Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 11-январы № 2 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 30-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде адамдарды сатуунун курмандыктарына адамдарды кошуу эрежелери; адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми - бул адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө жана аларды коргоого багытталган мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин иш-аракеттеринин жыйындысы;";
2) 6-статьяда:
а) 3-пунктунда:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган";";
б) 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын;
3) 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.";
4) 8-статьяда:
1-пунктта "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын; 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адамдарды сатуунун алдын алууга, табууга жана болтурбоого катышат.";
6) IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо, кайра жиберүү жана реабилитациялоо, адамдарды сатуунун курмандыктары менен болгон мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар, ошондой эле адистештирилген мекемелер менен өз ара аракеттенүүлөрү адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында жүзөгө ашырылат.";
7) 25-статьянын 1-пункту "өтүнмөсү боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып беш айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
Шилтеме берет (1)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2031-VI "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.11.2017 · № 2031-VI