13-статья. Инспектордук текшерүүлөрдүн китеби
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөрүлгөн текшерүүнүн субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо инспектордук текшерүүлөрдүн китебинде жүзөгө ашырылат.
2. Инспектордук текшерүүлөрдүн китебинде ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары текшерүү жүргүзүүнүн башталышында төмөнкүдөй жазуу калтырууга милдеттүү:
- мамлекеттик органдын аталышы жөнүндө;
- текшерүү жүргүзүүнүн башталышынын жана аякталышынын датасы жөнүндө;
- текшерүүнүн негиздемелери жана предмети жөнүндө;
- текшерүүнү жүргүзгөн адамдардын кызмат орундары, аты-жөнү жөнүндө жана алардын койгон колдорун.
3. Текшерүүнүн субъекттеринин инспектордук текшерүүлөрүнүн китеби болбогон учурда текшерүүнүн протоколунда же актысында тийиштүү жазуулар жазылат.
4. Инспектордук текшерүүлөрдүн китебинин формасы жана андагы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
07.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-13" title="13-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>