Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 16-октябры № 175 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
14 сентября 2017 года
1-берене. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 17-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- текшерүүнүн натыйжасына Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;";
3) 19-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүүчү кызмат адамынын иш-аракеттерине жана ыйгарым укуктуу органдын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик иштин жол-жоболору жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ишкердиктин субъекти сотко кайрылууга укуктуу.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
Шилтеме берет (1)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.