) анын иш жүзүндө иштеген жери боюнча жүргүзүлөт. Текшерүүлөр анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
2. Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда текшерүүчү органдын кызмат адамы текшерүүнүн субъектине укук бузуулардын предметин жана маани-маңызын түшүндүрүүгө милдеттүү жана текшерүүнүн субъектине укук бузууларды четтетүүнү - 3 күнгө чейинки мөөнөттө.эгерде укук бузууларды четтетүү адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылууга таасирин тийгизсе жана башка учурларда - 30 күнгө чейинки мөөнөттө четтетүүнү милдеттендирген жазуу жүзүндөгү эскертүү берүүгө гана укуктуу.
Пландык текшерүүнүн жүрүшүндө тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттери жол берген, жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын), техногендик мүнөздөгү авариялардын келип чыгышына жана жайылышына түздөн-түз коркунуч алып келүүчү бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган таасир кылуу чаралары токтоосуз колдонулушу мүмкүн.
3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин ыйгарым укуктуу орган контролдук текшерүүнү жүргүзөт.
Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар жоюлбаган фактылар табылса, анда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерүүнүн субъектине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чараларын колдонот. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чараларын колдонгондон кийин ыйгарым укуктуу орган, эгерде бузуу адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизсе - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жана башка учурларда - 15 жумуш күнгө чейин контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жана 6-бөлүгүнүн ченемдери ушул Мыйзамдын 10-статьясында көрсөтүлгөн негиз боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөргө карата колдонулбайт.
5. Текшерүүнүн бир эле предмети боюнча текшерүүнүн субъектин ар кандай мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө жол берилбейт.
6. Пландуу текшерүүгө алынган мезгилдин ичинде ушул пландуу текшерүү өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин текшерүүнүн субъектинин ишин текшерүүгө тыюу салынат.
7. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында, өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети текшерүүнүн субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүүгө укуктуу.
(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2021-жылдын 23-мартындагы № 39, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы N 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтому
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрели № 276 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 "Ишкердик субъекттерине…Постановление · 23.04.2026 · № 276
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2018 · № 586 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 725 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү…Постановление · 30.12.2022 · № 725 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 "Ишкердик субъекттерине…Постановление · 08.05.2024 · № 218 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586-токтомуПостановление · 17.12.2018 · № 586
- КР Министрлер Кабинетинин 18.05.2024 ж. № 218 токтомуПостановление · 18.05.2024 · № 218
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2018 · № 586 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-11" title="11-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>