6-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жетектөөнүн жана аны зарыл болгон каражаттар жана ресурстар менен камсыз кылуунун негизги субъектиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
2. (КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөндөгүлөр саналат:
прокуратура органдары; Акыйкатчы (Омбудсмен) ички иштер органдары; тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; мамлекеттик чегараны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; эмгек жана социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде.
4. Адамдарды сатуунун алдын алууга, табууга жана ага бөгөт коюуга өзүнүн компетенциясынын чегинде катышуучу субъекттер болуп тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу аткаруу бийлигинин дагы башка органдары да саналышат.
5. Ушул статьяда аталган аткаруу бийлигинин органдары өзгөрүп уюшулган же башкача аталган учурда адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү алардын иш-милдеттери алардын укук мурастоочуларына өтөт.
6. (КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 19-майындагы № 29, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2018-жылдын 11-январындагы N 2, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"
- Закон КР от 11 января 2018 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 мая 2011 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 240 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 25.04.2017 · № 240 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-6" title="6-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>